3942
за день
1267802
за месяц

Жамшитбек Калилов жаа бою качуусунун сыры эмнеде?

Жамшитбек Калилов жаа бою качуусунун сыры эмнеде?

Эмнеге эле элдер министр, аткаминер болгусу келе берет деген ой кетчү. Көрсө ал жерге «эл үчүн иштейин» же «айлыгы жакшыраактыр» – деп эмес, капчыкты кампайтуу үчүн барышат тура. Мына дагы бир эргул капчыгын кампайтуу үчүн каналадай эле «соргучка» айланып баратыптыр. Аныгында, каарманыбыз Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун бир топ мыйзамсыз иштери боюнча сөз кылсак узун сабак кеп болчудай. Атап айтсак, Жамшитбек мырза жол курабыз деген компанияларга өзүнүн «өзгөчө» шартын коюп, тендерге утуусу үчүн ири суммадагы жашылбайларды жамырып атканы жалганбы? Анүстүнө өз сөзүндө ишкерлерге «Бул система Калиловго чейин эле калыптанганын билесиңер да» – деген өңдүү док артып, «шапкенин» тарифин жогорулатып ийгени коомчулукка тарап кетти. Бул боюнча жооп алалы деген журналисттерди Жамшитбек мырзанын жаа бою качканында сыр бар окшобойбу?

Булак: Де-Факто

Поделиться

Написать комментарий