3784
за день
1267658
за месяц

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, юридика илимдеринин доктору, профессор: “Соттолгону алынбаган адам президенттик шайлоого катыша албайт”

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, юридика илимдеринин доктору, профессор: “Соттолгону алынбаган адам президенттик шайлоого катыша албайт”

– Буга чейин Жогорку сот экс-спикер Акматбек Келдибековдун соттолгону ушул жылдын 8-ноябрында жоюлу турганын, ал президенттик шайлоого катыша албай турганын билдирген. Келдибеков болсо президенттик шайлоого катышуу үчүн бир эле мыйзамга таянган болбойт турганын белгилеп, Конституцияны шылтоолоп жатат. Конституцияда бул саясатчынын тагдыры кандай каралат?

– Конституцияда жалпы нормалар гана жазылат. Ал эми Кылмыш жаза кодекси боюнча соттолгону алынбаган адам президенттик шайлоого катыша албайт. Келдибековдун иши менен толук тааныштыгым жок.

– Ал соттун чечимин 2016-жылдын 8-ноябрында аткарып бүткөн экен?

– Анда айып пул төлөп кутулган жаран катары соттолгону толук бир жылдан кийин алынат. Бул мыйзамда так көрсөтүлгөн.

– Келдибеков болсо маалымат каражаттарына маек берип, мыйзам жолу менен күрөшүп, президенттик шайлоого катышам деп жатат. Акматбек мырза кайсы мыйзамды айтып жатышы мүмкүн?

– Ал ошол эле 2016-жылдын ноябрь айында “менин соттолгонумду салып салгыла” деп сотко кайрылса болмок. Азыр деле кеч эмес. Президенттик шайлоого катышууга 2,5 ай бар. Менин кеңешим, Келдибеков сотко кайрылышы керек. Эгер сот анын макамын алса шайлоого катыша алат.

Булак: focus.kg

Поделиться

Написать комментарий