3940
за день
1267800
за месяц

Ишкерлерге кысым көрсөткөн тергөөчүлөр менен прокурорлор катуу жазаланат

Ишкерлерге кысым көрсөткөн тергөөчүлөр менен прокурорлор катуу жазаланат

Жакшы жаңылык. Болбосо тергөөчү менен прокурордун айынан жеке ишкерлер зыян тартып калган учурлар жок эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров пайдалуу мыйзам долбоорун сунуштаптыр. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишкерлерди негизсиз жазык куугунтугуна тартуу үчүн тергөөчүнүн, прокурордун жоопкерчиликтерин күчөтүү болуп саналат. КРнын мыйзамдарына конкреттүү ишкерге карата эмес, кылмыш жасоо фактысы боюнча жазык ишин козгоо үчүн каралган жетиштүү негиздер жок болгондо жазык ишин козгоо учурлары көп. Мындай иштерди тергөө бир нече айга чейин созугу мүмкүн жана андан кийин токтотулуп калат. Бул мезгилдин ичинде ишкерлер көптөгөн чыгашаларга дуушар болушат, бизнес-процесстер бузулуп, материалдык зыян келтирилет жана иштиктүү репутацияга кедергиси тиет. Мыйзам долбоор менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 321-1-статьясын (Кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгоо) 4- жана 5-бөлүктөр менен толуктоо сунушталып жатат, ал төмөнкүдөй:

Ишкердик ишке тоскоолдук кылуу же болбосо, керт башын ойлоо же башка жеке кызыкчылыгын көздөө максатында жасалган жана ал жосун:

–  Олуттуу зыян тартууга алып келсе, эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо;

– Ири зыян тартууга алып келгенде, беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо сыяктуу кылмыш ишин козгоо үчүн кылмыш иштин тергөөчүсү, прокурору кылмыш ишин козгоо үчүн белгилер, ошондой эле КРнын мыйзамдарына каралган жетиштүү негиздер жана себептер жок болгондо билип туруп мыйзамсыз иш козголушу. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда кабыл алынды. Айрым депутаттар, бул мыйамдын негизинде кылмыш иши козголгон тергөөчү же прокурор келечекте адвокат да болуп иштей албай турган болуш керектигин кошумча киргизүүнү сунуш кылышты.

Булак: Ачык саясат

Поделиться

Написать комментарий