2382
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

Кенекеев өзүнөн башкаларды “кеңкелес” ойлойбу?

Кенекеев өзүнөн башкаларды “кеңкелес” ойлойбу?

Айрымдардын акылы ушунчалык ашынып кеткенин көрүп туруп, жакаңды карманып атып, муунуп каласың. Алардын логикасына таянсак адамзатты акыр кыяматтан ошолор гана сактап кал тургандай. Эсеби маселен, Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев өзүнүн интернеттеги баракчасына: “Суусамыр-Талас-Тараз авто жолунун 52-килеометриндеги көйгөйдүн чечилбегендигине 10 жылдан ашык убакыт болгон. “Тай Жорго” деп аталган кичи ашуудагы 325 метр аралыгы сугат суу коммуникациясынын кесепетинен асфальтталбай, айдоочуларга далай ыңгайсыздыкты жайы-кышы түзүп келген эле…” – деген билдирүүсүн жазып чыкты. Кенекеевдин кайнатмасында эчен жылдан бери бүтпөгөн көйгөйдү өзү гана бир заматта чечип коюптур, башкалардын буга алы жетпептир. Ырасында ал айткан көйгөй чечилди. Бирок, Кенекеевдин өз каражатына эмес, мамлекеттик каражатка бүткөнүн коомчулук билет да. Тим эле өз каражатына бүткөргөндөй шадыраңдаган Даир мырзага таң калбаганда не дейли. Өзү айткандай ошол опол тоодой ишти бүтүрүүдө башында турган Президентти, Өкмөттү бир ооз айтып койгусу жок. Бүгнүкү күндүн “жылаңач баатыры” Кенекеев жок болсо жашоо токтоп калбайбы деги?

Булак: Де-Факто

Поделиться

Написать комментарий