2395
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер B

Президент…

Президент…

Башка улуттарда кандай экенин даана-так билбейм бизде болсо президент болом дегендер оголе көп болот. Жөн адам болом десе го жөн, анан мээсине жел тийгендер, ажыкыс-куудулдар, «99дар»… дегеле буту менен басып, мурду менен дем алгандардын  баары эле президент болгусу келет… Муну айбанчылык же келесоолук деп атынан атап коелу… Эми кыйсыпырлар президенттикке талапкер боло албайт го, анткени, талапкер миллион сом төлөш керек деген мыйзам чыкпадыбы. Миллион сому бар келесоолор деле бар дечи, бирок, алар аз…

Президент деген мамлекет башчысы. Дүйнөдөгү азыркы президенттер Путин, Назарбаев, Мирзиеев, Алиев, Лукашенко, Атамбаев, Трамп, Асад, Эрдоган сыяктуулардын аткара турган кызматы, милдеттери жана укуктары негизинен окшош болгону менен, алардын ошол иштеги жүрүшү, аракети ар башка, окшош президенттер жок. Бири мамлекетин мамлекетинжакшы жетектеп жатса, экинчиси президенттин атына жамынып алып, анын укуктарын  ашкере пайдаланып күн улайт, үчүнчүсү дикатор болуп алган.

Биз эркиндик алдык дегенден бери төрт президенттүү болдук, алгачкы президентибиз Акаев ишин жакшы баштап, аягында жаман таштады, өзү кайдан таштасын, эл көтөрүлүп дыркырата кууп салды. Экинчи президентибиз Бакиев таптакыр эле жөнсалды неме экен, ээрге отурганда эле кыйшык отурду эле, акыр-аягында эл массасы аны ээрден оодарып салды. Кийинки президент Отунбаева ошол кызматты мамлекеттин абалы кыйчалыш болуп турганда колуна алып, бир аз эле башкарды, колунан келгенин жасады. Анын толук мүмкүнчүлүгү ачылганга убактысы тар болду. Азыркы президентибиз Атамбаев колунан келгенин жасап жатат. Коррупцияга каршы катуу согуш ачты, министрин да, депутатын да, башка чоң кызматтагы адамдарды да аяган жок, баарынын чарасын көрдүрүп жатат. Бирок, ал аракет кадимки эл күткөн жемишин бербей жатат. Анткени, биздин мамлекетти мындан 25 жыл активдүү чырмай баштаган коррупция эми биротоло чырмап бүттү. Коррупция дегениң бир башын кессе, экинчи башы өсүп чыккан жомоктогу желмогуздардай болуп жатат. Андан кутулуп чыгууга жылчык жок. Азыркы бийликтин коррупцияга каршы аракети Сизифтин убарасына окшоп турат… Анткени, бир коррупционер камалса, бери жакта массасы турбайбы. Жетекчи кызматтагы кимди да болбосун баскан жолун иликтеп-изилдеп жиберсе, кашкайган коррупциялык иши дааналана  түшөт! Коррупциянын «мыкты» өнүгүп жатышынын дагы бир себеби – коррупционерлер кармаларын кармалып, бирок, катуу жаза албай жатат. Маселен, пара менен кармалган фактысы жок күн да жок. Алардын азы эле жоопко тартылымыш этет, көбү кайра эле пара берип кутулуп кетип жатат. Ашынган коррупционерди дароо атып турса, биз күткөн жыйынтык чыкпайт беле!

Ошентип, төрт президентти көрүп, ошол төртөөнүн иштеринен жыйынтык чыгарып, президент деген кандай болуш керек дегенин кошо ойлонуп, эми бешинчи президентибиз эл-журтуна күйгөн, тайманбас, адамкерчиликтүү, билимдүү, коррупциялык ишке баспаган, трайбалист да, популист да эмес, ачкөз да эмес, накта кыргыздын жигиттеринен келсе экен деген жакшы тилегибиз бар. Туура, жогоруда айтылган ар тараптан төп келген адамдын табылышы да кыйын, антсе да болгон жакшысын тандашыбыз керек.

Президенттикке жарап берчү четинен чертчү жигиттерибиз деле жок, анткен менен салыштырмалуу ушул жигит жарап берет деп болжолдогон жигиттерден куру эместирбиз.

