15584
за день
1278036
за месяц

Акылбек Жапаров үйүнө молдо чакырып, дем салдырды

Акылбек Жапаров үйүнө молдо чакырып, дем салдырды

“Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаровго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгону – өзгөчө прессада дүңгүрөп, а эл ичинде ар кандай талкуулар жаралды. Колдогондорго караганда табасы кангандар арбын болууда. Жүрөктү “шуу” эткизген мындай суук кабардан соң Акылбек мырза үйүнө Замир карыны (Кочкордон чыккан касиеттүү, окууну Египеттен бүтүп келген билимдүү молдону) чакырып, дем салдырып, жеңилдеп алганын эшиттик. Ошондон тарта шайдоот мүнөз күткөнү – сыйкырлануу жолунун ийгиликтүү болгонун тастыктайбы? Баса, 2010-жылдын 6-апрелинде Жапаров эски режимдин ишенимдүү жоокери, 1-вице-премьер-министр катары Таласка барып, тополоң чыкканда колго илинбей таза чыгып кеткени, жазаланбай калганы, ал эми министр Молдомуса Конгантиев колго түшкөнү эсибизде. Сыягы, каарманыбыз дуба аркылуу жолун ачып, кыйынчылыктардан дайыма буйтап кетүүнүн жолун өздөштүргөнбү? Эми да төбөсүнө айланган кара булутту үйлөтүп, би-ир жолун тапса керек да…

Булак: Азияньюс

Поделиться

Написать комментарий