2216
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

Суу ичкен кудугуна түкүрүп алып, эми өкүнүп жаткан го…

Суу ичкен кудугуна түкүрүп алып, эми өкүнүп жаткан го…

Өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев бийликке келгени президенттик институтка баш ийген мамлекеттик кызматтарга кырктын кырын аша электерди тартып келетат. Ал мындай аракетин саясат айдыңынан эскилерди “пенсияга” узатып, жаш муун өкүлдөрүнө орун бошотуу менен түшүндүргөн жайы бар. Өлкө башчыбыздын жакшы саамалыгын коомчулук да кубануу менен кабыл алган. Бирок, өкүндүргөнү адамдын ишенимине кирип, анын аркасы менен мансапка жеткенде 180 градуска өзгөрүлгөн эки жүздүүлөр да болот эмеспи. Андайлардын бири океандын ары жагын “Мекке” санаган Жанар Акаев деп кесе айтсак жаңылбайбыз. Дегеним, АКШнын акчасына жан баккан “Азаттык” радиосунда иштеп жүргөн жеринен өлкө башчыбыз өзүнө катчы кылып кызматка дайындаганда андан өткөн сылык адам жок эле. Тепилдеп чуркап иштеп жатканын көрүп келечекте курулай популизм менен эмес, эл үчүн чуркап кызмат кылчудай деп үмүт артканбы, айтор, балакайды мамлекет башчыбыз түптөгөн КСДПнын тизмесинен орун адып, депутат да болду. Бирок ЖКга келгени бала кадимкидей өзгөрүп, көзүн май басты. Баягы сылык сылык-сыпаалыктын бири жок, мандатка жетип алдым, эми өзүмө-өзүм ханмын дегенчелик кылып улуу-кичүүнү ылгабай Чубак ажы сыяктуу аалымдар менен жаалдашып, кийин өзүнүн партиясын да боктой баштаганына эл күбө.

Дин аалымы менен айтыша кеткенде анын жактоочулары Акаевди улак кылып тартып кетерине аз калганда, өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин кийлигишүүсү менен төөдөй балекеттен кутулган эле. Чыныгы жүзү ачылып, кыргыз коомчулугунун каарына калган неме айласы куруп турганда ЖКдагы жыйындарда бийликти сындай берсең чачылган абийириңди жыйнайсың деген кеңеш укканбы, айтор, эл үчүн күйүмүш болгон кооз сөздөрдү айта баштаган. Идея жаккан өңдөнөт, кийинчерээк өзүнүн партиясы менен ажонун дарегине да каршы жөнү кептерди чубатууга өтүп алды. Алсак, миллиондоп пара алды деген шек менен депутат Өмүрбек Текебаев камакка алынганда, бапылдап коррупцияга каршы күрөш боюнча жүргүзүлүп жаткан ишти сындады. Анысы аз келгенсип, сот ишти карап ак же көк деп чечим чыгара электе анын ак экенин айтып коргоп жатканын кандай түшүнөбүз? Кандай болгон күндө да мыйзамга ылайык кылмыш иши козголгон адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин бир гана сот аныктайт эмеспи.

Ошентип оңду-солду карабай, ар нерсени айтуу меен эптеп элге жагынуунун айласын кылам деп жатып акыры партиясынан да куулду. Ошондон бери кайсыл жерде болсун “партияга мен көп добуш алып бергем, шайлоого катышсам акчасы жок эле депутат боло алам” деген күйдүргү сөзү оозунан түшпөй калган. Эми келип маалымат булактарынын бирине берген маегинде журналисттин “А кийинки шайлоого аттануу пландарда барбы?” деген суроосуна “КСДПдан болобу, башка партиядан болобу кайра аттануу планда бар” деп жооп кылыптыр. Кыязы КСДП кайра чакырып калар деген үмүтү бар го. Бирок кыргыздар улууга акараат айтып, суу ичкен кудугуна түкүрүп “ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын” болгон адамды экинчи сыйлабайт эмеспи. Муну океандын ары жагындагы АКШны кыбыла туткан Акаев түшүнөт болду бекен?..

Поделиться

Написать комментарий