3950
за день
1267808
за месяц

Мамлекетке миллиондоп карыз болгон «Алтын Тоо» базарын текшерген орган барбы?

Мамлекетке миллиондоп карыз болгон «Алтын Тоо» базарын текшерген орган барбы?

Байкуш бир кембагал огородунун же үлүш жеринин салыгын төлөй албай калса өпкөсүн үзүп туруп, акыркы малын саттырып төлөтүп алышмак. Нургазы Арстанбек уулуна тиши өткөн бирөө барбы? Бул киши Дордойдун катарынан орун алган ОсОО «НААРга» тийиштүү «Алтын Тоо» базарын иштетип келет. Бирок мамлекетке жердин ижара акысын (аренда земли) төлөбөйт экен. Бишкекшаардык Мэриясына караштуу УМСтин (Управление муниципальной собственности) карамагындагы жерди 49 жылга  ижарага  акысын мамлекетке төлөбөй, соттошкондон чарчабайт. Бул боюнча соттук териштирүүлөр болуп келет. Төлөнбөй келген ижара акысынын жалпы суммасы 57 миллион сомду түзөт. Ошентип учурда 57 миллион ижара акысын төкпөй үргөн көпөстөргө мыйзам иштебейт экен деп калдык. Таянган тоосу ким эле? Эмне үчүн  тиешелүү органдар Нургазы Арстанбек уулунан коркуп, ижара аыны өндүрө албай келишет? 57 миллион деген оңой акча эмес да, ал акчага шаардын бир канча ооруканасына ремонт иштерин жүргүзүп койсо болот. Өкмөткө ижара акыны төлөгүсү келбегендер мамлекеттин өнүгүшүнө кайдыгер  адамдар деп билебиз. Биз жогорудагы ОсОО «НААР» боюнча иликтеп жатабыз. УМСтен сырткары дагы мамлекеттин башка органдарына да карыз деген маалыматтар келип жатат. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибримов билеби? Билсе эмнеге унчупай отурат? Эгер билбесе, биздин гезиттеги маалымат менен таанышып, ижара акысынан качкан ишкерге чара көрөр. Же анын «крышасы» Албек өзүбү? Биз муну ушул бойдон жазып коюп таштап салбай, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине билдиребиз. Жогоруда аталган ОсОО «НААРдын» 50 пайызын Токтоматов Нурмамбет, калган 50 пайызын Сабирова Арзыгуль Курманшитовна ээлик кылышат экен. Булар кимдер?

Булак: Ачык саясат

Поделиться

Написать комментарий