2050
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

Айнаш Токбаева Жогору соттогу мыйзамга каршы аракеттерди эске алса…

Айнаш Токбаева Жогору соттогу мыйзамга каршы аракеттерди эске алса…

Жогорку соттун ичи чыңалып отуруп, «мини революция» деңгээлине жеткен окшойт, төрайым Айнаш Токбаева аппарат жетекиси Жекшен Жандралиевди алып түшүп, анын ордуна Марат Осмонкуловду дайындады.

«Мини революция» дегенибиздин себеби мында, өткөн жумада «Алиби» гезитине «Жогорку сот Акыевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна өткөнбү?» деген атын жашырган, бирок Жогорку сотто иштегендердин кайрылуусу жарык көргөн. Анда ата-бала Арзыбек, Канбыек Акыевдер Жогорку сотту кандайча үй-бүлөлүк метод менен башкарып жатканы тууралуу жазылган. Арзыбек Акыев Жогорку соттун судьясы, баласы Каныбек Акыев Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токобаеванын кеңешчиси. Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам боюнча бир туугандар, ата-бала бир жерде, өзгөчө адам тагдырын чечкен Жогорку сот сыяктуу бийлик бутагында бирге иштөөгө болбой турганы жазылган. Ага карабай булар мыйзамды «пыш» деп коюшуп, эч кимди тоготпой иштеп эле келе жатышат.

Башкасын тим койгондо да, ата-баланын «акылмандыгы» менен азыр Жогорку соттогу баардык башкармалыктардын жетекчилигине негизинен кыргыз тилин билбеген адамдарды коюшту. Ошол эле убакта кыргыз тилин, өз кесибин мыкты билген кыргыздын улан-кыздары четте калышты. Азыр Жогорку сотко чалсаңыз, кыргызча жооп уга албайсыз, анткени андай жерге азыр орус тилдүүлөр гана отурушат. А жогорку сот дегенге Кыргызстандын баардык айылдарынан, алыскы райондорунан арыз-арманын айтып, телефон чалган адамдар көп болоору Айнаш Тобаевага баары бир окшойт. Кыскасы, бул жаатта азыр ушундай «реформа».

Булак: Азия Ньюс
Баннер B
баннер C

Поделиться

Написать комментарий