15552
за день
1278004
за месяц

Сегизбаев эмне тууралуу унчукпады же трасттык декларация деген эмне жана М. Бакиев менен Ө. Текебаевдин ортосунда кандай эки тараптуу милдеттенмелер болушу мүмкүн эле?

Сегизбаев эмне тууралуу унчукпады же трасттык декларация деген эмне жана М. Бакиев менен Ө. Текебаевдин ортосунда кандай эки тараптуу милдеттенмелер болушу мүмкүн эле?

“АКИ-пресс” маалымат агенттигинде Айбек Султановдун “О чем умолчал Сегизбаев или что такое трастовая декларация и какие взаимные обязательства могли быть у М.Бакиева и О.Текебаева?” аталыштагы макаласы жарык көрдү. Макалада кызык фактылар келтирилгендиктен, биз аны кыргызчага оодардык. Анда эмесе, назар салыңыз, окурманым.

УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев парламентте сүйлөп жатып Өмүрбек Текебаев, Алманбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аты аталган трасттык документти мурас катары бааласа да болорун билдирди. Бирок, трасттык документ менен мурасты салыштыруу абдан сыпайы айтылган сөз. Тактап айтканда эки нерсенин айырмасы бар. Албетте, булардын окшоштугу бар дечи, бирок аны башка өңүттөн да кароо керек.

Мурас калтыруу адамдын жеке эркине байланыштуу, кээ бирөөлөр мындай нерсени өз кызыкчылыгына жана кыялына жараша ишке ашырат. Айрым учурларда үй жаныбарларын да мураска калтырган учурлар кездешет. Мындай документ нотариалдык кеңседе же адвокаттын өзүндө сакталып, ал мурас калтырган адам өлгөндөн кийин гана күчүнө кирет. УКМКнын жетекчиси өз түшүндүрмөсүндө маселеге өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керектигин эске алды. Бул туура.

Бирок траст декларациясы олуттуу документ. Эгер А.Сегизбаевдин парламенттеги айтканына таянсак, декларация Максим Бакиевдин Southfield оффшордук компаниясын камсыз кылуу үчүн Текебаев, Салянова, Шыкмаматов тарабынан түзүлгөн. Канткен менен УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин бул боюнча айтканы жеткиликтүү, карапайым адам түшүнө тургандай болгон жок. Жөнөкөй тил менен айтканда ал мындай болгон:

Жогорудагы тема боюнча мисал

М… коңшу айылдын уйларын урдоону максат кылат. Ал бул максатын ишке ашыруу үчүн ошол айылда жашаган тиешелүү репутациясы бар Т…га кайрылат. Ага кандайдыр бир үлүштү убада кылып, жардам берүүгө чакырат. Ал эми Т… М..нын убадасынан шекшип кепилдик сурайт.

М… болсо уурдала турган уйлардын үчтөн биринин акчасын берип, уурдалган уйлар колго тийгенде акчаны кайтарып алып, Т…нын өз үлүшүн бере тургандай кылып макулдашат. Муну менен трасттык декларация түзүлдү десек болот. Ошондо уурулукту демилгелеген М…, ал эми бенефициар – уйларды уурдаган аткаруучу Т…, трасттык документтерди колго алган мал уурусу.

Белиз өлкөсүнөн келген оффшордук компаниядагы үлүш (Максим Бакиевге таандык) трасттык декларация болуп эсептелет. Прокуратура органдары муну терең иликтеп чыгышы керек. Эгер трасттык документтердерги тексттерге көз жүгүртө турган болсок, Ө.Текебаев, А.Салянова жана А.Шыкмаматовдор “Альфа Телекомдун” 51 пайыз акциясын Максим Бакиевге кайтарып берип, ал бул үлүштөрдү башкага сатканда гана убада кылган 7-8 пайызга ээ болмок. Бирок, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын соттору “Альфа Телекомдун” 51 пайыз акциясын конфискациялап, даярдалган план ишке ашпай калган.

Эми кезеги менен

Декларацияда көрсөтүлгөндөй, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары 22 пайыз акцияга Southfield компаниясын аяган чейин коргоп, “Альфа Телекомдун” 51 пайыз акциясы Максимге өткөрүп, ал аны башка алуучуга сатканда гана ээ болмок.

Эгер бул аракет ишке ашканда..

