3788
за день
1267662
за месяц

Бакиевдердин таянычы Мелис Мырзакматов гана болуп калдыбы?

Бакиевдердин таянычы Мелис Мырзакматов гана болуп калдыбы?

«Мен Оштун кожоюнумун» деп оозунан жаңылган экс-мэр Мелис Мырзакматовдун да сыртта тентип жүргөнүнө бир нече жыл болуп кетти. Адегенде жаш токолунун койнунда «махабат көлүнө» магдырап жатып, Мекенге болгон кусалыгы анча байкалган эмес. Анан «төшөк» кызуусу таркагандан бери «Мекениме кайтып барсам» дегенде эки көзү төрт болуп туру дешет. Бирок, ал мындай кусалыгын жазып, мекенине кайтып келүүсү үчүн ага карата 2014-жылы «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген берене аркылуу козголгон кылмыш иши жолтоолук кылып туру.
Ал эгерде көзү чылк жуумп алып, «Мени эл тосуп алышы керек» деп С. Жапаровчосунан уруп-салып Кыргызстанга келе турган болсо, чек арадан өтөөрү менен камакка алына турганын эң сонун түшүнүп турат. Андыктан ал С. Жапаровдун тагдырын кайталагысы келбейт. Анан Кыргызстанга кайтып келүүнүн башка «тактикасын» түзүп атканы белгилүү болду. Башкача айтканда ал өлкөбүзгө жашыруун жол менен келүүнү пландап атыптыр. Бул үчүн ал акыркы убактарда өзбек бийлигинин кыргыз оппозициясына кайрымдуу болуп атканынан пайдаланып, Өзбекстандын аймагы аркылуу коридор алууну максат кылып жатыптыр.

Агенттиктердин бири ишенимдүү булактардан алынган маалыматына таянып жазышынча, жакынкы убактарда Оштун мурдагы «ханы» Мырзакматов Ташкентке өзүнүн ишенимдүү «дөбөттөрүн» чалгынга жиберет. Алардын ичинде өзүнүн «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү Уран Ботобеков да бар. Ал бүгүнкү күнгө чейин эле өзүнүн кожоюнунун Фергана өрөөнүнүн аймагында жашыруун жүрүшү үчүн өзбек тараптын уруксатын алуу максатында келген.

Эми ушул жерден суроо туулат: М. Мырзакматовдун Кыргызстанга азыркыдай кырдаалда кайтып келүүнү максат кылганын кандай түшүнсөк болот? Ө. Текебаев, С. Жапаров, Б. Асанов, К. Кадыров, Э. Карыбеков өңдүү бир катар саясатчылар өздөрүн «саясый туткун» болуп атабыз деп сайрап турганында Мырзакматовго кайдан «көк жалдык» касиет пайда болуп, түз эле «өрткө» түшкөнү келатат? Тээ 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда «Өзбекстандан аскерлер келатыптыр» деген каңшаарды угуп, кара башын, үй-бүлөсүн ала качкан Мелис Мырзакматов өзүнүн «көк жалдыгы» менен минтип Кыргызстанга кайтып келүүгө батына албайт эле. Демек, мунун артында бир сыр бар. Тактап айтсак, канкор Бакиевдер.

Мындан бир нече ай мурун Ө.Текебаев Кипрге барып, К. Бакиев менен жолугуп келгенин Түркиянын басылмалары жазып чыккан. Ошол жолугушууну С. Жапаров уюштурганы да айтылган. С. Жапаров менен М. Мырзакматов экөө жаңы революцияны уюштурууну пландап жүргөндөрүнө көп болду. Бул боюнча алар Түркиянын жана Кипрдин аймагында бир нече жолу жолугушууларды да уюштурушкан. Ошолордун биринде Текебаев да жолугуп атпайбы.

Демек, мына ушундан эле канкор Бакиевдер Кыргызстанга акталып кайтып келүү үчүн Текебаев, Мырзакматов жана Жапаров «үчилтигин» бир күч катары пайдаланууну чечишкен. Бирок, Текебаев менен Жапаров учурда камакта жаткандыгына байланыштуу эми М. Мырзакматовду даярдашып, Кыргызстанга жөнөткөнү турушат десек жаңылышпайбыз. Ал Бакиевдердин көрсөтмөсү жана финансылык колдоосу менен кайтып келип, эл ичине бүлүк салып, Жапаров менен Текебаевге жан тарткан түр көрсөтүү менен элди көчөгө алып чыгам деген ойдо болууда. Бирок, элибиз элинин башына оор күн түшкөндө үй-бүлөсүн алып качкан Мырзакматовго канчалык деңгээлде ишенет, кеп ошондо.

Булак: Курч.kg

Поделиться

Написать комментарий