15514
за день
1277968
за месяц

Гутерриш: Кыргызстандын эли даанышмандыкты көрсөтүп тынчтыкты тикелей алды

Гутерриш: Кыргызстандын эли даанышмандыкты көрсөтүп тынчтыкты тикелей алды

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга сапарын Ош шаарында улантып, кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбековдун коштоосунда 2010-жылдагы июнь коогалаңын эскерүү иш-чарасына катышты.

«2010-жылы Ош шаарына келгенимде трагедиялуу окуялардын кесепеттерин жоюу аракети болуп жаткан. Ал абдан жан ачыткан учур болчу. Бирок Кыргызстандын эли туруктуулукту, иштермандыкты, даанышмандыкты көрсөтүп, тынчтыкты жана достукту тикелей алды»,-деди баш катчы Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында сүйлөгөн сөзүндө.

«Мына, биз бүгүн “Энелердин көз жашы” деген эстеликке гүл коюп жатабыз. Ушул учурда биз эстешибиз керек, азыр дүйнө өзгөрүп жатат. Дүйнөдө көп улуттуулук, көп маданияттуулук, көп диндүүлүк деген пайда болуп жатат. Ушунун баары байлык экенин билип, четке какпастан гүлдөй асырап алышыбыз керек экенин баса белгилеп кетким келет»,-деди Антониу Гутерриш.

БУУ баш катчысы июнь окуяларынан кийинки кыргыз өкмөтүнүн кырдаалды турукташтырууга, достукту бекемдөөгө багытталган иш-аракеттери токтобош керектигин айтты. Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков ошол оор кырдаалда жардам колун сунуп, кырдаалды турукташтырууга чоң көмөк көрсөткөн эл аралык уюмдарга, анын ичинде БУУга терең ыраазычылыгын билдирди.

Антониу Гутерриш Ошко сапарында жарандык коомдун өкүлдөрү жана шаар бийлиги менен жолугушуу өткөрдү. БУУнун баш катчысы бүгүн түшкө чейин Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Андан кийин Бишкекте “Таза коом” программасы боюнча жыйынга катышты.

Мындан эки жыл мурун ошо кездеги БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дагы дал ушул күндөрү Ошко келип, 2010-жылдагы июнь коогалаңын эскерүү ишчараларына катышып кеткени бар. Пан Ги Мун июнь окуяларынын кеспеттерин жоюу боюнча кыргыз өкмөтүн төрт маанилүү кадамга барууга чакырган эле:

“Улутуна башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан коогалаңда жабыр тарткан адамдардын укуктарын түптөө, аларга каршы жасалган кылмыштарды бейтарап иликтөө зарыл. Коогалаң учурунда оор кылмыш кылгандарды жоопко тартуу керек. Кыйноо жана башка сот жараяндарын бузуу менен кабыл алынган сот чечимдерин кайра карап чыгуу, улуттар аралык мамилени чыңдоону мындан ары да күчөтүү керек”,-деген 2015-жылы Ошко жасаган иш сапарында мурунку баш катчы Пан Ги Мун.

2010-жылы Бириккен улуттар уюму Оштогу июнь коогалаңынан кийин дүйнө коомчулугуна кайрылуу жасап, бир топ каражат чогулутуп берген. Уюмдун тынтычтыкты куруу фонду дагы жаңжалдан кийин талкаланган имараттарды кайра куруу иштерин активдүү жүргүзүп, гуманиттардык жардамдарды берип турган.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

Поделиться

Написать комментарий