15696
за день
1278138
за месяц

Month: April 2017

Президент Алмазбек АТАМБАЕВ: “Көчкүсү келбегендерди да түшүнөм”

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл округунун Аюу айылында каргашага байланыштуу жарандарга кайрылуу жасады. Анда өлкө башчыбыз: “Бүгүн Кыргызстанда, тилекке каршы, кайрадан көчкү болуп, Өзгөн районунда кичинекей айылды, он чакты үйдү басып калды. Жетөөсүндө киши жашап жаткан дейт. Бирок, баарынан кейиштүүсү, эки-үч күн мурун барып, көчкүлө десе укпай, “көчпөйбүз” деп, ошол жакта…

Президент Алмазбек Атамбаев Зергер айыл округунун Аюу айылындагы каргашага байланыштуу жарандарга кайрылуу жасады

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл округунун Аюу айылында каргашага байланыштуу жарандарга кайрылуу жасады. Президент Алмазбек Атамбаев КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго  каргаша болгон жерде издөө-сактоо иштеринин жүрүшү тууралуу саат сайын кабарлап туруу тапшырмасын берди. Мамлекет башчысынын тапшыруусу менен Президенттин Аппарататында Аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндө  Жарлык даярдалууда. Кайрылуунун тексти: “Бүгүн…

Таң эрте көчкү басып калган аймактан өз убагында 34 үй-бүлө чыгып кетүүгө макул болгон

Жети турак жайды көчкү басып калган Аюу айылына кечээ күндүз да жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барып, тургундарды бул кооптуу аймактан чыгып кетүүнү өтүнүп жыйын курган. Бул тууралуу “5news.kg” маалымат булагына Өзгөн районунун акиминин орун басары Алишер Бакышев билдирди. Буга чейин бир ай мурда дагы аталган аймактын кооптуу экендигин ӨКМдин өкүлдөрү да эскертишип, тургундарды башка жайга көчүп чыгуусун…

ӨКМ: Өзгөндүгү көчкү жүргөн аймактын тургундарына башка жайга көчүү боюнча бир ай мурда эскертүү берилген

Учурда ӨКМ тарабынан такталган маалымат боюнча Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылындагы көчкү бүгүн 29-апрелде таңкы саат 06:40 чамасында болгон. Анын алдында 7 турак-жай калган. Алардын бирөөсүндө эч ким жашаган эмес. Ал эми калган 6 үйдө алдын-ала маалыматтар боюнча 24 адам жашап турган. Аталган министрликтин билдиришинче, бул аймактын тургундарына 2017-жылы 28-мартта ӨКМдин мониторинг…

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын негизделген күнү менен куттуктады

Бүгүн 29-апрелде Бишкек шаарынын түптөлгөнүнө 139 жыл толду. Кезинде “жашыл шаар” катары атагы чыккан борбор калаабыз эгемендикти алгандан кийин эки революцияны башынан өткөрдү. Бул жылдар аралыгында жолдору талкаланып тамтыгы чыккан шаар акыркы беш жылда таанылгыс болуп өзгөрүп келатат. Майрамдык датаны утурлай, өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев борбор калаанын тургундары менен меймандарына өзүнүн куттуктоосун жолдоду. Мамлекет башчысынын…

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюуну, жабыр тарткандарга жардам берүүнү тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунда катталган жер көчкүнүн кесепетерин жоюу боюнча бардык чараларды көрүүнү жана жабыр тарткандарга кечиктирилгис жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчыбыздын аппаратынын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты. Анда айтылгандай, президенттин тапшырмасы менен кырсык болгон аймактагы ишти көзөмөлдөө үчүн ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов жөнөп кеткен. Эске салсак, бүгүн таң эрте, саат 07:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн…

Чукул кабар: Өзгөндө 20дан ашык адамды көчкү басып калды

Бүгүн таң эрте, саат 07:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл аймагынын Аюу кыштагында көчкү жүрдү. Бул туурасында, ӨКМдин басма сөз кызматы расмий сайтында кабарлайт. Анда айтылгандай, алдын-ала маалыматтар боюнча көлөмү болжол менен 1 млн куб метрге жеткен көчкүнүн алдында 11 турак-жай калган. Алардын төртөөндө адам жашаган эмес. Ал эми калган 7 турак-жайда…

«Сулуу чымчык» суз тартып…

Тайванга барып тайраңдаганы үчүн вице-спикерлик орундан кол жууган кадимки «сулуу чымчык» каймана ысымдуу Нурбек Алимбеков деген Жогорку Кеңештин депутаты бар эмеспи. Араа, балта дегенди жакшы түшүнгөн Алимбеков элдин ишеничи менен Жогорку Кеңешке келгенин унутуп калган окшойт. Болбосо эл көйгөйүн айтып, трибунадан эки ооз сөз айтат эле. Же Тайвань чыры таптакыр тамтыракайын чыгарып койгонбу, ушу тапта…

Окуяны Президент өзү көрбөй калса, алар дале көрүнгөнгө жалдырап жүрмөк экен да…

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коляскасына муктаж болуп жатканы тууралуу жергиликтүү маалымат булактарынын бирине чыккан кабарды окуган өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев карыяга жардам көрсөттү. Бул тууралуу, президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты. Анда айтылгандай, президенттин тапшырмасы менен Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ардагер Турумбек карыяга колясканы жеткирип берген. Эске салсак, Бүгүн 28-апрелде эртең менен…

Турсунбековдун ийгилик коштогон сапары…

Эл үчүн эч ким иштебей атат деп кыйкыра берип эмне таптык? Балким, сөз кадырлаган калк катары жакшы деген сөздү оозансак жашоо да жакшы жагына оойттур. Аныгында эл үчүн эмгегин жасап жаткандар арабызда жок эмес. Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жакынкы күндөрү Иран ислам республикасына иш сапары менен барып келди. Бир эмес, бир нече жолугушууларды…