Макс Бакиев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары менен келишип, 51 пайыз акцияны улутташтырбоо үчүн колдон келген аракеттерди жасоого макулдашат. Эгер “Альфа Телекомдун” 51 пайыз акциясы М.Бакиевге өтүп, ал башка компанияга аны сатканда “атамекенчилер” 22 пайыз акцияга ээ болот эле.

Албетте, бул ишти аткарууда кепилдик керек. Максим Бакиевге ал толугу менен кепилдик бербесе эч ким көмөктөшмөк эмес. Southfield компаниясынын ээсинин репутациясын баары билет. Ошентип трасттык декларация түзүү зарылчылыгы чыгат.

А.Сегизбаевдин маалыматына таянсак, траст 2012-жылдын 4-апрелинде түзүлгөн. Трасттык декларацияны башкаруу укугу Авалон Консалтс компаниясына берилген.

Андагы талап боюнча М.Бакиев келишим түзүлгөндөн тарта өзүнүн Southfield компаниясынын бардык акцияларын убактылуу башкаруу үчүн декларацияны башкаруу укугун алган компанияга өткөрүп берген. Башкаруучу Авалон компаниясы болсо талаптар аткарылган соң депутаттарга 7-8 пайыздык үлүштү өткөрүп бермек.

Траст декларациясынын мөөнөтү 2015-жылдын 1-январында аяктамак. Эгер жогоруда аты аталган 3 депутатат өз милдеттерин аткарса бул мөөнөт аяктагандан кийин Авлон 22 пайыз пакет акцияны аларга өткөрүп бермек. Бирок, бул аракет ишке ашпай, анын мөөнөтү аяктап декларация токтотулган.

Бул документ боюнча кыскача түшүнүк берип койсок. Трасттык келишим/трасттык декларация (Trust Deed/Declaration of Trust) – бул документ бенефициардык компаниянын ээсине жана анын мүчөлөрүнө менчигин трасттык келишим же трасттык декларация менен ээ болууга кепилдик берет. Максим Бакиевдин оффшордук компаниясы менен Авалон компаниясынын трасттык декларациясына ылайык, бенефициарлар (жөнөкөй айтканда пайда табуучулар) Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов болгон.

Тактап айтканда, трасттык декларация – бул трасттын жөнөкөй формасы жана оффшордук компаниянын жашыруун реалдуу ээсине кепилдик берет. Трасттык декларация факты түрүндө компаниянын ээсинин укугун тастыктайт, ал эми Белизден келген траст Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдун пакет акцияларын бөлүп берет. Декларация кайра чакыртылып алынбайт. Авалон жана Southfield түзгөн декларация 2015-жылдын 1-январына чейин (мөөнөтү аяктаганча) кайтарып алууга же өзгөртүүгө жатпайт. Андыктан кепилдик бекем болгон жана үч депутат ынана тургандай документ түзүлгөн.

Апостиль боюнча да бир аз сөз кылсак

Апо́стиль – бул документке кол койгон ыйгарым укуктуу кызмат адамынын документте коюлган колунун аныктыгын күбөлөндүрөт.Ошондой эле мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарынын документти күбөлөндүргөн мөөрлөрүнүн жана штамптарынын аныктыгын ырастаган жана документти башка мамлекеттин аймагында пайдалануу максатында ал берилген өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин ырастаган атайын штамп. Апостиль Гаага Конвенциясына мүчө мамлекеттерде күбөлөндүрүүгө же легализациялоого жатпайт. Бул документтин аныктыгын ырастоонун акыркы формасы болуп эсептелет. УКМКнын жетекчиси, Юстиция министрлиги бир канча жолу Кыргызстан бул конвенцияга мүчө экенин билдирди. Демек Кыргызстан Белизден апостил түрүндо келген документтин түп нускасын тааныйт.

Трасттык декларация жана башка документтер атайын кызматтын колуна кандайча тийип калганы тууралуу А. Сегизбаев айткан жок, бирок бул чекисттердин ыкчам аракеттеринин натыйжасы болгонун белгилейт. Башкача айткнада УКМК башчысы бардыгын баштан-аяк төкпөй-чачпай айтып бере албайт. Себеби андай кылганда аны иликтөө менен иштеп атышкан атайын кызматтын кызматкерлеринин ишине зыян келиши мүмкүн. Ошондон улам “Вробел&Ко” компаниясынын өкүлү КР президентине документтерди жөнөткөн эмеспиз деп айтып жатат.

