3862
за день
1267728
за месяц

Канат Садыковдун бет пардасын ачпасак болбой калды

Канат Садыковдун бет пардасын ачпасак болбой калды

Буга дейре биздин гезит Ж. Баласагын атындагы КУУ ректорлугуна андагы талапкер Канат Садыковдун ишиндеги былык-чылыктар тууралуу материалдарды коомулук сынына койгон элек. Макала жарык көргөндөн тарта ушул күндөргө чейин Садыков университеттеги ар кимден шек санап, журналистика менен филология факультетиндеги мугалимдерди үч көтөрө «гезиттегини силер студенттериңерге айтып жаздырдыңар» таризинде бурк этип жатканы кандай? Кызык, бул эргул күнөөсүн моюндап калгандын ордуна беттырмарлык деңгээлге түшүп, интригаага аралашып жактаны таңгалдырууда. Мындай шартта биз анын кечээги «чаң баскан» изине кызыгып, министрликтен кантип куулуп кеткени боюнча коомчулукка маалымдап, бет пардасын ачпасак болбой калды. Азырынча орозодо сабырдуу боло туралы, калган кепти кезеги келгенде четинен тизмектөөгө аракет кылмакчыбыз. Баса, кечээ эле Адамкулованын кареги менен тең айланып, анын кызматтан кетпешин чарк айланып талап кылышкан Алай Шамшиев, Кундуз Базакеева баштаган декандар бүгүн жүздөрүн шарт буруп, Канат Садыковдун бутуна жыгыла кошмат кылганы, өзгөчө Шамшиевдин аялы Гулназ Мысакулова окуу жайдын каржы-план бөлүмүн башкарып, бир үй-бүлөдөн экөөнүн университеттеги жетекчилик орундарга мыктай отуруп алганы моралдык жактан туурабы? Кыскасы, булар боюнча кеп али алдыда.

Булак: Азия Ньюс

Поделиться

Написать комментарий