2306
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

Month: March 2017

Бакылдаган Бакыт Аманбаев укук коргоо органдарынын ишине кийлигишип не кылат?

Эжеси Урмат Аманбаеванын аркасы менен депутаттарга акча таратып жүрүп Акыйкатчы болуп калып, бул институтту бир ууч саясый топтун, мыкаачы кылмышкерлердин укугун коргогон жайга айландырып жибере жаздаганда “куулган” Бакыт Аманбаев деген бар. Акыйкатчылык кызматка көчүк басаары менен эле саясатташкан жол менен сапарын баштап, ошол нугунан  чыга албай жүрүп “жок болгон” эле. Бакыт мырзаны каржылап, аны кызматка…

Текелерди аткандарга алыбыз келбей, коён аткандарды баса калабыз…

Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан Нарын облусунун Кум-дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Бел айыл аймагында мыйзамсыз мергенчилик кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлайт. Анда айтылгандай, рейд учурунда мамлекеттик номуру В 4633АJ ВАЗ-2121 (НИВА) үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө, анын ичиндеги Бишкек шаарынын тургуну Орозбек Иманкулов жана Кочкор районунун тургуну Батырбек Кененбаевдин жанынан 1 баш коён, 2…

Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаты, “СДПК” фракциясынын лидери: “Карамушкинанын Санкт-Петербургдагы сүйлөгөн сөзү туура эмес”

– Иса Шейшенкулович, депутат Ирина Карамушкина боюнча коомчулук каттуу талкуу жасап атат. Сиздер эмне унчукпайсыздар? – Ирина Юревна кылмыш кылса бирдеме дейт элек да. Ал кылмыш кылган жок, бирөөнү өлтүрүп же чаап ийген жок. Депутат ар бир биздин жарандай эле сөз эркиндигин пайдаланып сүйлөдү. Бирок саясатчылар сүйлөөдө өтө кылдат болушу керек. Бир аз алдын артын…

Урматбек Акунов: “Тайырбек Сарпашевди Атамбаев камаса анда “эркек” камашы керек”

Бүгүн, Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге кылмыш ишин козголгондугун кабарлады. Туура. Камалышы керек. Сарпашевдин былыктары толтура. Текебаевди Садыр Жапаровду камаган бийлик эмне ошончо күнөөлөрү менен Тайырбек Сарпашевди камай албайбы? – деген пикирин Урматбек Акунов билдирди. Билесиңер да Сарпашевге Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан сырткары паспорттогу “улуту” деген жерди…

Президент кызматтан кетүү арызын жазды

Бүгүн Улуттук илимдер академиясында өткөн жалпы жыйынында мекеменин президенти Абдыганы Эркебаев кызматынан кетүү боюнча арыз жазганын билдирди. Мындай кадамга баруусун окумуштуу академиядагы реформанын алкагында пикир келишпестиктер жаралып, жамаат экиге бөлүнүп, ушак, эки жүздүүлүк, маалыматты сыртка ташуу өңдүү көрүнүштөр күчөгөндүгү менен түшүндүрдү. Кырдаалдан чыгуунун үч жолу бар экенин айткан Эркебаев биринчиси – ички жана сырткы көрүнүшкө…

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Биринчи кезекте ал СДПК фракциясы менен президентти уят кылып жатат”

Кыргызстан өзүнүн жарандарына, айрыкча башка улуттагы жарандарга эң кеңири жол ачып, алардын жарандык укуктарын коргоо боюнча дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы өлкө болуп эсептелинет. Бардык шарттарды түзүп берген. Шайлоо боюнча кодексти карай турган болсок бир гана Кыргызстанда башка улуттарга 15% квота берген. Мындай нерсе бир да өлкөдө жок. Эми ушуну Карамушкинага окшогон “азаматтар” көтөрө албай, аша…

Учактагы жүк “атамекенчилер” ушак тараткандай Президентке тиешелүү болсо түрктөр компенсация төлөбөйт болчу

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында “Манас” аба майданына жакын калк отурукташкан аймакта учак кыйрап, 39 адамдын өмүрүн алган эле. Катталган кырсыктан кыргыз коомчулугунун жүрөгү канап турган чакта, айрым саясатчылар жана канкор Бакиевдин фанаттары андан да саясат издегенге аракет кылышты. Кандай кырсык болсо да, ким болбосун алгач анын келип чыгуу себебине кызыкса, булар адам өлүмүнө алып келген каргашалуу…

Тайырбек Сарпашевге да кылмыш иши козголду

Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады. Анда айтылгандай Сарпашев вице-премьер болуп турган кезинде Мамлекеттик каттоо кызматына келишим түзбөстөн экинчи тараптан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкаларын сатып алууга тапшырма берген. Атап айтканда 2013-жылы 28-мартта Мамлекеттик каттоо…

Кара-Кулжада 6 жашар кызды зордуктаган зөөкүр 23 жылга кесилди

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунунда алты жашар өспүрүмдү зордутаган зөөкүр 23 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө кесилди. Бул тууралуу райондук прокуратура маалымдайт. Анда айтылгандай, 1984-жылы туулган Э.А. аттуу зөөкүр 2016-жылдын 14-октябрь күнү мас абалында кечки саат 17:00 чамасында көчөдөн жашы жете элек кызды көрүп, зордуктап салган. Топтолгон материалдардын негизинде прокуратура зөөкүргө кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Кара-Кулжа РИИБи…

Авиакырсык: Түркиялык компания ӨКМдин атайын эсебине 600 миң доллар которду

КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16-январында Чүй облусунда кыйраган «Боинг-747» учагынан жабыркагандарга жардам иретинде ачылган атайын эсебине “ACT Airlines” түрк авиакомпаниясы 600 миң АКШ доллары (42 млн сомдой) каражат которду. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, аталган компаниянын өкүлдөрү менен болгон кезектеги жолугушууда белгилүү болду. Жыйында тараптар каза болгондордун туугандарына жана денесинен ар кандай жаракат алган жарандарга компенсация…