15668
за день
1278112
за месяц

Эмгек эч качан жерде калбайт же Сооронбай Жээнбековдун унчукпай иштөөнүн үлгүсү

Эмгек эч качан жерде калбайт же Сооронбай Жээнбековдун унчукпай иштөөнүн үлгүсү

«Мен» деп көкүрөк каккылабай, «кыйратып атам» деп көөдөндү көтөрүп, ММК беттерин бербей, пиар жасабай эле көп иштерди жасаса боло турганын учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков таасын далилдеп келатат. Байдылда Сарногоевдин: «Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам» деген таасын ыр саптары бар. Анын сыңары «бул майда иш экен, аны менен элге көрүнө албайм» деген ой Сооронбай Жээнбековдо эч качан болгон эмес.

Айрым саясатчылар элге көрүнүш үчүн аткара албай турган убадаларды да берип келишет. Ал эми Сооронбай Шарипович эч качан андай кадамды жасаган эмес. Ал убада берүү менен эмес, иш жасоо менен гана алектенип, өзүнүн чарбачыл жана жетик жетекчи экендигин көрсөтүүдө. Биз бул жолу С. Жээнбековдун Ош облусун жетектеп тургандыгы ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылгыбыз келди.

Беш жылда  190 өнөр жай ишканасын ачуу – чоң эрдик

2010-жылы адегенде апрель окуясы, андан соң июнь коогалаңы болуп өтүп, өлкө экономикасы оор кырдаалда өлкөбүздү алдыга сүрөп, анын биримдигин чыңдап, аны менен бирге экономикасын да көтөрүү милдети турган. Өзгөчө июнь коогалаңынан кийин Ош облусундагы кырдаал өтө оор эле.

Мына ошоол оор күндөрдө Ош облсунун башына Сооронбай Жээнбеков келди. Дээрлик беш жылга чукул аталган облусту жетектөөдө ал өзүнүн чарбачыл жана жетик жетекчи экендигин көрсөтө алды. 2010-2015-жылдардын башкы натыйжасы экономикалык өсүштүн оң динамикасын сактоо болду.

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча регионалдык дүң продуктунун (РДП) көлөмү 31,7 млрд сом суммасында болгон жана өсүштүн реалдуу темпи 155,4%ды түзгөн. Ал эми 2010-жылы 20,4 млрд.сом, же реалдуу өсүш 96,2%ды түзгөн эле. Демек, РДПнын көлөмү беш жыл ичинде дээрлик эки эсеге чукул көтөрүлгөн десек туура болот.

Ошол убакта өнөр жай продукцияларынын өндүрүлүшү 1,8%га көтөрүлгөнүн да белгилеп кетүүбүз керек. Тактап айтсак, 2010-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 2,1 млрд сомдук продукция өндүрүлсө, 2015-жыйынтыгы боюнча 3.8 млрд сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн.

Эң башкы айта кете турган жагдай – бул С. Жээнбеков Ош облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган чакта облус боюнча жалпысынан 190 жаңы өнөр жай ишканалары ачылганында. 2010-жылы 7 жаңы өнөр жай ишканасы ачылса, андан кийинки жылдары 25-30-35тен болуп отуруп, 2015-жылы 70 ишкана ачылган.

Албетте, мунун баарын С. Жээнбеков убагында мактанып, жар салган жок. Айрым саясатчыларга окшоп. бир эстеликтургузуп алып деле мактангысы келбеди. Бирок, мындай ийгиликтерди жаратуу үчүн ал Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган атайын токтомдору менен 2011-жыл Ош облусунда «Инвестицияларды тартуу жана өндүрүштү түзүү жылы», 2012-жылы Ош облусунда «Кичи жана орто бизнести, жаңы орундарды түзүү жылы», 2015-жылы Ош облусунда «Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы» деп жарыялап келген. Жарыялап гана тим калбастан, ошол токтомдордун аткарылышын катуу көзөмөлгө алган.

Мамлекеттик салыктарды жана жыйымдарды чогултуунун беш жылдагы айырмачылыгы – 2,7 эсе.

Бекем тартип жана талап ар кандай солгундап кеткен ишти алдыга сүрөйт. Андыктан Сооронбай Жээнбеков облус башына келгени мамлекеттик салыктар жана жыйымдардын да өз убагында чогулушуна өзгөчө көңүл бурган. Натыйжада мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча 662 млн. сомду түзсө, 5 жыл аралыгында же 2015-жылдын жыйынтыгы менен 1 млрд. 822 млн. сомго жетип, 2010-жылга салыштырганда 1 млрд. 160 млн.сомго жогорулап, 2,7 эсе өскөн.