Мындай жол менен эгерде декларацияга таянсак, негизги максат Southfieldди «Альфа Телеком» ЖАКсынын негизги активдеринен ажыратууга жол бере турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү жок кылуу болгон. Ал эми 2011-2012-жылдары россиялык Эвентис Телеком компаниясынын доо арызы менен «Альфа Телеком» ЖАКсына «Мегакомдун» активдерин алуу максатында соттук процесстер жүрүп аткан. Буга чейин ММК булактары жазып чыккандай 2012-жылы күтүүсүздөн россиялыктар Кыргызстандын чиновниктери жана соттору тарабынан заматта пайда болгон салкын мамилеге туш болушкан. «Мегакомду» кайтарып алуу аракети токтотулган. Балким бул трасттык келишимди түзүү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Парламент депутаты Жанар Акаев бул декларация Максим Бакиев тарабынан Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдорго ор казуу үчүн түзүлгөн болуп жүрбсөүн деп билдирди. Макул, муну да кабыл алууга болот. Бирок анда Макс Бакиев эмне себептен трасттык Декларациянын аракетин 2015-жылдын 1-январы менен чектеп атат деген суроо жаралат. Бул документти узак мөөнөткө түзсө жакшы болбойт беле? Мөөнөттүн конкреттүү көрсөтүлгөнү бул макулдашуунун олуттуу негизи жана анын аткарылышынын мүмкүнчүлүгүн күтүү болгонун тастыктап турат.

Суроолор көп, кандай болгон күндө да Белизден келген документтер текшерилип жана Баш прокуратура тарабынан укуктук баасы берилиши керек.

ММК булактарынын бири SouthfieldManagement компаниясынын директору болуп Латвияда катталган Наталья Юрченко саналаарын сенсациялык жаңылык катары алып чыкты. Ал эми 2010-жылдын 24-июнунда бул компаниянын 50 миң акциясын Казакстандын жараны, туруктуу түрдө Кипрде жашаган Виталий Кучура сатып алган.

Бирок бул теманы иликтөө чоң күмөндү туудурат. Тагыраак айтканда Максим Бакиев тарабынан ачык эле афера болгон.

Максим Бакиев жана анын досу Елисеевди «Бимоком» компаниясын рефдерлик басып алууга айыптаган чыр-чатактуу сот процесси учурунда, алар өздөрүнүн оффшордук компанияларынын айрым документтерин өткөн число менен кайрадан каттап жоопкерчиликтен качууну чечишкен.

Ал эми ошол сенсациялык маалымат катары жарыяланган материалда Southfield Management эч кандай Максим Бакиев менен байланышы жоктугун далилдеген документтерди жарыялаган.

Айрым деталлдарды көпкө күттүрбөй эле ачалы. Наталья Юрченко Максим Бакиевдин жакын досу жана өнөктөшү Валерий Белокондун банкынын өкүлү.

2009-жылы Belokon Holding өкүлдөрүнүн билдирмеси боюнча LETA агенттигинин маалыматына ылайык банкир Валерий Белоконь инвестор катары Kimmel Riga SIA Maval Aktivi пиво заводуна тартылган. Бул компания өндүрүшкө пиволордун белгилүү сортторун киргизүүнү ниет кылган. Latvijas Vēstnesis расмий гезитинин маалыматы боюнча Kimmel Rigaнын кеңешинин төрагалыгына Белоконь өзү дайындалган. Анын орун басары болуп Кыргызстандын жараны Максим Бакиев дайындалган. Белоконь менен Бакиевдин достугу, байланышы жана бизнес-пландары тууралуу жетишээрлик эле көп жазылган.

Андыктан революциядан кийин Максим Бакиевдин оффшордук компаниясын Юрченко жетектегенинин эч кандай сенсациясы жок. Алар «кол колду жууйт» принциби боюнча аракет кылышкан.

««Кронпринцтин» (Максим Бакиев) айланасындагы дагы бир күмөндүү фигура – бул латвиялык ишкер Валерий Белоконь, аны Борис Березовскийге да жакын адам деп аташчу. Baltic International Bank (BIB) деп аталган өзүнүн банкынан сырткары ал дагы бир нече ондогон Латвияда катталган компанияларга ээ. 2007-жылы кыргыз банкы «Инсанды» «реабилитация» кылууга тендерди утуп алган жана анын ээси болуп калган (ал банктын атын «Манас Банк» деп өзгөрткөн). Кыргызстанда анын дагы башка бизнестери бар – алтын казуучу, энергетика, ММК (Бүгүнкү күндө «Бешинчи канал» деп аталган мурдагы КООРТ корпорациясы). 2006-жылы июль айында Максим Бакиев менен үлүштөш болуп Латвияда Maval Aktivi инвестициялык фирмасын каттаган», – деп жазат «Известия» гезити революцияга чейин, тактап айтсак 25-мартта.

