1958
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

Month: February 2017

Жылдыз Жолдошова: «Текебаевдин өзүнүн сөзү менен айтайын: Ууру, паракор түрмөдө отурушу керек»

Маалымат булактарынын биринин интернет сайтындагы «Пикир» деген бөлүмүнө» Жылдыз Жолдошова өз ою менен тең бөлүштү. Анын жазгандарын толугу менен өзгөртүүсүз беребиз. Жылдыз Жолдошова: Текебаев «ууру, паракор түрмөдө отурушу керек» деп, бир нече жыл мурун «Ата-Журт» партиясынын депутаттарын камаганда өзү айткан эле. Салянова өткөн чакырылыштын 17 депутатына кылмыш иштерин козгоп, айрымдарын түрмөгө отургузган. Эми анын өзүнө…

Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекция жетекчиси Калыс Жумаканов депутаттардын каарына кабылды

Ветеринария жана фитосанитария боюнча Мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калыс Жумакановдун ишмердүүлүгүнө депуттар нааразы. Кечээ 27-февралда, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Мухтарбек Айнакулов  Калыс Жумаканов ээлеген кызматтык ордуна дал келер-келбестиги боюнча маселени кароо керектигин сунуштады. Ал  Жумакановдун бардык аткарган иштеринин отчётун угуу керек экендигин баса белгидеди. Бул сунуш…

Митингден кийин УКМКнын алдынан эки кубга жакын таштанды чыкты

Исхак Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот”  деген сөзү жалаң эле саясат айдыңындагы тың чыкмаларга айтылган эмес. Тазалык бардык жерде керек. Өзүн сыйлабаган адам бирөөнүн эмгегин да сыйлабайт эмеспи. Алсак, Текебаевди колдоп УКМКнын алдында тазалык, актыкты издеп чыгып атабыз деген “митингчилердин” көрүнгөн жерге ыргытып басып кеткен таштандыларын «Тазалык» муниципалдык ишканасы кызматкерлери…

Батыштан акча келди дейт. Жоолукту шляпага алмаштырган Отунбаева эмнени баштаганы туру?

Камакка алынган “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди колдогондордун катарына кошулган экс-президент Роза Отунбаева бардык тараптарды биригүүгө үндөп жатканы маалым. Ал учурдагы бийликке каршы турууга чакырыктарды таштап жатканына күбөбүз. Көрсө көптөн бери көмүскөдө жүргөн Отунбаева митингге жетип келгенинде чоң сыр бар экен. Биздин угушубузга караганда Кыргызстанды дестабилдештирүүнү көздөгөн күчтөр апчебизге тээ Батыштан ири көлөмдө каражат жөнөтүшүптүр. Учурда…

«Атамекенчилер» ич ара кырыла башташты

Орус ишкеринен алган 1 млн долларды кымырып алды деген арыздын негизинде «алдамчылык» жана «коррупция» боюнча беренелери менен айыпталып, камакка алынган Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылган тарапташтары митингге чыгышкан. Кечээ алар Ак Үйдүн алдына чогулушуп, кечке жуук Каныбек Иманалиевдин командасы менен жарымы Биринчи май райондук сотунун имаратын, калганы УКМК алдына келишкен. Ошол кезде УКМКнын алдына келгендердин ичинен митингде…

Ө. Текебаевдин камалганына А.Келдибековдун табаасы канып турган кези экен

Кечээ 27-февралда, Бишкекте оппозициялык маанайдагы саясатчылардын жыйыны болуп өттү. Ага казынаны темир тор артын көрүп келген ЖКнын экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков да катышты. Мына ошол талкууда ал башкы «ата мекенчинин» камалышы тууралуу кеп кылып, «атамекенчилер» өзүлөрү казган аңга, эми өзүлөрү түшүп жатканын айтып табалап алды. Кезинде, Келдибеков мамлекеттик казынадан миллиондогон каражатты өзүм билемдик менен талаага чачканын биринчилерден…

К. Ташиев Текебаевдин короосуна дагы бир ташын ыргытты

Кечээ 27-февралда, Бишкекте Ф.Кулов, Р. Жээнбеков, А. Мадумаров, К. Ташиев жана башкалар саясый талкууга чоглушту. Мына шайлоолордогу мүчүлүштүрктөр боюнча кеп болду. Ал эми журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ташиев кезинде өзү камакта жатканда Текебаев бир ооз жакшы сөз айтып койбогонун кыйытты. Башкы «ата мекенчинин» камалышы өкүнүчтүү экенин айткан «Ата-Журт» партиясынын төрагасы Ташиев: «Эми баарыбыз адамбыз,…

Бир колуна “каргы” кармап, бир колу менен миллиондон кем эмес пара алган саясатчы – патриотпу же “порно-паракорбу”?

Кызыктай эле ойлонгон калк болуп баратабыз. Албетте, жалпы коомчулукту айтып жатканыбыз жок. Болгону кайсы бир саясый күчтөрдүн колундагы куралга айланып алган, акчага жалданган мекендештерибиз тууралуу сөз кылуудабыз. Мисалы, азыркы тапта “Мегаком” компаниясынын акцияларын алып берем деген убаданы катыра берип, орусиялык ишкерден 1 миллион доллар алган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди коргоп митинг уюштурушууда. Митингдин…

Ыңгайы келгенде калпак кие калган К. Иманалиев бийлик менен тымызын кол алышып, «ата мекенчилерди» ичтен иритүүдө

Бакиевдердин бийлиги кулатылган соң мамлекеттин менчигине өтүп учурда улуттук компания деген макамды алган «Мегакомду» сатып алууга шарт түзүп берем деген убада менен орус ишкеринен 1 миллион долларын алып, бирок кайтарып бербей жүргөндүгү үчүн камалган Текебаевди жактоодон алыспыз. Себеби, бул ишти тийиштүү кызматтар тергеп, сотто ак же көк экени аныкталышы керек. Ошентсе да түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып,…

Экс-акыйкатчы, Турсунбек АКУН: “Теке болгон жакшы да, ары секирет, бери секирет…”

Орус ишкеринен 1 миллион доллар алып, аны кайтарып бербей жүргөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп сурак берип жаткан депутат Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылгандар Ак Үйдүн алдында митинг өткөрүшүүдө. Өзүлөрүн оппозиция катары санагандар келип, пикирлерин айтышууда. Кайсыл жакта митинг болсо булуттан чыккан Айга окшоп ошол жактан жылтырап чыга калган Турсунбек Акун да жүрү. Кеп кезеги келгенде…