3936
за день
1267796
за месяц

Акыш ава шайлоого катыша албайбы?

Акыш ава шайлоого катыша албайбы?

Ахматбек Келдибеков ээрге эртелеп минип, Адаханды теңине албай, президенттикке өзү аттанаарын билдирип чыккан эле. Тилекке каршы анын соттолгондугу тууралуу статусу ноябрь айында алынат экен. Бирок Акыш ава ага карабай эле президенттик шайлоого катыша берерин билдириптир. Анын үстүнө түштүктө анын колдоочулары да көкүтүп жатышат. Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Келдибеков болуп биригип, ынтымак түзүштү эле. Үчөөнүн үч башка амбициясы асманды тиреп, акыры Мадумаров өзүнчө чыгып жүргөн. Бийликке келиш үчүн анча-мынча амбицияларды жыйыштырып, президенттик жарышка Мадумаровду сүрөшсө болмок. Ошондо ийгиликке жетишерине үмүт бар болчу. Келдибековдун көчүгүндө калбыры болгондон кийин , беш жерден кысып туруп Мадумаровго колдоо көрсөтсө болмок. Ал эми Ташиевдики го белгилүү. Анын рейтинги өтө эле төмөн түшүп кеткен.

Булак: Ачык саясат

Поделиться

Написать комментарий