15834
за день
1278274
за месяц

Ойнош деген сөздөн тажагандар токол статусун алууга ашыгып жатышкан го…

Ойнош деген сөздөн тажагандар токол статусун алууга ашыгып жатышкан го…

Быйыл жаз мезгили башкача… Дегеним, аба-ырайы бир жагынан кабагын ачпай жаан жаап, сел, көчкүсү утур кайталанып айлабызды алты кетирсе, эми келип бир жаш келин экинчи аял маселесин көтөрүп коомчулукту дүрбөтүүдө. Буга чейин канкор Бакиевдин тушунда Юстиция министрлигин жетектеген Марат Кайыпов көп катын алууну мыйзамдаштыруу боюнча демилге көтөргөн. Байкуш Татьянаны чанып жаш селкини айланчыктаган “шефине” жагынайын дегенби же өзүнүн ары жактагылары качан ачыкка чыгабыз деп мазесин алганбы, айтор, токол маселесин көтөрөм деп коомчулуктун жемесине калып максаты ишке ашпай калган эле. Андан кийин деле молдо чалыштар бул маселени тынбай сайрап келе жатышкан.

Бул сапар токол маселесин Назира деген журналист айым көтөрүп чыкканы кызык болду. Жаз айы келгенден бери жаны тынбай соцтармактарда экинчи аял алууну мыйзамдаштыруу керек деп көпчүлүктүн кыжырын кайнатып жүргөн. Эми ошол идеясын коомдук талкууга чыгарып, жыйындарды өткөрө баштаптыр. Чынын айтканда, аны колдогондор да жок эмес. Арасында айымдар деле жүрөт. Балким алар ойнош деген сөздөн тажагандар го. Себеби, илгери бай-манаптар, баатырлар жаш кызды сүйүп калып аны менен жашагысы келсе, кемпири менен кеңешип жашырынбай ачык жашаш үчүн аны экинчи аялдыкка алышкан жана алар токол деген статуска ээ болушкан эмеспи. Бирок, азыркы цивилизациялуу доордо анын демилгесин башына таш түшүп кеткен немелер же ойношторун ачыкка чыгара албай айласы куруп жүргөн шумпайлар эле колдобосо акылы соо адам атаңдын башы десе керек. Учурда соцтармактардагы талкууларда дагы “атаңдын башы” деген пикирлер басымдуулук кылууда. Анын үстүнө учурдагы Кылмыш жана жаза кодесинде эки же андан ашык аял алууга тыюу салынган берене бар. Ага ылайык, токолдуу болууну самаган эркек 2 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми журналист айым маалымат булактарына берген комментарийинде бул ишти аягына чыгарарын убадалаган экен. Кыязы, соцтармактарда биринчи турмушу болбой, учурда башы бош жүргөнүн көп жарыялап калчу эле анысынан бир нерсе чыкпай койгон го…


Поделиться

2 Comments - Write a Comment

  1. Кыжырын келип ичин ачышса туз жала. Эки аял алуу мыйзам ченемдуу корунуш. Сен каалайсынбы каалабайсынбы бул Кудай уруксат берген укук. Даарып цивилизацияны туу тутуп калган экенсин. Эч бир кынтык издоого себеп жок бул маселеде. Экиле аял эмес 4 аялга уруксат берилиш керек.

    Reply

Написать комментарий