2379
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер С

Ө. Текебаев С. Жапаровго ат тезегин кургатпай каттап, кызматташып калганынын сыры – мародерчулукта беле?

Ө. Текебаев С. Жапаровго ат тезегин кургатпай каттап, кызматташып калганынын сыры – мародерчулукта беле?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы үстүбүздөгү жылдын 22-майында 2013-жылдын январь айынан бери карай мародерчулук фактысы боюнча укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1979-жылы жарык дүйнөгө келген Кыргызстандын жараны Тимур Оторбаевди кармаганы маалым.

УКМК берген маалыматы боюнча бул жаран Кылмыш кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүгү (турак жай жана турак жай эмес имараттарды өзүм билемдик мененбасып алуу), 350- берененин 4-бөлүгү (жасалма документ жасоо) жана 166-берененин 4-бөлүгү (алдамчылык) боюнча издөөдө жүргөн.

Жөнөкөйлөштүрүп айтсак, Тимур Оторбаев 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбеков жана издөөдө жүргөн Тимур Назаркулов менен бирге мурда М. Бакиевге таандык болгон Киев көчөсү №74 дарегиндеги имаратты мыйзамсыз басып алууга катышкан. Андан сырткары Алексей Елисеевге тиешелүү батирди 0,011 гектар  жер тилкеси менен кошо  өзүнө каттатып алган. Мындан сырткары Т. Оторбаев алдамчылык жол менен Бишкек шаарынын аймагынан турмуш-тиричилик курулуштарын жана имараттарды алган.

УКМКнын берген маалыматы боюнча бул жаран мурда коррупцияны алдын алуу боюнча КР Улуттук агенттигинде, андан кийин С. Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган кезинде анын жардамчысы болуп иштеген.

Демек, С.Жапаров да 2010-жылдагы мародерчулуктан куру калбаса керек деген ойго келесиң. Эзели пикирлери келишпеген Ө. Текебаев менен С. Жапаровдун камакка алынышканга чейин эмне эле бири-бирине ат тезегин курткапай катташат десе мародерчулук фактысы боюнча чырмалыша байланып калышкан тура. Анан бири-бирине колдоо көрсөтүп, чет жакта Кыргызстандагы абалды курчутуу жаатында пландарды түзүп жүрүшкөн экен да…

Булак: Де-Факто
баннер C

Поделиться

Написать комментарий