1999
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

Month: January 2017

Президенттин байлыгын текшергиси келген Текебаев Кудайды Парламентке чакырып суракка алабы?

Маскөөдө “ГУМду” кыдырып жүрүп кечээ Бишкекке учуп келген депутат Өмүрбек Текебаев 31-январда маалымат жыйынын уюштурду. Дээрлик 1,5 саат бою баягы эле өзүн актаган сөздөрүн кайталаган «ата мекенчи» Президенттин байлыгына токтолду. Өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев ар сөзүндө Кудайды эстеген киши эмеспи. Байлыгы тууралуу суроолорго «ак эмгек кылсаң кудай берет» деп көп айтат. Анткени Кудай дагы берчүсүн…

Кыргызстандагы “Ататүрк–Ала-Тоо” университетин түрк бийлиги террордук уюмга таандык деп тапты

Стамбул прокуратурасы 17 университетти Фетхуллах Гүлендин террордук уюмуна таандык деп тапты. Бул тууралуу, кечээ 30-январда түркиялык “Хуррийет” басылмасы жазып чыгып, алардын тизмесин жарыялады. Арасында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Румыния жана башка мамлекеттердеги биргелешкен окуу жайлар да бар. Прокуратуранын маалыматында, бул окуу жайлар Гүлендин уюмунун максаттарын жайылтуу максатында ачылганы айтылат. Эске салсак, Түркияда аскердик төңкөрүш менен…

Бектур Асанов менен Турсунбек Акун жардыра албаган “бомба” Өмүрбек Текебаевдин колунан да жарылбады…

Бу биздин саясатчы сөрөйлөргө даба жок экен, эй! Эмне болсо эле “бомба” жардырмакчы болуп чыгышат десең. Же андай “ормон опузасынан” майнап чыксачы. Убагында Бектур Асанов парламент трибунасынан “бомба” жардырам деп атып кийинчерээк дымы чыкпай калган. Ошондо эл өкүлү Алтынбек Сулайманов: “Бектур, канакей бомбаң?! Эмне суу тийип иштен чыгып калдыбы?” таризинде күлкүгө салганы бар. Асановдун “жоругун”…

Менчиктештирилип кеткен бала-бакчалардын тагдыры эмне болууда?

Бул суроого 31-январда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңеште өтүп жаткан «өкмөттүк күндүн» жүрүшүндө жооп берди. Анын айтымында Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдары мурда мамлекеттин карамагында турган көптөгөн бала бакчалардын имараттары менчиктештирилилип кеткен. Маселен, 2011-жылга карата өлкө аймагы боюнча 221 гана мектепке чейинки мекеме калган экен. «Өзүңүздөр жакшы билесиздер, кыргыз парламентинде менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарды…

Балээнин баары соцтармактарда жатат

Бу Социалдык тармак дегениң бир балээ болду го. Экрандын ары жагында отуруп алып “баатыр” болгондорду көбөйттү. Кыргыз коомчулугунда өзгөчө бийликти сындап, ушактарды таратуу дал ушул соцтармактарда күч болууда. Алардын арасында канкор бакиевдерди жактаган “фейк” аккаунттар да арбын. Эркиндикти сүйгөн элибиз үй-бүлөлүк бийликти орноткон бакиевдердин эзүүсүнө чыдабай, 2010-жылы аларды өлкөдөн сүрүп чыгарган. Ошондон тарта кыргыз элине…

Баш-аягы жок башталган Балыкчы-Корумду жолу жакында бүтпөйт

Учурунда жакшы иштерди аткарып жатат деген атка конуу үчүн айрым атка минерлерибиздин бир ишти баштап, бирок аягына чыгарбай таштап коймой адаты бар. Алардын залакасы эми тийүүдө. Дегеним, 2015-жылы Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу башталган. Бул жолду салуу Ысык-Көл облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана туристтик потенциалын көтөрүүгө багытталган эле. Эми минтип инфраструктураны өнүктүрө турган жолдун курулуш иши бир…

Жамандыкты ынтымак жеңет: учак кырсыгынан жабыркагандарга чогулган каражат 41 млн. сомдон ашты

16-январдагы “Манас” аба майданына жакын жердеги учак кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам берүү иретинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын эсеп ачылган. 30-январь саат 17.00гө карата ӨКМдин бул эсебине 41 млн. 607 миң 834 сом которулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам катары коомчулуктан акча которуулар дагы…

Ээн ооз Орунбеков каза болгондордун жүрөгүн тилип, алардын сезими менен ойнобосо

16-январдагы учак кырсыгын саясатташтыргандар бүгүнкү күнгө чейин тынчый элек. Каргашаны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга далбастаган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бир канча аракети текке кетти. Анын калп маалыматын тиешелүү тараптар жокко чыгарып, Чиркешовичтин оозу жабылган эле. Эми Текебаевдин баштаганын айрым “өрдөкчү” журналисттер улантып, окуяны көз көрүнө бурмалоого киришти. Оозуна алы келбей, калп маалымат таратканы…

Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу: “Раушан Рыкунованын “Мегаком” тууралуу айткандары боюнча “ата мекенчилерге” иш козгосо болот”

— Коомдук каналдан “Мегаком” чатагына “Ата Мекен” партиясынын айрым өкүлдөрүнүн катышканын далилдеген берүү берилди. Буга чейин аталган партиянын өкүлдөрү актанып келген. Эми тиешелүү органдар аларды жоопко тара берсе болобу? — Кандай гана маселе болбосун ал соттон чечилиши керек. Ошол “Мегаком” боюнча айтылгандардын баарын тергөөчүлөр карап, маселеге акыркы чечимди сот коюшу керек. Чынында “Мегаком” боюнча эмнени…