3908
за день
1267768
за месяц

Соттор да ыйлашат экен

Соттор да ыйлашат экен

Белгилүү журналист Шейшекан Жаналиева интернеттеги баракчасына мындай деп жазган экен: «Байлар да ыйлайт» дегендей, соттор да ыйлайт тура. Тобоо. Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыевге «тиштери» өтпөгөн соттордун ыйына «боорум ооруду». Азыр дээрлик бардык системада коррупциянын арааны жүрүп турган чакта адилеттүүлүктү, калыстыкты туу туткан соттордун ыйы шоона эшпейт. Соттор да калыссыздык, адилетсиздик деген эмне экенин жон терилери менен сезишсин!» – дептир. Тактап айтканда кечээ Жогорку Соттун жалпы судьяларынын атынан кесиптеши Акыев деген сот жана анын баласы Каныбек Акыевге карата нааразы болуп жазган арыздануу каты  интернет булактарына тарады. Анда Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Тобаеванын жогорудагыларга карата эч кандай чара көрбөй жатканы туурасында ыйлактап жазган нааразычылыктары камтылган. Соттор жөнөкөй жарандарды гана ыйлатат экен десе, көрсө өздөрү деле ыйлашат тура бечаралар…

Булак: Ачык саясат

Поделиться

Написать комментарий