1931
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

Октябрдын арты менен салык жаатына “кыш” келдиби?

Октябрдын арты менен салык жаатына “кыш” келдиби?

Бир тарабы аракет кылып, оңолуу, өргө карай кадам таштоо менен алектенип жатса, бир тарабы эски “эпилепсиядан” чыга албай убара. Бул биздин өлкөдөгү Өкмөттүн бутактарындагы абал. Жалпылабай конкреттештирсек, салык кызматындагы тээ мурдагыбаш аламандыктар кайрадан жанданып жаткандай. Замир Осмонов жетектегенден бери салык тармагы дээрлик ирээтке келип, атамекендик өндүрүшчүлөрдү баса калып текшерүү фактылары бир топ кыскарган эле. Бирок, бул учур узакка созулбады. Бүгүн салыкчылар атамекендик өндүрүшчүлөргө карата “текшерүү” операциясын өркүндөтүп, эски адат кайрадан баш көтөрө баштаганы кандай? Маселен биздин өндүрүшчүлөрдүн төлөп жаткан салыгынын көлөмү жылдан жылга көбөйүпжаткан болсо, аны салык кызматы жүдөтүп, улам текшербеш керек да. Салык төгүүчүнү да бир аз сыйлаш керек эмеспи. бирок, бизде баары тескерисинче болуп жатканы кызык.мындай башаламандыкты Салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимовдун көзөмөлдөгөнгө шайы келбей жатканы таңкалычтуу. Же бул Октябрь мырзанын “өздүк” ыкмасыбы?

Булак: Де-Факто
баннер C
баннер C

Поделиться

Написать комментарий