1933
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Келдибековдун тагдырын мыйзам чечет”

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Келдибековдун тагдырын мыйзам чечет”

— Орозбек мырза, экс-спикер Акматбек Келдибеков президенттик шайлоого аттанат деген кептер чыгууда. Бирок, мыйзам боюнча Келдибековдун соттолгону ушул жылдын 8-ноябрында жоюлат экен. Ошондо Келдибеков шайлоого катыша албай калабы?

— Президенттик шайлоо абдан кылдаттыкты талап кылган иш-чара. Андыктан аны мыйзамдын чегинде гана өткөрүү керек. Эгер мыйзам Келдибековдун шайлоого катышуусуна жол бербесе, анда катыша албайт. Жол берсе катышат. Мен шайлоого аттанып жаткан бир да саясатчыга баа бербейин деп чечтим. Талапкерлерди эл тандасын.

— Кандай адам президент болушу керек деп ойлойсуз?

— Президент боло турган саясатчы биринчи кезекте адилет киши болушу керек. Биздин улуу жердешибиз Жусуп Баласагындын мындан миң жыл мурда айткан “адилеттик чындык бар жерде бузулбай бийлик турат” деген сөзү бар. Андыктан бизге адилеттүү президент керек. Экинчиден дүйнөдө байлык өндүрүштө пайда болот. Тоо кен тармагын түшүнгөн адам болушу зарыл. Мамлекеттүүлүктү түшүнгөн адам керек.

— Кээ бир капчыктуу саясатчылар азыртадан эле добуш сатып алууга камданып жаткандай. Элибиз добушун сатса мамлекеттин келечеги кандай болот?

— Добушун сатуу чыккынчылык менен барабар. Андай адамдар бул аракети менен келечекти талкалап жатат. Арзыбаган акчага азгырылгандарды да жазалоо тууралуу мыйзам кабыл алышыбыз керек.

Булак: focus.kg
баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий