1939
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Day: Thursday June 15th, 2017

Текебаев, Жапаров үмүттү актабай, канкор Бакиевдер эми Мелисти алдыга салып ишке өзүлөрү киришеби?

Быйылкы президенттик шайлоо өтө курч мүнөздө өтөрү азыртадан эле байкалууда. Жыл жаңырганы талапкерлигин көрсөтө турганын бир тобу жар салып, учурда катуу даярдык көрүшүүдө. Алардын алды ары жагы Орусия, бери жагы коңшу мамлекеттерге чейин каттап, жалдырап көрүнгөн эшикти каккылап колдоочу издеп жүрүшөт. Ал эми Кыргызстандын сыртында жүргөн үчүнчү күчтөр да бул сапар шайлоого өз адамдарын катыштырууга…

Мамлекетибиз таза болуп, өнүгүүсү үчүн өз мамилени оңдообуз зарыл

Кыргыз-өзбек мамилеринин жакшыруусун ким каалабайт? Кыргызстан менен Өзбекстандын боордоштук мамилелери акыркы кездерде олуттуу түрдө жакшыра баштады. Өзгөрүүлөргө жетишүүдө тоскоол болгон чек ара жана Кыргызстандын аймагындагы өзбек анклавдарынын маселелери болуп келген. Акыркысы, белгилүү болгондой, Советтик мезгилде Өзбек ССРи тарабынан чарбалык муктаждыкта аянттары менен ижарага алынып, Союз ыдыраган соң эл аралык нормаларга ылайык тиешелүү юридикалык документтери жок…

Сотту создуктурууга “ата мекенчилердин” кандай кызыкчылыгы бар?

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана аталган партиянын мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот процесси кайрадан тыныгуу алды. Бул экөө тең коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча шектелип камакка алынышканын эскерте кетели. Адегенде алар жана адвокаттары кылмыш ишинин документтери менен толук тааныша элекпиз деген шылтоо менен убакыт сурап, сотту создуктурушкан. Бул ирет…

Акматбек келдибеков соттолгондугун алып салуу үчүн кандай «стратегиялык тактика» иштеп чыгууда?

«Мыйзамдын чегинде иш кылыш керек» деп кооз сүйлөгөн адатын экс-спикер Акматбек Келдибеков дагы деле калтыра албай келатканы белгилүү болду. Тактап айтсак, ал «Азаттык» радиосуна маек куруп, «мен алдыда өтө турган президенттик шайлоого катышам, ал үчүн мыйзамдуу жол менен аракет кылам» деген маанайда пикирин билдириптир. Биринчиден, анын алдыда өтө турган президенттик шайлоого катышууга укугу жок экендиги…

Коррупцияга каршы күрөш токтобойт: Жапаров менен Чудинов «жегенин кусабы»?

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан «Машина сыноочу станция» ишканасы эгемендик жылдары менчиктештирилип, мүлктөрү сатылып кеткен эле. Учурда аталган ишканын базасында асыл тукум мал багылып, сүт азыктары өндүрүлүп келет. Дал ушул ишканага мамлекеттин эсебинен 200 млн. сом мыйзамсыз ссуда берген Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго кылмыш иши козголду. 29-майда Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Игорь…

Акылбек Жапаров үйүнө молдо чакырып, дем салдырды

“Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаровго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгону – өзгөчө прессада дүңгүрөп, а эл ичинде ар кандай талкуулар жаралды. Колдогондорго караганда табасы кангандар арбын болууда. Жүрөктү “шуу” эткизген мындай суук кабардан соң Акылбек мырза үйүнө Замир карыны (Кочкордон чыккан касиеттүү, окууну Египеттен бүтүп келген билимдүү молдону) чакырып, дем салдырып, жеңилдеп алганын…

Гутерриш: Кыргызстандын эли даанышмандыкты көрсөтүп тынчтыкты тикелей алды

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга сапарын Ош шаарында улантып, кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбековдун коштоосунда 2010-жылдагы июнь коогалаңын эскерүү иш-чарасына катышты. «2010-жылы Ош шаарына келгенимде трагедиялуу окуялардын кесепеттерин жоюу аракети болуп жаткан. Ал абдан жан ачыткан учур болчу. Бирок Кыргызстандын эли туруктуулукту, иштермандыкты, даанышмандыкты көрсөтүп, тынчтыкты жана достукту тикелей алды»,-деди баш катчы…

Бекбосун БӨРҮБАШЕВ, юридика илимдеринин доктору: “Акматбек Келдибеков президенттик шайлоого катыша албайт”

— Бекбосун мырза, экс-спикер Акматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип жатат. Бирок, соттолгон деген макамы бар Акматбек мырзанын шайлоого катышуусуна мыйзам жол береби?  — Анын ишин карап көрүш керек экен. Соттун чечимин качан аткарып бүткөн экен? — Анын соттуулугу ушул жылдын 8-ноябрында жоюлат экен. Бул боюнча Жогорку сот да атайын билдирүү таратты… — Анда президенттик…

КСДПнын депутаты Улан Примовдун «Бел-Алмасы» боюнча кылмыш иши козголду

Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Бел-Алма» көмүр кенине байланыштуу кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Белгилүү болгондой буга чейин «бел-Алма» көмүрү боюнча ызы-чуу, талаш-тартыш көпкө уланган. Ал чатак ишке КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутатыУлан Примов аралашканы да арбын айтылган. Козголгон кылмыш иши: ишкерлик, cот чечимин аткарбоо жана жер кыртышын бузуу беренелеринин негизинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызмты иликтеп…

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Келдибековдун тагдырын мыйзам чечет”

— Орозбек мырза, экс-спикер Акматбек Келдибеков президенттик шайлоого аттанат деген кептер чыгууда. Бирок, мыйзам боюнча Келдибековдун соттолгону ушул жылдын 8-ноябрында жоюлат экен. Ошондо Келдибеков шайлоого катыша албай калабы? — Президенттик шайлоо абдан кылдаттыкты талап кылган иш-чара. Андыктан аны мыйзамдын чегинде гана өткөрүү керек. Эгер мыйзам Келдибековдун шайлоого катышуусуна жол бербесе, анда катыша албайт. Жол берсе катышат.…