1917
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

Болсунбек КАЗАКОВ, Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы: «Түлеевден алынган бир эле соода борборунан 5 миллион каражат түшүүдө»

Болсунбек КАЗАКОВ, Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы: «Түлеевден алынган бир эле соода борборунан 5 миллион каражат түшүүдө»

Буга чейин Бишкектин экс-мерине караштуу обьектилердин мамлекетке өткөнү, алардын кандай негизде пайдаланылып жатканы коомчулукту кызыктырып келген эле. Дал ушул жагынан азыноолак маалымат алдык.

— Болсунбек мырза, Нариман Түлеевдин дүнүйө-мүлктөрү катар-катары менен мамлекетке өтүп жатпайбы. Маселен, аларда турган ижарачылардан ар ай сайын мамлекеттин казынасына канча каражат түшүп жатат?

— Нариман Түлеевден мамлекеттин карамагына алынган бир эле “Караван Сарай” соода борборунан мамлекеттик казынага ар ай сайын 5 млн. сомдун тегерегинде каражат түшүүдө. Ал эми “Сапатком” борборунун имараты бүгүн каржы полициясына берилип, ошолор жайгашып алышты.

— Килейген “Сапатком” борбору каржы полициясына имарат үчүн бүтүндөй дүңүнөн берилип кеттиби? Теңин ижарачыларга калтырып, мамлекеттин казынасына дагы да каражат түшүрүп турсаңар болбойт беле?

— Анткени аларга ошончо квадрат имарат жай керек эле.

— Так ошол “Сапатком” жайгашкан имараттын чарчы метриндейби?

— Ооба, анткени, полициясына ички иштер министрлигинен айрым ыйгарым укуктар кирген. Мындай шартта кызматкерлеринин саны да көбөйүп, кызматтын канат-бутагы кеңеип, кыйла чоң кызматка айланган.

Булак: Азияньюс
баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий