3918
за день
1267778
за месяц

Аида Салянованын “ОБОНчулары” канча акчага “обон” созушат?

Аида Салянованын “ОБОНчулары” канча акчага “обон” созушат?

16-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот процесси баштала элек жатып, тыныгуу алды. Буга Аида айым жана анын адвокаттарынын “сотко ишеним көрсөтпөө” боюнча жазган арыздары себеп болду. Алар “биздин ишти башка сот карасын” деген талапты коюшууда.

Натыйжада сот тыныгуу жарыялап, жактоочу тараптын арызын кароо үчүн кеткенде, сот залында чыныгы “концерт” башталды. Тыныгуу маалында сот залында отурган бир топ аялдар жана эркектер Аида Жеңишбековнаны айга-күнгө теңеп мактап, ал эми бийликти шыбап кыйкырып отурушту. Ошол эле убакта прокурорлорго жаалданышып, “Силер саясый буйрукту аткарып атасыңар” деп дагы бир топ сөздөрдү кошуп, жеткен маданиятсыздыктын үлгүсүн көрсөтүштү.

Баарынан кызыгы, мына ушул көрүнүштүн баардыгына Салянова өзү жөн гана көз салып, унчукпай отурду. Ал сот залында оюна келгенин сүйлөп отурган аялдарга, эркектерге “тынчтаныңыздар, баардыгы мыйзам чегинде гана жасалышы керек” деп бир ооз айтып коюуга жарабады. Мына ушундан эле залда “обон” созуп аткандарды Салянова акчага жалдап келгени түшүнүктүү болууда. Ошондо бир убакта “мыйзам гана иштеши керек” деп жүргөн Салянова эми ОБОНчулардын кызматына муктаж болуп калган болобу? Мыйзамдуу жол менен күрөшсө, күнөөсү далилденип калганы атпайбы.

Экинчи жагынан алганда Аида айым мына ушундай аракеттери менен сот процессин атайылап создуктурууда. Эптеп ишти созуп, убакыттан утуп турсак, анан бара-бара дагы башка ыкмаларды таба баштайбыз да деген ишенимде жүргөндөй. 


Поделиться

Написать комментарий