15690
за день
1278132
за месяц

Month: December 2016

Өмүрбек Текебаев баштаган “ата мекенчилер” “сүттөн ак көрүнүш” үчүн Белизден келди делген документтерди сатып алышканбы?

Дал ушундай суроо коомчулукту аралай чапты. Жума башында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынын чакырып,  «Balderamos Arthurs LLP»  аттуу юридикалык компания жалдаганын, алар “ата мекенчи” үч депутаттын убагында “Мегаком” компаниясынын 51%  үлүшүн Максим Бакиевге тиешелүү саналган фирмага өткөрүп берүү планын түзгөнүн ашкерелеген трасттык документти жокко чыгарганын сүйүнчүлөдү. Такыр айласы куруган Өмүрбек Чиркешович эңди “көзбоемочулук” менен…

Юрий БОБКОВ, Кыргыз Эл артисти: “Президент тарабынан сыйлангандарды алдыңкы катарга койсо, аларды башкаларга үлгү кылса, соо туруп кайыр сурагандар азаят эле”

– Президент тарабынан “Талыкпас-Ата” майыптардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Турсунбек Абдылдаев, “Тумар” бий тобунун катышуучусу Адина Самыйбек кызы, Ат-Башы районунун тургуну Рахатбек Үсөнкожоев “Даңк” медалы менен сыйланды. Аталган 3 мекендешибиз тең мүмкүнчүлүгү чектелип туруп ийгилик жараткан адамдар. Ушундай адамдардын мамлекеттик сыйлык алып жатканын кандай баалайсыз? – Президенттин мындай аракетин туура баалаймын, колдоймун. Биз ушундай адамдарды баалашыбыз…

Миталип МАМЫТОВ, Кыргыз Эл баатыры: “Соо туруп бекер басып жүргөндөргө президенттен сыйлыгын алгандар үлгү болот”

– Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен мүмкүнчүлүгү чектелген үч мекендешибиз «Даңк» медалы менен сыйланды. Алардын бири «Талыкпас-Ата» майыптардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Турсунбек Абдылдаев, экинчиси «Тумар» бий тобунун катышуучусу Адина Самыйбек кызы, дагы бири Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Рахатбек Үсөнкожоев болду. Оор тагдырга кабылганына карабай ийгилик жараткан мекендештерибиздин сыйланып жатканын кандай баалайсыз? – Президенттин мүмкүнчүлүгү…

Елисеевдин издөөдө жүргөнүн Россиянын каналдары да жарыялап жатса, Салянова кантип билбей калсын?

2010-жылы канкор Бакиевдер аянтты канга боеп качып кеткенде бийликке келген Убактылуу өкмөт бир катар кылмышка тиешеси бар адамдарга май айында издөө жарыялаган. Алардын сап башында Жаныш Бакиев турса, ошондой эле экс-өкмөт башчысы Данияр Үсөнов, Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев, Алексей Ширшов, Алексей Елисеевдерге эл аралык издөө жарыяланган. Булардын кайда жашынганын билгендер маалымат берсе кыргыз бийлиги…

Адилет Калыгулов, коомдук ишмер: “Эмки президенттике И.Өмүркулов, Ө.Бабанов, С.Исаковдор ат салышы мүмкүн”. Ассалам алейкум Короз жыл!

2016-жыл аяктап, 2017-Короз жылынын алдында турабыз. Өтүп бараткан Маймыл жыл Кыргызстан үчүн жаман жыл болгон жок. Жыл аяктаар алдында жалпы мекендештериме бекем ден соолук каалап, коомдогу мени түйшөлткөн айрым маселелер боюнча өз оюм менен бөлүшкүм келди. Чынында 2017-жылда биздин алдыбызда көптөгөн оор милдеттер турат. Бери жагы эле жаңы президентти шайлап, бийликти тынч жол менен алмаштырып…

Икрамидин Айткулов, юрист: “Салянова мыйзам алдында жооп бериши керек”

– Икрамидин мырза, Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Эми Салянованы түз эле камакка ала берсе болобу? – Аида Саляновага Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө органдары анын баш коргоо чарасын карай берсе болот. Бул берене оор кылмыштардын катарына киргендиктен депутаттардын макулдугунун кереги…

“Белизгейт” чырынан актангысы келген Ө.Текебаев эл аралык адвокаттарга короткон миллион долларды кайдан тапты?

Белиз өлкөсүнөн келген документтер «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди баш кылып, анын мүчөлөрү Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовду төш кылып, айлаларын алты кетирип салды. 2010-жылдын апрель окуясынан кийин Максим Бакиевге тиешелүү «Альфа Телеком» ЖАКсынын болгону 49%ы гана улутташтырылып, калган 51%ы табышмактуу жол менен улутташтырылбай калган эле. Көрсө, мунун артында Текебаев жана анын жан-жөкөрлөрүнүн кызыкчылыгы…

Кыргызстан-Өзбекстан мамилесинин жаңы барагы ачылды

Узак жылдардан бери карай коңшулаш Өзбекстан менен болгон мамилебиз солгундап, майда-барат чыр-чатактар, келишпестиктер менен коштолуп келгендигин жашыруу албетте кыйын. Кыргыз эли эзелтеден «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп айтып келишкен. Андыктан кошуна өлкөлөр менен жакшы мамиледе болууга ар дайым болгон аракетин жумшап келишет. Узак жылдык солгун мамиледен кийин коңшулаш Өзбекстан менен болгон мамиле кайрадан жылуу…

Канкор К. Бакиевге «Эл баатырлыгын» бергиси келген, кыргыздын жерин каратып туруп казактын жери деген К. Исабековго «күн тийдиби” же?..

Канкор Курманбек Бакиевдин доорунда Жогорку Кеңештин вице-спикери боло калганына эрээркеп кетип, «Курманбек Бакиевге «Эл баатыры» деген наамды бериш керек» деп жагалданып жиберген Кубанычбек Исабеков деген эрен бар. «Кумтөр» маселесинде да көп ызы-чуунун башын чыгарып жүргөндөрдүн бири. Мына ушул эрен акыркы жылдарда эч кандай кызматка илеше албай келатканына ичи ачышып, бийликти маал-маалы менен сынга алып келатканын…

Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Быйыл жакшы жөрөлгөлөр көп болду, президент өзүнүн айрым ыйгарым укуктарын өкмөт менен парламентке өткөрүп берди”

– 2016-жыл аяктап баратат. Бул жыл Кыргызстан үчүн бир топ жемиштүү болгонун моюнга алышыбыз керек. Сиз өтүп бараткан жылда өлкөнүн коомдук-саясий абалында кандай өзгөрүүлөр болду деп эсептейсиз? – Быйыл саясый жактан алып караганда жакшы жөрөлгөлөр көп болду. Андыктан бул жыл жакшы жылдардан болду десек болот. Эң башкысы, референдумду тынч өткөрүп алдык. Негизи эле Конституцияны өзгөртүү…