2321
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер С

Day: Friday June 16th, 2017

КСДП татыктуу талапкерин тандаган, эми элибиздин татыктуу тандоосу калды

Президентти тандоо-ошол мамлекеттин келечегин тандоо менен барабар. Андыктан октябрь айында өтө турган президенттик шайлоо – ушул жылдын эң негизги темасы болуп туру. Албетте, ажолукка ат салышууну көздөгөндөр көп. Алардын ар биринин өз деңгээли, өз тажрыйбасы жана коомдо өз орду бар. Бирок, өлкөбүздөгү бараандуу партия болуп саналган КСДПнын талапкери коомчулук үчүн өтө маанилүү болуп саналарын айта…

Жер маселесин чечип беришсе депутаттар чоң соопко калышат эле

Жеке турак-жайлар үчүн жерлерди трансформациялоо маселесин эртелетип чечүү керек. Бул тууралуу, кечээ 15-июнда, ЖКнын жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айтып чыкты. Бирок, өкмөттүн бул боюнча тиешелүү экспертизасы жоктугунан улам маселени кароого болбой тургандыгы айтылды. Мындай жоопту уккан Өмүркулов: “Бул маселенин каралышы эмнеге кечиктирилүүдө? Канча жолу маселени карап, комиссиялар түзүлүшү керек? Комиссиялар биринин артынан экинчиси…

Жумакадыр Акенеев, экономика илимдеринин доктору, профессор: «Президенттин демилгесин колдойм, ШКУнун банкы Кыргызстанда  ачылышы керек»

Өткөн жумада Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги саммити болуп өттү. Президент Алмазбек Атамбаев жыйында кайрадан уюмдун банкын ачуу, коопсуздукту бекемдөө сыяктуу бир катар сунуштарды киргизди. Мына ушул теманын алкагында экномика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев «Марал» радиосуна чакан маек курган экен, биз анын кагаз бетине түшүрүлгөн вариантын сунуш кылабыз. -Президент…

“Ата Мекен” фракциясынын лидерлигине Сайдулла Нышанов тапталууда

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Өмүрбек Текебаевдин резонанстуу сотунун бүтүшү тездеп, аны түрмөгө кесүү менен саясаттан четтетүү аракеттери көрүлсө, ошого катар Аида Салынова менен Алмамбет Шыкмаматов да соттолуп, мандаттарынан ажыроосу күтүлүп атыптыр. Келечекте “Ата Мекен” фракциясына Сайдулла Нышанов лидер болуп шайланып, анна бийликчил күчкө айланышары, керек бюолсо коалицияга кирүүгө да жол ачылышы ыраспы? Ошондо “коррупциянын уюгу”…

ЖК депутаты, Бакыт ЖЕТИГЕНОВ: “Башка кандидат чыгат экен деген – ушак”

Мындан бир ай мурун КСДПнын саясый кеңеши президенттик шайлоого учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтөрүн расмий жарыялаган. Ошондон тарта айрым маалымат булактары аталган партия жөнүндө эмнелерди гана жазышпады. Алсак, бири тандоодон кийин КСДПнын мүчөлөрү эки жаатка бөлүнүп кетиптир десе, дагы бири партия эки талапкер алып чыгат экен дешип жөө жомокторду токуп жатышты. Бирок мунун…

Октябрдын арты менен салык жаатына “кыш” келдиби?

Бир тарабы аракет кылып, оңолуу, өргө карай кадам таштоо менен алектенип жатса, бир тарабы эски “эпилепсиядан” чыга албай убара. Бул биздин өлкөдөгү Өкмөттүн бутактарындагы абал. Жалпылабай конкреттештирсек, салык кызматындагы тээ мурдагыбаш аламандыктар кайрадан жанданып жаткандай. Замир Осмонов жетектегенден бери салык тармагы дээрлик ирээтке келип, атамекендик өндүрүшчүлөрдү баса калып текшерүү фактылары бир топ кыскарган эле. Бирок,…

Мелис МЫРЗАКМАТОВ, Ош шаарынын мурдагы башчысы: “Июнь коогалаңынын алдында Роза Отунбаевага бир нече ирет кат жазгам, бирок, ага жооп болбоду…”

Жалпы кыргызстандыктардын эсинен кетпей турган, миңдеген мекендештерибиздин жүрөк түпкүрүндө өмүрүнүн аягына чейин так болуп, сакталып кала турган июнь коогалаңынын болуп өткөнүнө быйыл туура жети жыл болду. Тынч жаткан эки элдин ортосуна от жаккан сепаратисттер ким экендиги ачык билинди. Бирок, ошол эле убакта курчуп бараткан кырдаалды алдын-алууга эч кандай чара көрбөгөн, кырдаалдын курчуп баратканы тууралуу маалыматтар…

Акылдан айныткан “акылдуу эсептегич”

Акыркы жылдары коомчулукта “Акылдуу эсептегич” боюнча нааразычылыктар аябай көбөйдү. Айбек КАлиев башында турган “Энергохолдингдин” жетекчилери бул жагдайды жөн гана техникалык түшүнбөстүк катары карашып, элдин үнүнө кулак төшөгүлөрү келген жок. Тиешелүү укук коргоо органдары, жогорку бийлик жетекчилиги бул коррупция жыттанган схеманын түп-тамырын аңдап, талдоо жүргүзүп чара көрөлү дегенге жарашпады. Натыйжада “Улуттук энергетикалык холдингдин” жетекчилиги “Акылдуу эсептегичтерди”…

Сарыбашев жоголду. Көрдүңөрбү?

Таалай Сарыбашев деген неме бар, эт менен челдин ортосунда жүргөн аткаминер. Аны ушу кезге чейин кыргыз элинин көбү ордолуу Ош шаарынын губернатору экенин билбейт. Болбосо, анын губернатор болгонуна кыйла болуп калды. Эмне кылып, эмне иш бүтүрүп жатканы белгисиз. Кыскасы, губернатор болгонуна курсант болуп жүрөт окшобойбу, өзүн башкача сезип, жер менен баспай, асман менен басып калса…

Аида Салянованын “ОБОНчулары” канча акчага “обон” созушат?

16-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот процесси баштала элек жатып, тыныгуу алды. Буга Аида айым жана анын адвокаттарынын “сотко ишеним көрсөтпөө” боюнча жазган арыздары себеп болду. Алар “биздин ишти башка сот карасын” деген талапты коюшууда. Натыйжада сот тыныгуу жарыялап, жактоочу тараптын арызын…