2367
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер С

Ченеп жебейсиңерби?

Ченеп жебейсиңерби?

Транспорт жана коммуникация министрлиги Кара-Балта – Бишкек жолунун 52,2 км. чакырымын оңдоо үчүн 120 миллион 800 миң доллар жумшалаарын билдирди. Жол куруу иштерине байланыштуу үч миңден ашык дарак кыйылып, 4300 көчөт отургузулат. Ошондой эле жол жээгиндеги 200дөн ашык кафе, үй, дүкөн сүрдүрүлөт. Алардын ээлерине компенсация төлөөгө 2 миллион доллар сарпталат. Ошондо бул жол эң кымбат турган жол болот. Бир километр жолго 2 миллион доллардан ашык каражат жумшалат. Бул оңбогондой чоң каражат. Адистер бир километр жол кыйын болсо 500-700 миң доллар болмоктугун айтып келишет. Демек алкы бузуктар такыр эле кулкундарын тыя албай калышкан. Министр Жамшитбек Калилов күптүү болбогон неме көрүнөт. Мамлекет жол салууга ири көлөмдө карыз алып жатса, анын теңинен көбү “кузгундардын” кулкунуна кирип кетип жатса жакшы эмес го. Тиешелүү органдар жол тармагындагы коррупцияны аныктап, кустурчуларын кустуруп камабаса, эл ырыскысына кол салгандардын ыйбаа кыла турган түрлөрү жок.

Булак: Фабула
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий