1927
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Акматбек келдибеков соттолгондугун алып салуу үчүн кандай «стратегиялык тактика» иштеп чыгууда?

Акматбек келдибеков соттолгондугун алып салуу үчүн кандай «стратегиялык тактика» иштеп чыгууда?

«Мыйзамдын чегинде иш кылыш керек» деп кооз сүйлөгөн адатын экс-спикер Акматбек Келдибеков дагы деле калтыра албай келатканы белгилүү болду. Тактап айтсак, ал «Азаттык» радиосуна маек куруп, «мен алдыда өтө турган президенттик шайлоого катышам, ал үчүн мыйзамдуу жол менен аракет кылам» деген маанайда пикирин билдириптир.

Биринчиден, анын алдыда өтө турган президенттик шайлоого катышууга укугу жок экендиги кече жакында эле тараткан Жогорку соттун маалыматынан белгилүү болгон. Себеби анын соттолгондугу ушул жылдын 8-ноябрында гана алынып салынат экен. Эске сала кетсек, А. Келдибеков Бишкек шаардык сотунун чечими менен 10 млн. сом өлчөмүндө мамлекетке айып пул төлөөгө милдеттендирилген.Ошол эле чечимди өткөн 2016-жылдын 13-октябрында Жогорку сот да күчүндө калтырган. Анан Келдибеков 10 млн. сом айып пулду 2016-жылдын 8-ноябрында төлөп кутулган. Демек, мыйзам боюнча анын соттолгондугу айып пулду төлөгөн күндөн толук бир жылдан кийин гана алынып салынат.

КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдын 46-беренесине ылайык соттолгон же башка өлкөнүн жарандыгын алган адам талапкер катары каттала албайт. «Азаттыктын» журналисти мына ушул багытта суроо берди эле, ага Келдибеков «Соттолгон деген сөздү алып салууга мыйзамдуу жолдор бар» деп жооп берди. Ал кандай мыйзамдуу жол болушу мүмкүн? Же мыйзамда жазылып турган мыйзамдан башка да Келдибековдун өзүнө гана тиешелүү мыйзам барбы?

«Биз мыйзамдуу жолдор менен гана иштеп атабыз» деген Келдибековго, ал кандай жол экенин сураганда, «Ар бир адамдын өзүнүн стратегиялык тактикасы бар, аны ачып салганга болбойт» дейт. Мына сага, ал кандай стратегиялык тактика болду экен? Баягы өзүнүн көнүп калган жол тосмой, элди көчөгө алып чыкмай өңдүү «стратегиялык тактикасы» эмеспи?

Андан ары сөз А. Мадумаров, К. Ташиев жана А. Келдибеков «үчилтиги» тууралуу уланды. «Биз дагы деле ынтымактуу иштеп атабыз, бирөөбүз талапкер болуп чыгабыз» дейт Келдибеков. Бирок, журналисттин «Эгерде сиздин талапкер болушуңузга мыйзам жол бербесе, анда А. Мадумаровдун талапкерлигин колдойсузбу?» деген суроосуна «Эмне үчүн мага мыйзам жол бербейт? Жогорку соттун андай справкасын көргөн жокмун. Эгерде Жогорку соттун төрайымынын же маалымат кызматынын колу коюлган документ болсо бир жөн эле», деп кежигеси кер тартат. Мына ушундан эле анын «биз ынтымактуу эле иштеп атабыз» деген сөзүнүн жалган экенине ынанасың. Эгерде ынтымактуу иштеп атышкан болсо, «Эгер мага мыйзам жол бербесе, анда А. Мадумаровдун талапкерлигин колдойм» деп айтып коет эле го?

Бул маекте ал «Азыркы бийлик саясатчыларды камабашы керек эле. Мына бизди убагында оор берене менен иш козголду деп парламенттен термир тордун артына алып барып отургузуп коюшту. Бирок, бийлик өзүнүн адамдарына андан да оор беренелер менен кылмыш иши козголгондо антип камаган жок» деп ачык эле жалган айткан адатын карматты. Көп сөз кылбайлы, Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин камакка алынганын кайда катабыз? Же ал дагы оппозициячыл беле?

«Текебаевди азыр камап атышат, ага карата козголгон кылмыш иши мындан 6-7 жыл мурунку болуп атат. Эмнеге ошол убакта камашкан эмес?» деген тамтыгы чыккан суроону Келдибеков да бергиси келет. Акматбек мырза, мындан 6-7 жыл мурун республикабыздын укук коргоо органдарында, күч түзүмдөрүндө жалаң «Ата-Мекен» партиясынын адамдары олуттуу кызматтарда отуруп келишкенин, алар Текебаев жана анын командасынын кыңыр иштерин былк эттирбей жаап келишкенин ММК булактары көп эле жазды го? Же аны да билбейсизби? Сизге кылмыш ишин козгогон Аида Салянова да «Ата-Мекендин» адамы экени кийин билинбедиби? Ал коррупцияга каршы күрөшүп аткандай болуп эле, мародерчулук ишин улам басып келгенин билбедикпи.

Маектин аягында «шайлоону адилет жана таза өткөрүү, тынчтыкты бузбай өткөрүү азыркы бийликтин колунда. Эгерде мени талапкер катары каттабаса, анда ал эл-журттан «зависить» этет» дегени баягы эле «Жол тостурам, энелердин этегине эрмешем» деген аракеттерди жасай турганынан кабар берип тургансыйт. Айтор, Акматбек Келдибековичке темир тор арты деле сабак болбоптур деп калдык. Сабак алган киши кайрадан эле эски адаттарын карматпайт эле.

Булак: Курч.kg
баннер А

Баннер B

Поделиться

Написать комментарий