2180
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер С

Текебаев, Жапаров үмүттү актабай, канкор Бакиевдер эми Мелисти алдыга салып ишке өзүлөрү киришеби?

Текебаев, Жапаров үмүттү актабай, канкор Бакиевдер эми Мелисти алдыга салып ишке өзүлөрү киришеби?

Быйылкы президенттик шайлоо өтө курч мүнөздө өтөрү азыртадан эле байкалууда. Жыл жаңырганы талапкерлигин көрсөтө турганын бир тобу жар салып, учурда катуу даярдык көрүшүүдө. Алардын алды ары жагы Орусия, бери жагы коңшу мамлекеттерге чейин каттап, жалдырап көрүнгөн эшикти каккылап колдоочу издеп жүрүшөт. Ал эми Кыргызстандын сыртында жүргөн үчүнчү күчтөр да бул сапар шайлоого өз адамдарын катыштырууга жандалбастары анык. Алардын кимдер экени кыргыз коомчулугуна бештен белгилүү эмеспи. Өз жеринен куулуп, шайлоого катышуу укугунан ажырап чет жакта качып жүргөн ошол канкор Бакиевдер буга чейинки Парламенттик шайлоолордо акчанын күчүнө салып “өнүктүрөбүз” деп жатып өз “долбоорун” анча-мынча болсо да жүзөгө ашырууга жетишти. Ортодон тыным алган немелер эми президенттик шайлоонун камын көрүп, түрдүү жолдорду издеп жатканы тууралуу маалымат булактарында кеңири чагылдырылган. Алардын пландарын чет элдик басылмалар да ачыктаган жайы бар. Алсак, бир нече ай мурун түркиялык басылмалар депутат Өмүрбек Текебаев менен Курманбек Бакиевдин Кипрде жолугушканын, күзүндө өтүүчү президенттик шайлоонун алдында өлкөдөгү абалды курчутуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн жазган. Ошондой эле алардын жолугушуусун учурда камакта жаткан Садыр Жапаров уюштурганы айтылган эле. Мындай караганда үч саясатчынын кайнаса каны кошулбайт дейсиң., бирок, ошол маалыматтар тарагандан кийинки алардын иш-аракеттеринен үчөөнүн жакындыгын байкоого болот.

Дегеним, былтыр мародерчулук боюнча иш кайрадан жанданып, буга чейин аталган иш эмнеден улам жабылып калганын депутаттык комиссия иликтей баштаганда Текебаев бийликке карата чабуулун баштаган. Президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыяларын жар салып, анын дарегине түрдүү ушактарды токуп кирген эле. Андыктан, дал ушул мародерчулук иш Текебаевди канкор Бакиевге жолугуп, бирге иш алып барууга мажбур кылган жокпу деген суроо жаралбайт койбойт. Ал эми мародерчулук боюнча чуулар уланып жатканда, ортодон орусиялык ишкер Леонид Маевский пайда болуп, башкы “атамекенчи” 1 миллион долларга сызга отургузуп кеткенин айтып, арыз жазды. Натыйжада Башкы прокуратура Текебаевге кылмыш ишин козгоп, ал Кипрден келатканда аэропорттон колго түшүп, УКМКнын абагына жеткирилген. Орус ишкери акыры тилеги орундалганына кубанып маалымат булактарына берген маегинде буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасына Текебаевдин үстүнөн бир нече жолу арыз жазганын, бирок алар өз дарегине жетпей келгенин айтканы бар. Мына ушул жерден эске алуучу жагдай, Индира Жолдубаевага чейин Башкы прокуратураны ким жетектеп турганын эстеңиз.

Ошентип “Мегакомду” Маевскийдин пайдасына чечүүнү убадалап пара алган деген айып менен Текебаев камакка алынды. Муну “атамекенчилер” жалпы кыргыз элинин трагедиясына айлантуунун амалын көрүшүп митингдерди өткөрүүгө киришти. Баарынан кызыгы ошол учурда абалды курчутууну көздөгөндөрдүн катарына канкор Курманбек Бакиевдин кошулганы болду. Ал Текебаевге боор тартып, анын камалышын сындаган пикирин айтып чыкты. Буга улай Садыр Жапаров да ага боор тартканын жашырган жок. Бирок, калдайган кыргыз калкы кимдин ким экенин жедеп беш колундай жаттап бүткөндүктөн алар күткөндөй митингге он миңдеген адам келген жок. Башында 300-400 адам чогулса, аягында алардын саны 20-30 адамга араң жетти. Күткөн тилектери орундалбай калды. Бирок алар “Б” планын ишке киргизишти. Тагыраагы, Текебаев камалгандан кийин арадан туура бир ай өткөн соң Садыр Жапаровдун “мен мекенге 25-мартта кайтам” долбоорун жүзөгө ашыруунун үстүндө иштешти. Бир катар оор кылмыштарга шектелип, чет жакта качып жүргөн ал өлкөгө келери менен камакка алынарын беш колундай билип турган. Бирок атайын ушул кадамга барды. Айткандай эле келди, кармалды, митингдер башталды. УКМКнын имаратын басып алуу аракетин көрүштү. Бирок чогулган 300дөй адам милицияга кол салары менен чилдей таратылды. Мына ушул аракеттерден улам жогорудагы кайнаса каны кошулбайт деген үч саясатчынын саясый максатта баш кошушканын баамдоого болот.

Ошентип экинчи ирет тилектери таш капканда, кезек Бакиевдердин дагы бир кол баласы “Мелис Мырзакматов” долбооруна жеткени айтылган. Оштун мэри болуп турганда өзүн хан сезип алган неменин суу жүрөк экенин эске алсак, ал Кыргызстанга келиши күмөн жаратып келди. Жогорудагы эки план тең ишке ашпай калгандан бери арадан эки айдан ашык убакыт өтүптүр. Бул аралыкта канкорлор күчүгүн көндүрүшкөн окшойт, айтор, Мырзакматовдун келери жөнүндө кептерди тарата башташты. Бизге жеткен маалыматтар боюнча кечээ жакында канкор КурСалиевичтин бир тууганы Ахмат Бакиев жан-жөкөрлөрү менен Өзбекстандын кримчөйрөсүн тейлегендердин бири Салимбай Абдувалиевге чөгөлөп барыптыр. Мына ошол адам аркылуу өзбек туугандардын компетенттүү адамдарына кезигип, Кыргызстандагы “бакиевчил” күчтөргө көмөктөшүү менен коомдук-саясый абалга таасир этүүнү жана өзбек тараптан өзүлөрүнүн штабын Анжиян облусунун Жалалкудук районунда жайгаштыруу маселесин чечип берүүнү суранып жүрүшүптүр. Аталган район бир жагынан Ош менен чектеш болсо, экинчи жагынан Жалал-Абадка да аябай жакын. Канкорлор дал ушул аймактан орун алып Кыргызстандагы президенттик шайлоо маалында өзүлөрүнүн тарапташтарынын аракеттерин жана бийликке каршы иш-чараларды координациялоону пландап жатышыптыр. Ошондой эле жогорудагы Мелис Мырзакматов Кыргызстанга кайтса Жапаровдун тагдырын кайталап калбашы үчүн аны Өзбекстан тараптан жашыруун жолдор аркылуу кирери айтылууда.

Поделиться

One Comment - Write a Comment

  1. Эптеп эле Атамбаевди сындаган саясатчыларды каралоо бул эгемендин күнүмдүк тамак-ашыдай эле көрүнүш.. Уят дегенды жыйнап, оозуна келген жомокту жаза бересинер..

    Reply

Написать комментарий