3900
за день
1267764
за месяц

«Мектеп курулуштары жаатында коррупция күч»

«Мектеп курулуштары жаатында коррупция күч»

– Зиядин Исламович, сиз бүгүн депутаттардын көңүлүн бир эле типтеги мектеп ар кайсы региондордо ар кандай баа менен курулуп жатканына бурдуңуз. Байкасак, бул чындап эле таң калыштуу көрүнүш окшойт.

– Эми мен муну асмандан алган жокмун да.  2016-жылдын бюджетин талкуулап жатканда, бизге кайсы жерде кандай мектептер курулуп жатканы боюнча тизмени алып келишти. Мен көңүл буруп карасам, 225 орундуу мектепти курганга кээ бир жерлерде 55 миллион, 63 миллон, кээ бир жерлерде болсо 92-105 миллионго чейин каралыптыр. Анан мен таң калдым да. Кандайча мындай болушу мүмкүн? «Балким, алыскы райондор болуп жүрбөсүн» десем, андай деле эмес экен. Айырма бир-эки миллион болсо мейли эле. Кырк-элүү миллион болбошу керек да. Арадан бир жарым жыл өттү, ал боюнча эч ким жоопкерчиликке деле тартылган жок. Курулуш ошол тартипте жүрүп жатыптыр. Ошол акчага бир мектептин ордуна эки мектеп курса  болот эле.

– Сиз өзүңүзчө иликтеп көрдүңүзбү, бул жерде кандайдыр бир коррупциялык схемалар жокпу?

– Көз көрүнөө эле коррупция болуп атпайбы. Ошол жерде канча архитекторлор отурушат, эмне үчүн көңүл бурушпайт? Көз жумуп коюп отурушат да. Мен курулушчу эмесмин. Бирок, мен байкап аткандан кийин алар эмне, байкаган жок дейсиңерби? Көрүнүп эле турат да. Ишенбесеңер ошол тизмени карап көргүлө, аябай эле айырма чоң. Бир эле мектеп эмес, үч-төрт мектеп. Бюджеттик акчаларды биз сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек да. Ушундай кыла берсек бюджетибиз канча миллиард болсо да жетпейт. Курулуш сапаттуу бүтсө бир жөн. Мына, көрүп атпайбызбы, бир жылдан кийин полдору чирип, чатырынан тамчы өтүп атат…

Булак: Азия Ньюс

Поделиться

Написать комментарий