3768
за день
1267644
за месяц

Сотту создуктурууга “ата мекенчилердин” кандай кызыкчылыгы бар?

Сотту создуктурууга “ата мекенчилердин” кандай кызыкчылыгы бар?

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана аталган партиянын мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот процесси кайрадан тыныгуу алды. Бул экөө тең коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча шектелип камакка алынышканын эскерте кетели. Адегенде алар жана адвокаттары кылмыш ишинин документтери менен толук тааныша элекпиз деген шылтоо менен убакыт сурап, сотту создуктурушкан.

Бул ирет болсо Д. Чотоновдун адвокаттары Жогорку сотко көзөмөл арыз жазышканына байланыштуу иш токтогону маалым болду. Тактап айтсак, 12-июнда Бишкек шаардык соту экөөнүн тең баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу чечимин чыгарган. Бул чечим Д. Чотоновдун адвокаттарына жакпай калыптыр.

Айтор, Ө. Текебаев менен Д. Чотонов өздөрүнүн ишинин созулушуна өздөрү атайылап аракет жасашууда. Эгерде таза экенине, эч кандай мыйзам бузушпаганына терең ишенишсе, анда эмнеден чоочулап, эмнеге сот процессин создуктурушат эле?

Ысымы аталган эки саясатчыга россиялык ишкер Леонид Маевскийдин жазган арызы боюнча кылмыш иши козголгону маалым. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттөн төрайымынын орун басары болуп турган Ө. Текебаев “Мегаком” компаниясын россиялык ишкер Л. Маевскийге алып берем деген убада менен 1 млн. доллар алганы айтылат.

Ө. Текебаев, Д. Чотоновдор менен Л. Маевскийди 2010-жылы дагы бир ишкер, “Бител” жана “О” уюлдук компанияларынын мурдагы башчысы Алексей Модин тааныштырган. А. Модиндин айтымында ошол убакта Убактылуу өкмөт “Мегакомду” сатып ала турган потенциалдуу ишкерлерди издеп турган. Модинге сатып алуучуну табууну Чотоновдун тууганы деп аталган Талант Маматкеримов сунуштаган.
Андан соң ал Текебаев менен да жолуккан, ошондо «Ата-Мекен» лидери андан «Мегакомду» сатып ала турган ылайыктуу сатып алуучуну табууну өтүнгөн. Анан Модин ошондо 2002-жылдан бери тааныш болуп жүргөн Л. Маевскийди эстеп, ага ушундай сунуш болуп атканын айткан.

Ошентип 2010-жылдын май айында Кыргызстанга Маевский Текебаев менен жолугуу үчүн келет. Маевскийдин айтымында уюлдук операторду сатып алуу чечимин кабыл алуу үчүн компанияга толук аудит жүргүзүү жана ички финансылык документтерине кирүүгө уруксат алуу керек болгон. Анын баалоосу боюнча мындай процедура бир миллион доллардын тегерегинде бааланган.

Анан Ө. Текебаев бул аудиттин ордуна миллион долларды анын өзүнө жана санаалаштарына накталай берүүнү сунуштаган. Бул суммага Текебаев россиялык ишкерге “Альфа-Телекомду” башкарууну өткөрүп берүүнү жана компаниянын финансылык документтерине жол ачууну камсыздап берүүнү убада кылган. Сунуш албетте бизнесмен үчүн да пайдалуудай сезилген.

“Бул кыргыз рыногуна кирүүгө “кирүү билети” болгон, ансыз сүйлөшүү болмок эмес”, — дейт Маевский. Натыйжада Маевскийдин айтымында ал өзү 2010-жылдын июлунан декабрына чейин Бишкекке бир нече жолу келип, Текебаевдин жакын адамдарына млн долларды накталай берген. Бирок, жыйынтыгында ал өзүнө берилген убаданы ала албай калган. “Мына ушул жерден мен иш алдамчылык жыттанып атканын түшүндүм”, — дейт Маевский.

Анын айтымында, убада аткарылбай калгандан кийин Маевский өзүнүн берген акчасын кайтарып алуу үчүн укук коргоо органдарына кайрыла турганын айтып коркуткан. Бирок, Текебаевдин санаалаштары аны саясатчынын репутациясын бузбоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылбоону суранышкан. Андан сырткары Текебаев өзү 2010-жылдын декабрында Бишкектеги жолугушуусунда Маевскийди коркутканын да айта кетели.

“Мен сага эскертүү берем, сен бул жерде болбошуң керек. Мен – бул өлкөнүн кожоюнумун. Акча тууралуу эсиңе да келбесин”, — деген Текебаев Маевскийдин айтымында. Анан дагы ал эгерде Маевский кайрадан дагы келип, акчасын сурай турган болсо, россиялык бажыдан анын жүгүнө наркотик салдырып, наркотикалык контрабандо боюнча Россиянын мыйзамы менен соттотуп жибере турганын айтып коркуткан.

Айтор, мына ушундай таржымалы бар Текебаев жана анын командасы бүгүнкү күндө сот ишин создуктуруу менен гана алек. Эгерде таза жана ак болсо, ал эмнеден коркот эле? Маевский ага калпты аныктоочу аппаратка түшүүнү сунуштаганда да баш тартпайт эледа. Айтор, суроолор көп, Текебаевде жооп жок.

Булак: focus.kg

Поделиться

Написать комментарий