1306
күнүнө
за день
157728
айына
за месяц

Year: 2017

Урматтуу окурмандар, жамаатыбыз кышкы эс алууга чыккандыгына байланыштуу сайтыбыз Жаңы жылдык каникулдан кийин иштеп баштайт. Көрүшкөнчө аманчылыкта болуңуздар! Жаңырган жыл жакшылыктын, молчулуктун жылы болсун!

Урматтуу окурмандар, жамаатыбыз кышкы эс алууга чыккандыгына байланыштуу сайтыбыз Жаңы жылдык каникулдан кийин иштеп баштайт. Көрүшкөнчө аманчылыкта болуңуздар! Жаңырган жыл жакшылыктын, молчулуктун жылы болсун!

Өткөндө ордо калаабыздын Тарых Музейинде сакталып, кечээ жакында кайра жерге берилген мумия боюнча түрдүү кептердин аягы сууй элек. Дегеним, сөөктү жерге бергенин бири туура болду десе, бири илим үчүн чоң сокку деп ортодо талаш пайда болгон. Бүгүн Жогорку кеңештеги комиссия сөөктү кайра ордуна алып келип койсун деген сунуш киргизүүдө. Эми жол-жобо боюнча аталган маселе парламенттик…

Дээрлик бир айдан бери кыргыз-казак чек арасында кыйын кырдаал түзүлүп, ортодо карапайым калк бир топ кыйноо тартты. Албетте анын артында “балапан” саясатчынын “чоӊ” саясаты жатканы белгилүү дечи. Ырас кечээ Минскиде эки президент сүйлөшүп, чек ара маселеси чечилди окшойт. Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса дегендей, өз өлкөсүндө ар ким өз билгенин кыла берсин дечи. Бирок…

Илең-салаң болуп эле ымтырашат…

Кыштын суугу күчүнө кирди. Түкүрүк жерге түшпөй тоңгон Нарындын суугунда карапайым эл отун-суудан кыйналып жатканын айтышып арызданышты. Нарын облусун жетекчиси Аманбай Кайыпов кышка камылганы эртелеп көрсө болот эле. Мажүрөө неме баары бир шалаакылыгын койбойт тура. Мына былтыр эл нааразы болуп, маселе Жогорку Кеңеште каралып, “эл караган бети жер карагандай” болду эле. Илең-салаң иштеген жаны сабак…

“Эрке кыз” эс алсын…

Ушул жуманын башында президент Сооронбай Жээнбеков “эрке кыз” Элвира Сариеваны ээлеген кызматынан бошотту. Буга дейре “эт эмес же чел эмес” экенине карабай улам бир кызматка секирип, жакшы эле чалчаңдады. Алсак, чу дегенде эле вице-премьер министр болду. Жоопкерчиликтүү кызматтын жүгүн тарта албай  койгон соң, кызматтан төмөндөтүп билим берүү министри кылышты. Тилекке каршы, ал жакты да жарыткан…

Конгантиев Ташчайнардан өчүн алабы?

2010-жылы апрелде Таластан башталган төңкөрүштө ошол кездеги ИИмдин министри Молдомуса Конгантиев Ташчайнар баштаган бир топ жигиттердин курчоосунда калып токмоктолгон. Андан бери жети жыл убакыт өттү. Баягы Конгантиев азыркы бийликке кызмат кылып, президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду коштоп жүрдү. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Конгантиев Ташчайнардан өч алышы мүмкүн экен. Ташчайнар дагы сырт жакка чыгып кетиптир деген кабар уктук. Маалыматты…

“Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн”

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды. Пирматовдун талапкерлигин 109 депутат колдоду. Мурда аталган комитетти биринчи вице-премьер министр кызматына кеткен Аскарбек  Шадиев жетектеп келген. Мамлекеттин 250 миллион сомун жеп койгону үчүн убагында кылмыш иши козголуп, ошол бойдон жоопкерчиликке тартылбай жүргөн Пирматов эми үлкөн…

Президент депутаттарды таратып, шайлоону 2018-жылдын 28-январына дайындады

Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол коюлду Президент Сооронбай Жээнбеков “Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Буга жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгы…

Зилалиев таза “кокуй” неме тура…

Деги ушул Дүйшөнбек Зилалиев жөн жүрө албаган неме экен. Кайсы жерге, кандай кызматка барбасын артынан чуу чыгат. Мөңгү, “Лигласс”, эми болсо “бомба” Кытай компаниясына таандык “Лексус-570” машина. Ушундай баскан изи мандемдүү , куйругунда калбыры бар немени эмне улам бир кызматка коюп эркелетишти? Кыргызстанда Кубанычбек Кулматовдон кийинки эле Кудайдын эркеси ушул Зилалиев болду. Мына Дүйшөнбек Зилалиев…

Кубат Оторбаев акыйкатчылыктан шыпырылабы?

Парламенттеги КСДП фракциясы Акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүүдө. Фракциянын 15-декабрдагы жыйынында лидер Иса Өмүркулов жыйындарга келбей жаткан Оторбаевди катуу сындады. “Маселе жарым жылга созулууда. Эмнегедир Оторбаев фракциянын жыйындарына келбей жатат. Же кандайдыр бир себебин да айтпайт. Кандай сунуштар бар?”, – деди ал фракциялаштарына кайрылып. Өмүркуловдун жанынын кашайганына да себеп бар. Анткени, Оторбаев дал…