Ал эми «Альфа Телеком» ЖАКсынын ишинде Кучура аттуу фигуранын кандайча пайда болгону тууралуу «Ведомости» гезити 2010-жылы Eventis Telecom доосу боюнча сот процесси башталган учурда жазган.

««Альфа Телеком» ЖАКсы башында Виталий Кучуранын кызыкчылыгында катталганын «Ведомостиге» ЦАРИИнин мурдагы жетекчисинин орун басары Алексей Елисеев айтып берип жана Кучура менен тааныш экенин аныктаган», – деп жазат «Ведомости».

«Ведомостиге» Кучура бул темага комментарий берүүнү каалабаганын айткан. Кучура өзү Cable & Wirelessте иштегенге үлгүрүп калган, ал эми 2002-2005-жылдары россиялык магистралдык провайдер «РТКоммдо» башкы директордун орун басары кызматын ээлеп жана «Межрегионального транзит телекома» (МТТнын) директорлор кеңешинин курамына кирген. Дал ошол убакта «РТКомм» үстүнөн көзөмөл катары структураны дат юристи Джеффи Гальмондко оформить этишкен(азыркы тапта компания мамлекеттик «Ростелекомго» тиешелүү), ага МТТнын (учурда МТТнын 75%ы «Промсвязькапиталда», 25% – Eventis Telecomдо) 50%ы да тиешелүү болгон. Гальмонд «Ведомостиге» Кучураны эстей албаганын жана ал Кыргызстандагы анын кызыкчылыгынын өкүлү боло албаганын айткан.

Eventisти «рейдерлик басып алууга» негизги катышуучуларды Максим Бакиевдин айланасындагы адамдар деп аташкан. «Кучура алардын арасында болгон эмес. Өткөн жылда ал бир да жолу кызыкчылыгы бар адам катары өзүн көрсөткөн жок» деп бекемдейт Eventis өкүлү. Кучуранын аты бул окуяда кече жакында эле пайда болду: сот процесстеринин биринин жүрүшүндө Southfield Managementтин директору Наталья Юрченконун атынан 2010-жылдын 8-июлунда берилген ишеним кат табылды. Анда Кучурага бул компаниянын кызыкчылыгын үчүнчү жактар жана Кыргызстандын маморгандары менен мамилесинде өкүлү болууга ишеним көргөзүлгөн деп айтат Eventisке жакын маалымат булагы. Кучура менен Елисеевдин ортосундагы келишим Елисеевди жоопкерчиликтен куткаруу үчүн өткөн число менен түзүлүшү мүмкүн. Себеби Елисеевге карата «Бимокомдун» мүлктөрүн мыйзамсыз басып алуу боюнча иликтөө иштери жүрүп баштаганын Eventisтин өкүлү божомолдоп жатканы «Ведомостинин» макаласында айтылат. Учурда депутаттардын компания менен байланышы бардыгын жокко чыгаруу үчүн түрдүү жалгандар менен коомчулукту адаштыруу аракети уланып атат.

“Азаттык” радиосу Белиз мамлекетинин Жогорку Сотунун өкүлү документтердин мазмунун эмес, ошол борбордук-америкалык мамлекеттин адвокатынын колун гана тастыктаганын айтып чыкты. Мына ушул нерсе УКМК мамлекет башчысына күмөндүү документтерди көрсөткөн дегенге шылтоо болуп калды. Ошол эле убакта Белиз сотунун өкүлү документтерди күбөлөндүргөнүн тастыктаган. 2016-жылдын 21-октябрында Вробел&Ко компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробелдин төрт документин күбөлөндүргөн. Мына ушунун өзү документтер интернеттен көчүрүлүп алынбаганын, ал жасалмасыз экендигин көргөзүп турат. Бул жерде эске ала кетүүчү жагдай мындай, сот чиновниги көчөдөн эле кирип келген адамдын документин күбөлөндүрүп бере бербейт. Башкача айтканда ал документтерди мыйзам менен көйгөйү жок компания берип атканынан күмөн санаган эмес.


Поделиться

One Comment - Write a Comment

Написать комментарий