15676
за день
1278120
за месяц

Month: November 2016

Аттын башындай амбициялары бар Мадумаров, Ташиев, Келдибековдун башы бир казанга сыябы?

30-ноябрда борбор калаабыздагы отелдердин биринде Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев биригип маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. Буга чейин эле бул аттары аталган үч саясатчы «Ата-Журт» партиясынын алдында баштарын бириктирип, бир күчкө айланып жатышканы тууралуу маалымат чыккан. Ошол маалыматты бүгүн алар бекемдешти. Албетте, биригүүлөрдүн болуп турганы жакшы. Бирок, ар биринин амбициясы аттын башындай болсо, үчөөндө бирдей…

Мамлекеттик жогорку кызматтарды акча жасоонун куралына айландырып алган Аида Салянова

Башпрокурор кезинде коомчулукка аты кеңири таанымал болгон Аида Салянованы башында биз коррупцияга каршы катуу күрөшүп аткан эрки күчтүү, мекенчил кадр деп адашып алганыбызды кантели? Көрсө, биз карышкырга кой кайтарып жүрө берген турбайлыбы. Анын коррупцияга каршы күрөшү күйөөсүнө келип такалып, андан ары өтө албай маталып калганында деле көп нерседен шекшиген жок элек. Көрсө, Аида айым башынан…

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, коомдук ишмер: “Өмүрбек Текебаев өзүнүн президент болуу улуу максатына жетүү үчүн кээде элдик позициясынан кайтып Акаев менен ачык да, тымызын да сүйлөшө коюп, анын нечендеген тапшырмаларын аткарып, референдумдарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүп келди”

“Революциянын бульдозеру” саналган Азимбек Бекназаров “Мен кыргызмын” аталыштагы эки томдон турган китебин жарыялады. Анда элге төбөсү көрүнгөн инсандар тууралуу кызык нерселер ортого салынган. Алардын арасында “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бар. Азимбек мырза китебинде Өмүрбек Чиркешовичтин Аскар Акаевге кантип кызмат өтөгөнү, анын арты менен президенттик кызматка көчүк басууну пландаганын жазыптыр. Төмөндө ошол жерине окурман…

Текебаевге шылтоо керек, кимде «олуттуураак» шылтоо болсо, сатып да алганга даяр

Чындыгында ошондой эле болуп туру. Өткөн жумада «Мен президентке импичмент жарыялайт элем, эгерде силерде президенттин мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу маалыматтар болсо бөлүшкүлөчү» деп коомчулукка кайрылуу жасап чыккан болчу. Муну мыйзамды түшүнө билген мекендештерибиз кандай кабыл алаарын билбей баштары катып калган болчу. Өзү президентке импичмент жарыялаш үчүн адегенде ал кишинин колунда мамлекет башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча далилдүү…

Семетей ТАЛАС уулу, эркин журналист: “Азимбек, анчалык ак карга боло бербечи, Нариман Түлеевден 500 миң доллар сурап, Рыспек Акматбаевден колун сындыртканы…”

“Бульдозер” лакап атка конгон, ар бийлик алмашкан сайын миллиондорду кымырганы кабарланган Азимбек Бекназаров бекерчиликтен зериккенби, “Мен кыргызмын” аттуу китебинин бетачарын өткөрдү. Китеп коомчулукта кызуу талкууга алынып, аны окугандардын көпчүлүгү Азимбек Анаркуловичти кескин сындап киришти. Маселен, Семетей Талас уулу аттуу эркин журналист “Фейсбуктагы” баракчасына Азимбек Бекназаровдун былыктарын чукуп жазыптыр. Төмөндө аны эч өзгөртүүсүз сунуш кылабыз. –…

Айнура АРЗЫМАТОВА, саясат таануучу: Депутаттардын БШК сунуштаган мыйзамга ачыктан ачык каршы чыгып жатканы алардын таза шайлоону каалабай турганынын далили

– БШК добуш сатып алууларды чектеген мыйзам долбоорун сунуштап, мындай көрүнүштөргө жол бергендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин көтөрүүдө. Бирок парламенттеги айрым фракциянын лидерлери буга каршы чыгууда. Алар таза шайлоодон чоочулап жаткан жокпу? – Депутаттардын БШК сунуштаган мыйзамга ачыктан ачык каршы чыгып жатканы алардын таза шайлоону каалабай турганынын далили. Чынында 6-чакырылыштагы депутаттардын дээрлик көпчүлүгү парламентке каражаттын…

Э. Байсалов эмнеге табасы канып турат?

Эдил Байсалов аттуу жаш «провокатор» жигит бар. Аны биз 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин гана аз-аздан тааный баштаганбыз. Адегенде океандын ары жагынан терең билим алып келген, интелектуалдык деңгээли бийик жаш кадр экен деп алганыбызды кантели. Көрсө, бул эрен окууну коридордон эле бүтүрүп алган окшойт. Маданий деңгээли да, интелектуалдык деңгээли да өтө жапыс экендигин ал тез эле…

Алдын ала актануу – жоопкерчиликтен сактануу эмеспи, Аида айым?

Парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына «Адамдык касиетиңди саткандан көрө өлгөнүң жакшы» деген темада актанган маанайдагы билдирүүсүн жарыялаптыр. Тагыраак айтсак, кече жакында эле Салянованын өзүнүн жана анын партиялаштары Текебаев менен Шыкмаматовдордун «Мегаком» чырына катыштыгы бардыгын тастыктаган Белизден келген документтер боюнча актанган. Ал сөзүнүн башын жакында эле иш сапары менен Финляндияда болгонун, ал…

Текебаев жана Текебаева өздөрү арыз жазып, бирок кайра «бошобой жатабыз» деп суракка барбагандары эмнеси?

Эске сала кетсек, кече жакында эле 14-ноябрда ЖК депутаты, «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев «менин батириме белгисиз бирөөлөр кириптир» деп чуу салып чыккан болчу. Тактап айтсак, анын аялы ошол күнү Баетов көчөсүндө жайгашкан батирине келип, үйүнүн ичинен илинип калганын айтып 102 кызматына чалган. Ошондой эле ал бул батирден бир ай мурун борбор калаадагы башка батирге көчүп…

“Чын чычалайт” болгон Аида Салянова мамлекеттен да күйөөсүн жогору койгонун унутуп калдыбы?

Өмүрбек Текебаев баш, Аида Салянова менен Алмамбет Шыкматов төш болгон “ата мекенчилердин” “Мегаком” компаниясынын 51% акциясын экс-ханзаада Максим Бакиевге тиешелүү компанияга алып берүү ниети ашкереленген кербези. “Чын чычалайт, калп каамырабайт” болгон “ата мекенчилер” четинен актанып башташты. “Башкы прокуратура менен мекемелер аралык комиссия тыкыр иликтеп чыксын, анан гана оюңарды айтсаңар боло” дегендердин сөзүн укчудай түрлөрү жок.…