3948
за день
1267806
за месяц

Мелис МЫРЗАКМАТОВ, Ош шаарынын мурдагы башчысы: “Июнь коогалаңынын алдында Роза Отунбаевага бир нече ирет кат жазгам, бирок, ага жооп болбоду…”

Мелис МЫРЗАКМАТОВ, Ош шаарынын мурдагы башчысы: “Июнь коогалаңынын алдында Роза Отунбаевага бир нече ирет кат жазгам, бирок, ага жооп болбоду…”

Жалпы кыргызстандыктардын эсинен кетпей турган, миңдеген мекендештерибиздин жүрөк түпкүрүндө өмүрүнүн аягына чейин так болуп, сакталып кала турган июнь коогалаңынын болуп өткөнүнө быйыл туура жети жыл болду. Тынч жаткан эки элдин ортосуна от жаккан сепаратисттер ким экендиги ачык билинди. Бирок, ошол эле убакта курчуп бараткан кырдаалды алдын-алууга эч кандай чара көрбөгөн, кырдаалдын курчуп баратканы тууралуу маалыматтар камтылган каттар келип атса да ага көңүл бөлбөгөн ошол убактагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын да бул жерде опол тоодой жоопкерчилиги бар окшойт.

Жакында эле жергиликтүү интернет сайттардын бирине Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун кеңири маеги жарыяланды. Ошол маекте ал 2010-жылдагы июнь коогалаңынын алдындагы кырдаалдан тарта, коогалаң аяктаганга чейинки кырдаалды баяндап берген экен. Көрсө, ошол коогалаңдын алдында Ош шаарында кырдаалдын курчуп баратканы тууралуу М. Мырзакматов Убактылуу өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаеванын дарегине кат жолдоптур. Ал журналисттин: “Окуя боло электен мурда, сепаратисттердин күч алышы тууралуу президентке алдын алуу боюнча кайрылуу жасаганга аракет кылып көрдүңүз беле?” деген суроосуна: “Кайрылгам. Эч кандай жооп болгон эмес.  Кийин Роза Исаковна өзүнүн маектеринин биринде: «10-июнда баары чагылгандай тез башталды» дебедиби. Жалган. «Революционерлерге» таянган сепаратисттердин экстремисттик чакырыктарына шыктанган өзбек жамаатынын өкүлдөрү кудайдын куттуу күнү кыргыз жаштарын да, өзбек жаштарын да провокацияга түртүп, анын айынан ар кандай мушташтар болгондугу ички иштер башкармалыгында да, мэрияда да катталуу. Эсиңиздерде болсо керек Жогорку Кеңештин Vчакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев баштаган бир топ эл өкүлү сиз эмне үчүн Оштун мэринин 2010-жылдын 14-майында оор кырдаалды алдын-алуу боюнча Сизге жолдогон атайын катына чара көргөн эмессиз деп Р.Отунбаевага кайрылышкан. Ошондо ошол маалдагы өлкө башчысы эмне деди эле? «Эмне болгон кат деп биз кийин издештирдик, таппай жатып араң таптык, чындап эле Убактылуу Өкмөттүн башчысы катары мага жолдонуптур. Эки бет кат экен, ошо кезде курчуп бараткан улуттар аралык мамилеге чара көрүү чакырыгы айтылыптыр. Арадай кепти чарадай кылып, алакандай катыма жооп болбоду, – деп ал  Эл аралык комиссияга да айткан тура. Ошо кезде М.Мырзакматовдун өзү бирде оңду карап, бирде солду карап, күч кайда экенин билгенден кийин гана кыймылдап иштей баштадык» деген. Мен Р. Отунбаеванын бул пикирине макул эмесмин, ага карата аргументтерим бар. Биринчиден, кат алакандай болобу, же жалаяктай болобу, эң башкысы ага оролгон ой маанилүү. Катта апрель-май айларында Ошто курчуп бараткан улуттар аралык мамилени жөнгө салуу, Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө таянып алып ашкере активдүүлүк көрсөткөн өзбек жамаатынын лидерлерине чара көрүү сунушу айтылган. Экинчиден, көрсө менин ал катымды Бишкекте эч ким деле кунт коюп окубаптыр. Бул Убактылуу Өкмөттүн аппаратынын алешемдигинен кабар берет» деген жообун узаткан.

Мына ушундан эле Р. Отунбаеванын ошол убактагы өлкөбүздүн түштүк аймагындагы кырдаалды жөнгө салууга таптакыр кызыкдар болбогонун баамдайбыз. Отунбаева Мырзакматовдун жазган катын «алакандай катыма жооп болбоду деп, арадай кепти чарадай кылып» дегенине кандай түшүнсөк болот? Же ал каттын көлөмүнө карап гана окучу беле? Бул жерде кеп каттын көлөмүндө эмес, кеп анын мазмунунда болуп жатпайбы? Ошол убакта мамлекеттик бийликтин башында турган адам да ушинтип сүйлөйбү?