Президентикке аттанган алгачкы талапкер Темир Сариев болду. Бул жигит экономикалык, саясий турмушка эрте аралашты. Андыктан ал жагдайда жакшы тажрыйба топтогон. Мүнөзү токтоо, адамгерчиликтүү, аны менен катар билими терең жан. Бир катар жетекчи кызматтарда иштеди, депутат да болду. Өтө активдүү болуп алдыга кеткен жок, мажүрө тартып артта калбады. Анан прмеьер-министр болуп турганда жаза бастыбы, же премьерлерди «жутуп көнгөн» Жогорку Кеңеш жөн эле «жуттубу», иши кылып кызматтан кетүүгө мажбурланды. Официалдуу түрдө Балыкчы-Корумду жолундагы чатакка байланыштуу дегендей болду. Ушул жигит жарап берер беле, президенттикке…

Сөз кылууга жарап берчү  жигиттердин дагы бири – Өмүрбек Бабанов. Бул жигитти Кыргызстандын эң бай адамы деп айтышат. Азыр элдин басымдуу бөлүгү акчанын туткунунда калган заманда байлыгы президент болчу иште көзүр болуп бериши  турулуу. Анан калса, Бабанов экономиканы жакшы билген адам. Адамкерчилиги, жигиттиги да жаман эмес. Бирок, кээси менен аны коррпуциялык иштерге катышы бар деген кеп айтыла калат. Демек, бир кокую бар чыгар… Анткен менен президенттикке жарап берчү жигиттердин катарында…

Президенттикке талапкер кылып кээ бирибиз Абдил Сегизбаев менен Сапар Исаковду айтып турдук. Бул экққнү тең президенттин «мураскери» кылдык, президент «мен мураскер таштабайм» дегенине көнбөдүк. Ушул эки жигиттин кимиси болсо да президенттикке жарап берет деген оюбуз жашоосун улантып келаткан…Анан эле бир күнү КСДП өзүбүздүн бирден-бир талапкер деп Сооронбай Жээнбековду сунуш кылды. Ага таң калгандар деле болбоду. Анткени, көпчүлүк «Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болушу мүмкүн» деп айтып жүрүшкөн да. Жээнбеков коррупциялык ишке аралашпаган, интрига оюндарына катышпаган, артта калбай, алдыга чыкпай жай жүргөн жигиттердин бири. Кайсы ишке койсо деле жылуу-жумшак иштей берет. Кандайдыр бир курч кадамдарга барбайт,  чоң жоопкерчиликти алган мисал жок. Бизди мына ушулар тынчсыздандырат. Бирок, анын токтоолугу, көп ойлонуп анан чечим чыгарган жакшы жагы бар, адамдыгы да өзүндө. Дагы бир орчун маселе – Жээнбековду Түштүк тарап көп колдойт, ал эми Түндүк  тарапта бийлик турбайбы… Бул жигитибиз да президентикке жарап берет дегендердин ичинде…

Биздин ойдо, президенттик орунга жогоруда аталган үч талапкер – Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков катуу кармаш жүргүзөт. Муну да айтпай кетсек, анда «капка шибеге каткандай» болорбуз – азыркы бийлик Сооронбай Жээнбеков сүрөйт. Ал эми бийлик колдогон талапкердин утуп чыгышынын чындыгы көп. Бирок, дагы айтам, акчага баш-отубуз менен кирип, анын бийлигин кыңк этпей кабыл алган адамдарыбыз көп болгондуктан, анын зор бийлигин дагы унутпашыбыз керек. Мына ушул өңүттөн алганда ушул шайлоодо Өмүрбек Бабановдун президент болууга мүмкүнчүлүгү жогору.

Бул үч талапкерден башка да толгон талапкерлер бар, бирок, алардын биринин да президент болууга чама-чаркы жетпейт деп жоопкерчилик менен айтып койсо болот. Кызыгың кур, коррупционерлердин алдында жүргөн, соттолуп тынган Ахматбек Келдибековдун да президент болгусу келип жатканы өтө жосунсуз иш болуп турат. Эгерде президент болуп шайланып калса, «коррупционер – президент» деген ат менен кантип жашайт?! Андайдан кудай сактасын!

Ооба, Кыргызстанда президенттин укугу аябай эле азайды. Бирок, анын аткарчу иши – милдети эми деле оңой эмес деңгээлде – мамлекет башчысы. Андыктан келе турган президентибиз жутунбаган токпейил, элинин жашоосуна аралаша жашаган жөнөкөй, алардын көйгөйүн көрө билген, сезе билген жана ошого жараша аракет кылган күйүмдүү, тууганчылыктан, жана башка «…чылыктардан» алыс турган чынчыл, таза, экономикалык мыкты өнүгүү жолун түшүнгөн жана билген, ар тараптуу билими, билгени бар адам болуш керек эмеспи. Ушул биз айткандай адам табылса, атаганат…

Булак: Багыт.kg
баннер C

Поделиться

Написать комментарий