3842
за день
1267710
за месяц

Day: Monday January 30th, 2017

Ээн ооз Орунбеков каза болгондордун жүрөгүн тилип, алардын сезими менен ойнобосо

16-январдагы учак кырсыгын саясатташтыргандар бүгүнкү күнгө чейин тынчый элек. Каргашаны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга далбастаган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бир канча аракети текке кетти. Анын калп маалыматын тиешелүү тараптар жокко чыгарып, Чиркешовичтин оозу жабылган эле. Эми Текебаевдин баштаганын айрым “өрдөкчү” журналисттер улантып, окуяны көз көрүнө бурмалоого киришти. Оозуна алы келбей, калп маалымат таратканы…

Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу: “Раушан Рыкунованын “Мегаком” тууралуу айткандары боюнча “ата мекенчилерге” иш козгосо болот”

– Коомдук каналдан “Мегаком” чатагына “Ата Мекен” партиясынын айрым өкүлдөрүнүн катышканын далилдеген берүү берилди. Буга чейин аталган партиянын өкүлдөрү актанып келген. Эми тиешелүү органдар аларды жоопко тара берсе болобу? – Кандай гана маселе болбосун ал соттон чечилиши керек. Ошол “Мегаком” боюнча айтылгандардын баарын тергөөчүлөр карап, маселеге акыркы чечимди сот коюшу керек. Чынында “Мегаком” боюнча эмнени…

Адатка айланган маалымат жыйыны… Адаттагы актануу…

Маскөөлөп кеткен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстанга келип конгону маалым болду. “Мелисбек Мырзакматовдон эмнем кем?” дедиби, айтор, Өмүке дагы Кызыл Аянтка барып, аянттын ал жак башындагы “Ленин” менен бир, бер жак башындагысы менен эки жолу сүрөткө түшүп кайтты. Маскөөдөн келип-келелек жатып эле аткошчуларына “Эртең борбор калаада маалымат жыйынын берем, даярдык көрө бергиле” деген…

Депутат Руслан Казакпаев: “25 бажы кызматкери 3,9 млн сомду мейманканалардын кызматына короткон”

Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында КРдин Бажы кызматынын 25 депутаты 2015-жылы иш сапарлар учурунда мейманкана кызматтарын пайдаланууга 3,9 млн сомду мыйзамсыз сарпташканы ачыкталды. Бул тууралуу, бүгүн 30-январда Депутат Руслан Казакпаев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда билдирди. Андан да кызыгы, жогорудагы 25 кызматкердин арасында кызматынан жогорулап майлуу сүттүү орундарды ээлеп отургандар бар. Бул боюнча…

Депутаттар биринчи вице-премьер Абулгазиевге неге жинденишти?

Адатта эл ичинде шашып жаткан адамга: “Мамлекеттик маанилүү ишиң болсо да шашпай тура тур” деген лакап кеп бар эмеспи. Көрсө, майлуу орунда отургандардын мамлекеттикинен да маанилүү иштери бар экен. Дегеним, бүгүн 30-январда, ЖКнын бюджет жана каржы комитетинин отурумунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев маанилүү жолугушуусу бар экенин айтып, депутаттардан аны эртерээк бошотуусун суранып жатпайбы. Анын…

Мэрия: Бишкекти мыйзамсыз курулуштардан тазалайбыз!

Борбор калаа Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу иштери улантылууда. Алсак, Ч.Айтматов проспектисиндеги №58 үйгө жабыштыра салынган курулуш алынып салынды. Белгилей кетсек, бул жерде “Синабро+” дүкөнү жайгашкан болчу. Жакынкы аралыкта борбор көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулган дагы бир катар объектилер тазаланат. Бул тууралуу эскерткен шаар бийлиги VIP’тердин курулушуна келгенде “биип”десе токтоп калбай жакшы саамалыгын уланта алса эле болду.…

Өмүрбек Текебаевдин жана анын шакирттеринин табигый беткабы сыйрылганда!

Өткөн жуманын аягында Коомдук телеканал “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрү менен партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин чыныгы жүзүн ачып, 2010-жылдан кийин жасаган кыңыр иштерин коомчулукка шардана кылды. “Мегаком” боюнча чатактагы бул партиянын мүчөлөрүнүн ыплас иштерин чагылдырган берүүдө мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов менен “Пенвелл” оффшордук компаниясынын Кыргызстандагы мурдагы өкүлү Раушан Рыкунова Текебаев жана “Ата Мекен” партиясынын “бетин…

Өмүрбек Абдрахманов, экс – “ата-мекенчи” депутат: “Текебаевге Кыргызстандын эли эмес, бийлик гана керек”

Жакында эле “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов акысыз медицинаны жоюш керектигин айтып чыккан эле. Анын айтымында жарандар дарыгерлерге акча берет. Карапайым калктын таламын талаша турган эл өкүлүнүн бул кебин кандай? Аталган партия эзелтен бери өздөрүн социалисттик идеологияны жактай турганын жар салып келет. Мындан улам партия мүчөсүнүн атына заты жарашпаган бул сунушу коомчулукта кызуу талкуу жаратты.…

Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргыздарга тизелеп жашагыча тик туруп өлгөн артык!”

Өткөн аптанын 27-январында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамдын расмий редакциясын жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жаңыланган текстте 60тан ашык каталар, бурмалоолор түзөтүлүп, эгемендүүлүккө, ынтымакка доо кетирген “миналардан” арылтылган. Азем учурунда Баш мыйзам калың элдин колдоосуна ээ болгонун белгилеген президент: “Биз башка мамлекеттерди, эл аралык уюмдарды сыйлайбыз. Бирок алар бизди сырттан туруп алып башкарабыз деген…