Мырзакматовдун билдиришинче, ошол убактагы убактылуу бийлик анын айткандарына эмес, тескерисинче өзбек жамаатынын лидерлерин байма-бай кабыл алып, алардын айткандарына ынанып турган экен. Натыйжада кандуу коогалаң болуп кеткен.

Коогалаң болуп өткөн соң айрым чет өлкөлүк маалымат булактары «Тынч жаткан Ош шаарына тоодон түшкөн кыргыздар капылет колс алып, чатак ошондон тутанган» дегендей маанайда жазып чыгышкан. Бул сөздүн кайдан келип чыкканын Мырзакматов өз маегинде мындай баяндайт: ««Чатакты тоодон түшкөндөр баштаганы» тууралуу сөздүн жайылышына дале болсо кырдаалды жеткелең түшүнбөгөн өлкө жетекчилиги күнөөлүү. Мисалы, Өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаева 2010-жылдын 30-июнунда Испаниянын «Эль Паис» гезитине берген маегинде: «Эрте менен тоодон жинденген жаштар түшө баштады. Алар өкмөт мүчөлөрүн өзбектерди коргоп жатасыңар деп тик учагын ташбараңга алышты. Ошто адамдар аскер техникасын басып алып, тынч элге ок ата башташты», – деп айтып жатса, көктөн издегени жерден табылган чагымчылдарга дагы эмне керек?».

Чын эле, демек айрым чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын чагымчылдык аракеттерине Р. Отунбаева өзү жем таштап койгон болуп атабы? А чындыгында коогалаң тоодон түшкөн жаштардын айынан эмес, сепаратисттердин айынан жасалганы такталбадыбы?

Бул маектен Роза Отунбаеванын дагы бир кызык окуясын окуй алдык. Мисалы, ал Ош шаарынын ошол кездеги мэри М. Мырзакматовду кызматтан алууга акыбалы жетпей калган соң, «Сиздин кызматтан кетишиңизди Өзбекстандын президенти Ислам Каримов талап кылып атат» деп айтыптыр. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн маектен мисал келтирели: «К.Дүйшөбаевден чыксам Отунбаева чакырып жатат дешти. Ага кирдим. Аппаратынын башчысы Эмилбек Каптагаев үчөөбүз сүйлөштүк. Кеп баягы эле мени кызматтан алуу жөнүндө баратты. Мага бир нече элчиликти, Жаратылыш байлыктары министрлигин, Токой чарба агенттигин жана Мамлекеттик материалдык резервдер дирекциясын жетектеп берүү сунушу түштү. «Каалаганыңды тандап ал» – дешти. Көр дүйнөгө кызыккан башка бирөө болгондо, асмандан издегени жерден табылгансып, дароо макул болмок. Ордолуу Оштогу касиеттүү калкыма берген убадамды эстедим. Жигит деп мага үмүт артып отурса, мансап издеп оор күндөрдө аларды таштап кеткеним оң болбос. Алардын ишенимин актабасам жигиттик намысым өлбөйбү. Кызматсыз болсом да калкым менен чогуу болоюн деген чечимге келдим өзүмчө. «Роза Исаковна, сөөк ыргытса баса калган, жугунду куйса ошого ыраазы болгон көрпенде эмесмин. Кааласаңыз кызматтан азыр алыңыз. Сизге капа болбойм. Сунуштаган кызматыңызга да барбайм, кызматсыз болсом да карапайым калкымдын ысыгына бирге күйүп, суугуна бирге тоңуп жүргөнүм жакшы» – дедим. Акыры айласы кеткенде Роза Отунбаева: «Сиздин кетишиңизди Өзбекстандын президенти Ислам Каримов талап кылып жатат», деди. Мен: «Макул, элимдин тынчтыгы үчүн, коңшу мамлекет менен туугандык алаканы сактоо үчүн кетсе кетейин. Бирок, кызматтан кетем деп өзүм арыз жазбайм, мындай кадам кандуу калабадан көп улуттуу шаарлыктарды сатканга тете», -дедим. Р.Отунбаева кандай болбосун мени кызматтан кетирерин билдирди. Ортодо сөз андан ары уланган жок. Мен коштошуп, Ошко учуп кете бердим…».

Демек, ошондо кимди кызматтан алыш керек экенин кыргыз бийлиги өзү эмес, коңшулаш Өзбекстандын бийлиги чечип калган болобу? Же Р. Отунбаева И. Каримовдун орун басары беле?

Айтор, Роза Исаковна кыска убакытка мамлекетти башкара коем деп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнө чоң коркунуч жаратканын тарых эч качан унутпай тургандай болуп калды. Өз элинин башына оор күн түшүп атканда, аны алдын алуунун чараларын көрбөгөн жетекчи жа патриот жетекчи болмок беле?


Поделиться

Написать комментарий