1956
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Коррупцияга каршы күрөш токтобойт: Жапаров менен Чудинов «жегенин кусабы»?

Коррупцияга каршы күрөш токтобойт: Жапаров менен Чудинов «жегенин кусабы»?

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан «Машина сыноочу станция» ишканасы эгемендик жылдары менчиктештирилип, мүлктөрү сатылып кеткен эле. Учурда аталган ишканын базасында асыл тукум мал багылып, сүт азыктары өндүрүлүп келет. Дал ушул ишканага мамлекеттин эсебинен 200 млн. сом мыйзамсыз ссуда берген Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго кылмыш иши козголду.

29-майда Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Игорь Чудинов, Аклыбек Жапаров баштаган бир нече адамга карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, бул иш УКМКга өткөрүлүп берилди. Бул экс-чиновниктерге Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде иш козголгон. Аларга өкмөттү башкарып турган учурда өз жакындарына таандык «Машина сыноочу станция» ишканасына мыйзамды бузуу менен мамлекеттен ссуда алып, аны төлөбөй жүргөн деген айып коюлууда.

УКМК тараткан маалыматка караганда 2009-жылы ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Экономиканы өнүктүрүү фондунан «Машина сыноочу станцияга» 200 миллион сом насыя бөлүнгөн. Ал учурда ишкананын акцияларына Чудиновдун кайненси жана ошол кездеги экономика министри Акылбек Жапаровдун жубайы ээлик кылып турган. Келишим боюнча «Машина сыноочу станция» ишканасы мамлекеттен бөлүнгөн насыяны 2012-жылы кайтарып бериши керек болчу. Бирок, бул «шылуундардын» жакындары азыркы күнгө чейин бул каражатты кайтарып берген эмес.

Насыянын мөөнөтү эки ирет мыйзамсыз узартылган

Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рахат Сулайманов Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду аталган насыяны төлөө мөөнөтүн эки жолу мыйзамсыз узартканын айтууда. Ал мунун айынан мамлекеттик бюджеттин насыяларынын 68 млн. 248 миң 50 сому максатсыз пайдаланганын билдирди. «2017-жылдын 1-мартындагы абал боюнча Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы «МИС» ААК карызы 237 млн. 791 миң 75 сомду түзөт. Мындан тышкары ушул эле учурда кылмыш иштин материалдары боюнча «МИС» ААК 95 пайыз акциялары депутат Акылбек Жапаровго байланышы бар адамдарга тиешелүү болуп саналат. Соттук эксперттин корутундусуна ылайык, «МИС» ААК түшкөн республикалык бюджеттин насыялардын 68 млн. 248 миң 50 сому максатсыз пайдаланылган», — дейт ал.

Аталган иш боюнча айып тагылгандардын арасында мурдагы айыл чарба жана мелиорация министрлери Чыңгызбек Узакбаев, Таалайбек Айдаралиев да бар. Учурда УКМК ишти тергөөгө алып, жакынкы күндөрү сурак берүү баталары айтылууда.

Мыйзам баарына бирдей

Жогоруда кылмыш иши козголгон аткаминерлердин баары канкор президент Курманбек Бакиевдин коррупциялык бийлиги өкүм сүрүп турганда чоң кызматтарды ээлеп турган. Акылбек Жапаров болсо Бакиевди Кудайга теңеп, аны байдын кызындай эле мактап жүргөн. Демек, бул адамдардын коррупциялык иштерге барганынан эч кимдин шеги жок.

Социалдык тармактардын колдонуучулары да жогорудагы адамдарга кылмыш ишинин козголгонун кубаттоодо. Акылбек Жапаров өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, айрыкча Каржы министрлигин жетектеп турганда «он пайыз» деген атка конгон. Буга бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын 10 пайызын алып турганы себеп болгону айтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштө чечкиндүү кадамдарды буга чейин да жасап келген. Ал тиешелүү органдарга эрк берип, керек болсо президеттик аппараттын мурдагы жетекчиси да жоопко тартылган. Азыр Кыргызстанда «кол тийгис» адамдар жок. Андыктан Аклбек Жапаров, Игорь Чудинов, Чыңгызбек Узакбаев, Таалайбек Айдаралиев сыяктуу адамдар жоопко тартылсын.

Булак: Багыт.kg
баннер C
баннер C

Поделиться

Написать комментарий