15526
за день
1277980
за месяц

Каптагаевди Жапаров барымтада кармаганбы?

Каптагаевди Жапаров барымтада кармаганбы?

Садыр Жапаровдун ишин караган сот процессинде Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Эмилбек Каптагаев жабырлануучу деп табылды. Эмилбек Каптагаев буга чейин Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазган эмес жана сотто күбө катары өтүп жаткан. Ошондой эле ал Жапаровго эч кандай доосу жок экенин билдирип келген. Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо «Кумтөр» боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митигдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облусттук администрацияны курчоого аракеттенишкен. УКМК Каптагаевди кармап турушкан унаа Садыр Жапаровдун тууганы Б. Куланбаевге тиешелүү экенин жана күбөлөрдүн берген малыматына ылайык, митингди Садыр Жапаров уюштурганын жана каржылаганын билдирген. Жапаров акыркы 3 жылда Кипрде жашап жаткан. Ал 25-мартта Казакстандан Кыргызстанга келип, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Булак: Фабула

Поделиться

Написать комментарий