2381
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер С

Алиярбек Абжалиев, ЖК депутаты: “Бабакулов эле эмес башка адамдар да ушундай аракет жасаса мыйзам алдында жооп берсин”

Алиярбек Абжалиев, ЖК депутаты: “Бабакулов эле эмес башка адамдар да ушундай аракет жасаса мыйзам алдында жооп берсин”

– Улут аралык кастыкты козуткан деп айыпталган журналист Улукбек Бабакуловго кылмыш иши козголоору менен сыртка качып кеткени маалым болду. Ал чет өлкөдө да тынч жатпай актанууда. Эгер анын күнөөсү жок болсо эмне үчүн качып кетти деп ойлойсуз?

– Эми жеке мен анын жазгандарын окуганым жок. Бирок, Ош окуясынын башында жүргөн адам катары айтсам, мындай нерсенин экинчи жолу кайталанышына жол бербешибиз керек. Улут аралык чатак эч качан жакшылык менен  бүтпөйт. Андыктан атайын кызматтын өкүлдөрү ар кандай чыр-чатактардын алдын алышы керек. Эгер Бабакулов чындап улут аралык чатакты козуткан болсо жазалаш керек. Бабакулов эле эмес башка адамдар да ушундай аракет жасаса мыйзам алдында жооп берсин.

– Айрым укук коргоочулар Бабакуловго карата козголгон кылмыш ишин журналисттерди коркутуу, оозун жабуу аракети катары баалап жатат. Чын эле бийлик бул аракет менен опуза кылып журналисттердин үшүн алып коелу деп жатабы?

– Негизи эч бир адам кайсы бир улутту кемсинтип, аларды шылдыңдаганга акысы жок. Кыргызстанда кылымдар бою көп улуттун өкүлдөрү жашап келет. Азыр болсо баары эркин. Ким каалагандай сүйлөйт. Бирок, мамлекеттик деңгээлдеги, маалымат каражаттарындагы айтылган кептердин жоопкерчилиги болушу керек. Бирок, сөз эркиндигине кысым болуп кетти дегенге кошула албаймын.

Булак: Багыт.kg
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий