1932
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Чагымчыларга катуу тыюу салынбаса, анда өлкөгө олуттуу коркунучтар күтүлөт

Чагымчыларга катуу тыюу салынбаса, анда өлкөгө олуттуу коркунучтар күтүлөт

Президенттик шайлоолордун алдында саясый айдыңдагы чыңалуу ар кандай күчтөрдүн, инсандардын жана топтордун амбицияларынын, ниеттеринин негизинде күчөйт. Бул кадыресе көрүнүш жана президенттик шайлоо – мамлекеттин кийинки алты жылдагы өнүгүүсүн аныктаган фактор болгондуктан, ар бир өлкөдө байкалат. Бир жагынан алганда, көптөгөн саясатчылар шайлоолорду спортчулар Олимпиаданы кабыл алгандай, өзүн көрсөтүү, “алтынга” ээ болуу катары кабылдашат.

Шайлоодогу жеңиш тарыхка өлкө президенти катары кирүүгө байланыштуу амбицияларды канааттандыруу гана эмес, керт башынын кызыкчылыктарын ишке ашыруу мүмкүндүгү катары каралат. Тилекке каршы, акыркы учур артыкчылыктуу укукка жана мамлекеттик өзгөчө абалга ээ болуу үчүн жогорку бийликке жетишүү – негизги мотив болуп саналат. Мындан улам, бийлик үчүн күрөшүүнүн мыйзамдуу жолдору гана эмес, мыйзамсыз аракеттер да ишке кирет. Айрым саясатчылар президенттик орунга жетүү үчүн бардык аракеттерин жумшашат. Алар максат каражаттарды актайт деген принципти карманып, бардык каражаттарын жумшоого даяр турушат. Бул мамлекет үчүн кооптуу жана мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучун жаратат. Алдыдагы президенттик шайлоолор көпчүлүк талапкерлер үчүн акыркы болуп калышы мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек. Азыркы саясый элита жакынкы жылдары жаңы, креативдүү жана туура ой жүгүрткөн саясатчылардын тобу менен сүрүлүп чыгары ачык болуп калды.

Президент А.Атамбаевдин соңку билдирүүлөрүнө караганда, ал жагдайды жакшы түшүнөт, көмүскө агымдарды көрүп турат жана саясый мейкиндиктин маанайын сезип турат. Аны ошондой эле, айрым күчтөр максаттарына жетүүдө бардык күчтөрүн жумшоого, анын ичинде өлкөдөгу кырдаалды туруксуздаштыруу мүмкүндүгүн колдонууга даярдыгы тынчсыздандырат. Айыгышкан атаандаштык күрөштө жеңишке укуктук талаада жетишүүго болбосо, бийликке “башка жолдор” менен өлкөнү хаоско батыруу аркылуу келүү аракети. Мында ар кандай, жада калса, этностор аралык кагылышууларды жаратуучу опурталдуу ыкмалар колдонулушу ыктымал. Тарых көрсөткөндөй, этностор аралык араздашууларды тутантуу көп улуттук маанайдагы коомчулукта коомдук пикирге таасир берүүнүн кыйла натыйжалуу ыкма болуп саналат.

Атамбаев бул тууралуу “Таза коом” конференциясы учурунда өз стилинде, өктөм жана компромиссиз түрдө айтты. Президент мындай импульсивдүү болууга жана экспрессивдүү сөз каражаттарын колдонууга мажбур болгон чыгаар. Анткен менен чыныгы коркунучту көргөндө, элге жумшак жеткирүү өзгөчө деле ойго келе бербейт. Адамдар түшүнөт. “Биз шайлоону тиешелүү түрдө өткөрөбүз, ал эми кырдаалды туруксуздаштырууну каалагандарды өз ордуна коебуз”, – деди президент Атамбаев.

“Алдыдагы шайлоолордон эч кооптонгон жокмун. Мен ачык эле айтам. Көлөкө түшүрүп, каралоолор сөзсүз болорун билем… Сапардын алдында мага “Фейсбуктагы” посттор боюнча улуттар аралык араздашууну жаккан материалды көрсөтүштү. Журналист укук коргоочулар менен сүйлөшкөндө, посттордон кийин өздөрү кылмыш ишин козгошту. Бул Бабакуловдун постторуна чейин болгон. Биздин кызматтар тиешелүү ыкчам чараларды жүргүзүштү. Журналист өлкөбүздө белгилүү укук коргоочулар менен сүйлөшкөнүндө акыркысы ага: “Сен ушул маанайда уланта бер. Бул бийликке жакпайт, бирок сен сөзсүз түрдө саясый башпаанек аласың”, – дейт. Башкача айтканда, өлкөдө улуттар аралык кагылышууну тутандыр, бирок бул үчүн башпаанек аласың. Келгиле, баарыңар чогулуп, учак уюштуруп, бул жактан кетирип жиберебиз. Бизге тынчтык жана туруктуулук керек. Мен баарына көнүп калдым, бирок мындай пастык таң калтырат”, – деди мамлекет башчысы.

Чынын айтсам, “укук коргоочу” менен журналист Бабакуловдун сүйлөшүүсү таң калтырып эле тим болбостон, акыл-эси жайында болгон адамдарды туңгуюкка кептейт. Бабакулов чуулгандуу “Айбан сымал адамдар” макаласын соцтармактагы чагымчыл талкуунун бири боюнча гана жазып койгон эмес. Анын бул тынчсыздануусунун аркасында башка максаттар болушу мүмкүн. Ошондой эле, макала июнь окуларынын кезектеги жылдыгынын алдында жарыяланышы шек жаратты. Журналист соцтармактардагы чагымчылардын шек келтирген сөздөрүн макаласында келтирип койгон.
Албетте, атайын кызматтар маалымат айдыңындагы бул окуяларга жооп кайтарды. Алар постту жазып, чагым жасагандарды кармашты. Ошондой эле, Бабакуловдун өзүнө карата да кылмыш иши козголду. УКМК билдиргендей, УИА эксперттеринин жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун адистеринин филологиялык-саясий экспертизасына ылайык, У.Бабакуловдун макалаларында этностор аралык карама-каршылыктарга үндөгөн, улуттук абройду кемсинткен чакырыктар бар. Бул чакырыктар жана кемсинтүүлөр жарандарды мыйзамга каршы, туура эмес аракеттерге түртүшү мүмкүн.

“Көрүлгөн ыкчам чаралардын жүрүшүндө 2010-жылдагы июнь окуяларынын кезектеги жылдыгы алдында У.Бабакулов белгиленген чагымчылдык мүнөздөгү макалаларды керт башынын пайдасын – үчүнчү өлкөдө “саясый башпаанек” алуу үчүн жазганы аныкталган”, – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бирок, соцтармактарды талдоо көрсөткөндөй, мындай адамдар жетиштүү. Алар күчтөрүн Мухаммед пайгамбарга шек келтирүү аркылуу динчилдердин сезимине тийип, ислам салттарынын беделин кетирүү менен диний касташууларды жаратууга жумшап жатышат. Бул учурдагы саясый түзүлүш Исламдын жактоочуларын кемсинтүүгө, репрессиялоого гана багытталгандыгын ырастоо менен динге ишенгендерди катарына кошуу үчүн экстремисттергежол ачат. Башка чагымчылар жүз жылдык каргашалуу окуяны козгоп, орустарга карата кастык мамилени түзүүгө умтулушууда.
Эгерде мындай чагымчыларга катуу тыюу салынбаса, анда өлкөгө олуттуу коркунучтар күтүлөт. Кимдир бирөө Атамбаевди анын импульсивдүүлүгү үчүн, айрым экспрессивдүүлүгү үчүн сындоонун алдында, ириде кырдаалга тыкыр көңүл буруулары керек. Алдыда президенттик шайлоолор, ким жеңе тургандыгы белгисиз, бирок жеңиш акыйкат болушу шарт.

Атамбаев кетет, андан соң кийинки президент кызматын өткөрөт. Бирок, өлкө сакталып калып, өнүгүшү, өсүшү жана гүлдөшү керек. Акыл-эстүү адамдын тилеги ушул эмеспи?

Ильяс КАНГЕЛДИ, публицист

Булак: Курч.kg
баннер А

баннер C

Поделиться

Написать комментарий