Мисалы, республикалык бюджетке чегериле турган салык жана жыйымдардын көлөмү 2010-жылы 259,2 млн. сом болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 659 млн сомго жеткен. Дмек, 2,5 эсеге көбөйгөн. Ошол эле убакта жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктык киреше 2010-жылы 402,8 млн сомду чапчыган. Демек, 2,5 эсеге көбөйгөн болобу? «Эбепке себеп» деп коет кыргызда, салыктардын жана жыйымдардын көбүрөөк чогулушу жогоруда айтып кеткен жаңы ишканалардын ачылышы менен тыгыз байланыштуу болгон.

Ушундай эле ийгиликтүү көрсөткүчтөр – айыл чарбасында да болду. Облуста айыл чарба тармагынын продукциясынын дүң чыгарылышы 2010-жылы 20 млрд. 658 млн. сом болсо, 2015-жылдын жыйынтыгында 35 млрд. 700 млн. сомго жетип, 5 жыл аралыгында 15 млрд. 43 млн. сомго көп продукция өндүрүлүп, 1,7 эсеге өскөн.

Мал чарбачылыгында, мал дарылоо багытындагы ийгиликтер

СССР деген держава урап түшкөндөн кийин узак жылдар бою ветврачтардын эч кимге кереги жоктой болуп калган. Бирок, акыркы бир нече жылдардан бери бул адистиктин өтө керектүү адистик экендиги ачык билине баштады. Себеби, мал баккандардын саны көбөйдү, ага ылайык кой-эчки, уй-жылкыларды дарылоо зарылчылыгы келип чыкты.

Мына ушуну туура баамдаган С. Жээнбеков облустун аймагында жагымдуу эпизоотиялык кырдаалды камсыздоо жана туруктуу сактоо максатында 2010-жылдан 2015-жылга чейин айылдык аймактарда ветеринардык кесиби бар жарандарга, жеке менчик ветеринардык сервистерди уюштурганга шарт түзүп берди. Натыйжада алардын саны 110 ветеринардык сервистен 211 ветеринардык сервис уюштурууга жетишилип, өсүү ыргагы эки эсеге өстү. 2010-жылы 184 ветеринардык адистер бар болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 454 болуп калды.

Мындан тышкары бодо малды жасалма уруктандыруу жаатында байкалаарлык иштер жасалды. Атай кетсек, 2010-жылы бодо малды жасалма уруктандыруу боюнча кызмат көрсөткөн 20 пункт бар болсо, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 67 пункт иштеп турат. Анан дагы айыл-чарбасына ылайыктуу жерлерди өздөштүрүү үчүн техникалык жабдуулар өтө  зарыл экендиги белгилүү. Сооронбай Шарипович муну да туура баамдап, натыйжада бүгүнкү күндө 186 трактору менен 31 жеке менчик МТС иштөөдө.

45 миңден ашуун жарандарга жер тилкесин алып берүү – бул элдин камын ойлоо

Сооронбай Жээнбеков Ош облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган маалда 45 миңден ашуун жарандар жер тилкелерине мыйзамдуу жол менен ээ болуп калганына чоң күч-аракет жумшаганын оштук туугандар дагы деле унута элек. Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарынын 2010-жылдагы жер талаш маселеси боюнча жеке турак жай курууга муктаж жарандардын социалдык маселесин чечүү максатында Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын буйругу менен атайын коомдук комиссия түзүлүп, Ош шаары жана Ош облусунун аймагындагы жарандардын, Ош шаарында 3 жылдан көп убакыттан бери ар кайсы жерлерде жашаган жарандардын тизмеси такталып, 45 миңден ашуун жарандардын тизмеси КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынан текшерилип, алардын атында үй-бүлө бар же жоктугу аныкталып чыгып, аларга Кара-Суу районунда Ачы (1043) жана Араван райондорунун Кең-Сай (1124га) турак жай массивинен жер тилкесин ажыратып берүү маселеси чечилген. Ошондой эле бул турак жай массивдерине жол, суу чыгаруу үчүн Кең-Сай массивдерине жол, суу чыгаруу үчүн Кең-Сай массивине 7,8 км жерине канал, ФАП жана электр энергиясын алып баруу максатында трансформатор, подстанциясы, столбалар курулду. Натыйжада 16932 үй-бүлө өздөрүнө турак-жай салуу үчүн жер тилкелерине ээ болуп калышкан.

Элдин камын ойлоонун дагы бир үлгүсү катары – С. Жээнбековдун облус башчысы кезинде балдар бакчаларынын санын көбөйтүү багытында көбүрөөк иш жасаганын баса белгилеп кетсек болот. Башкача айтканда, ал губернатор болуп турган 5 жыл ичинде балдар бакчаларынын саны 155ке өскөн.

Мына ушундай алгылыктуу иштерди Сооронбай мырза маалымат булактары аркылуу пиар кылбай эле жасаган. Бүгүнкү күндө да өкмөтүү татыктуу башкарууда. Андыктан төш каккылабай эле иштөөнүн үлгүсүн С. Жээнбеков көрсөтүүдө деп ишенимдүү айта алабыз.

Булак: Де-Факто

Поделиться

One Comment - Write a Comment

Написать комментарий