3794
за день
1267668
за месяц

Айнура Арзыматова, саясат таануучу: “Бабакуловго кылмыш ишин козгоо – көпчүлүктүн талабы болчу, ал атайын пландын негизинде иштегендей”

Айнура Арзыматова, саясат таануучу: “Бабакуловго кылмыш ишин козгоо – көпчүлүктүн талабы болчу, ал атайын пландын негизинде иштегендей”

– Улуттар аралык кастыкты козуткан журналист Улугбек Бабакуловго кылмыш иши козголоору менен ал сыртка качып кеткени маалым болду. Ал чет өлкөдө да тынч жатпай актанууда. Эгер анын күнөөсү жок болсо эмне үчүн качып кетти деп ойлойсуз?

– Буга чейин президентке ал журналисттин кайсы бир укук коргоочу менен ушул темада сүйлөшкөнүн атайын кызмат билдирген экен. Демек, Бабакулов атайын пландын негизинде социалдык тармактардагы улут аралык кастыкты козуткан пикирлерди бетке кармоо менен элди дүрбөттү. Эгер ал өзү айткандай жарандык милдетин аткаргысы келгенде муну маалымат каражаттары аркылуу жарыя кылбай, тиешелүү органдарга кайрылышы керек болчу.

– Ошондой эле Бабакулов “мага укук коргоочу Азимжан Аскаровго болгондой камакка алуу жана андан кийин соттоо шоусун уюштуруу тапшырмасы берилгенин УКМКдагы мага жакын адамдар билдиришкен. Мындай перспектива мени кубандырган жок. Жаман отурганча, жакшы туруп турган жакшы” дептир. Аскаров менен Бабакуловдун ишин салыштырса болобу?

– Эми бул анын жеке фантазиясы болсо керек. Эгер ак болсо качпай эле мыйзам алдында жооп бериши керек болчу. Бабакуловго кылмыш ишин козгоо – көпчүлүктүн талабы болчу. Ошондуктан ар бир нерсенин чеги болгондой, соцтармактарда, маалымат каражаттарында улут аралык чатакты козуткандар да жоопко тартылышы кажет.

Булак: Курч.kg

Поделиться

Написать комментарий