2229
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер С

Month: June 2017

Турсунбеков: “Орус делегациясы президенттикке талапкерлерди көрүү үчүн келген жок”

Орусия делегациясы Кыргызстандагы президенттикке талапкерлерди көрүү үчүн келген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков VI чакырылыштагы парламенттин экинчи сессиясынын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны учурунда билдирди. Турсунбеков Мамдуманын спикери Володин баштаган делегация шайлоо алдындагы кырдаалды байкоо үчүн келди деген эксперттердин пикирине кошулбайт. «Володин менин чакыруумдун негизинде келди. Эгер талдоочулардын логикасына таянсак, анда орус делегациясы…

Камчыкеге комуз гана жетишпей турат да…

Канкор Бакиев бийликтен кулаганда алдастап дайынын таппай калган саясатчылар абдан көп. Ошолордун сап башында тургандардын бири Камчыбек Ташиев жаңы бийлик келгени чоң саясатта өз алдынча эч нерсеге жарабай, ар кимди ээрчимейди адат кылган. Бирок “никелешкендери” максаттарына жеткен соң байкушту ай-талаага таштап кетишип, айласы кеткенде океандын ары жагына барып бир дем алып келген. Ошондон бери короосунан алыс…

Жээнбековду үлкөн күчтөр колдой башташты, Бабанов да катарга кошулабы?

КСДПнын саясый кеңеши президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Сооронбай Жээнбековду түркүн саясый күчтөр колдоого өттү. Маселен, парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” фракцияларынын таасирдүү депутаттары атайын билдирүү таратып, аламан жарышта Сооронбай Шариповичти сүрөөнгө алаарын расмий жарыялашаары күтүлүүдө. Ошондой эле “Кыргызстан”, “Замандаш” сыяктуу партиялар жакынкы аралыкта жыйын өткөрүп, С.Жээнбековду колдоорун расмий билдиришмекчи. Буга улай Апрель революциясынын урматына түзүлгөн бирикмелер, коомдук…

Апрель революциясынан кийин Текебаев президенттей каада күтүп калды беле?

29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Мегаком» компаниясынын тегерегинде 1 млн. долларлык коррупциялык ишке байланыштуу шектелип, кылмыш иши козголгон Ө. Текебаев менен Д. Чотоновдун иши боюнча сот процесси уланды. Бул ирет сот процессине Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн арыз жазган россиялык ишкер Леонид Маевский өзү келип, көрсөтмө берди. «Мен Модин менен чогуу Бишкектин чет жакасындагы…

Доктор Апас кайдасыз?  Сизди күйөрмандарыңыз күтүп атат

Буга чейинки президенттик шайлоолор астында адаттагысындай эле Кубанычбек Апас Москвадан учпай жатып эле кабар салып, анан ал “Манас” аэропортуна конгондо журналисттер утурлай тосуп алышчу. “Менден башка саясатчы Кыргызстанды оңдой албайт, башкалары бүт коррупционер, ууру” деп келген Доктор Апастын быйыл үнү чыкпайт. Же бул каарманыбыз да мурдагы кемчиликтеринен сабак алып, шайлоого жакындаганда эле салабаттуу мүнөз менен…

Турсунбай аттанды

Экс-депутат же экс-Омбудсмен катары эмес, дин маселесин көтөргөнү жана көп аял алганы боюнча элдин назарына илинген Турсунбай Бакир уулу да теминип, күздө өтчү президенттик шайлоодо ат салышарын ачыкка чыгарды. Былтыр “ЭрК” партиясынын 25 жылдык маарекесине арналган курултайда президенттикке талапкер көрсөтүү маселесин карап, Турсунбай Бакир уулун сунуштаган. Маалымат боюнча партияда 25 миңдей мүчө бар. Бирок, Бакир…

Мырзакматовдун “арзыматы” саналган Соурбаева Жогорку соттун төрайымына кандайча кеңешчи болуп калды эле?

Сюита Соурбаева аттуу аты-жыты анчейин белгисиз, чалагайым журналист бар. Жашы кыркты көздөй чукулдап баратканы менен али «казан-аяк университетине» өтө элек. Студенттик жылдарынын акыркы убактарында ал кездеги КТРдин «Ала-Тоо» маалымат программасына каттап жүрүп, азыноолак иштеген болуп, андан соң «Бешинчи каналга» которулуп кеткен. Ошол кезде ал аталган телеканалдан борбордук аянтта өтүп аткан кайсы бир чоң майрамды түз…

Эки кабинеттин бириктирилгенин билип туруп “ата мекенчилер” неге Модиндин көрсөтмөсүн чаташтырууга барууда?

28-июнда коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон “Ата-Мекен” лидери Ө. Текебаев менен анын партиялашы, экс-элчи Д. Чотоновдун иши боюнча сот процесси кайрадан уланды. Бул жолу да Текебаев менен Маевскийдин ортосунда ортомчу болгон Россия жараны А. Модиндин көрсөтмө берүүсү улантылды. А. Модин “Мегаком” компаниясын алып берүү убадасы менен Ө. Текебаев Л. Маевскийден 1 млн. долларды эки транш…

«Кыргызстан» авиакомпаниясынын 49% акциясын Кытайга сатуу сунушталды

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишев 28-майда HNA Aviation Investment Group компаниясынын башкы директору Чэн Минцюн менен жолугуп, кытай тарапка “Кыргызстан” авиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатып алууну жана анын базасында биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады. Жолугушуунун жүрүшүндө башкы консул Хайнань авиакомпаниясынын учактары “Манас” аэропортун транзиттик жай катары пайдаланса боло тургандыгын белгиледи. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын…

“Акшумкардын” штабын Элмира Ибраимова башкарышы күтүлүүдө

Буга чейин” Акшумкар” партиясынын штабын Алтынбек Эргешов жетектеп келген. Бул жигиттин уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, аппаратчик катары тажрыйбалуу мүнөзгө ээ болчу. Бирок, Темир Сариев штабдын ишин мындан дагы күчтүүнү көздөдүбү, айтор, Алтынбектин ордуна Элмира Ибраимованы апкелип, алдыга жылуунун жаңы үлгүсүн көрсөткөнү туру. Бир четинен бул вариант деле жөндүү. Себеби, Элмира Султановна аялзатынан чыккан чынчыл, чыгаан мамлекеттик…