2336
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

«Мойнуна кур илинген» саясатчылар же саясаттагы «сойкулар»

«Мойнуна кур илинген» саясатчылар же саясаттагы «сойкулар»

«Каршы чыгуу керек» деген максат бир жерден чыгып калганда эле бир топуну чогуу «кийип» чыгышчу саясатчылар бул ирет да чогулушту. Кече эле бири-бирин «самозванка», «мародер» деген сыяктуу жана башка ачуу сөздөр менен «тилдеп» жүргөндөрдүн «баш кошуусуна» эмне себеп болду? Бир гана себеп – бүгүнкү бийликке болгон таарыныч жана кызматсыз калгандары.

Мына ушундайлардан түзүлгөн команда бүгүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгууда. Алардын катарында А. Мадумаров, Ө. Текебаев, Р. Отунбаева, Б. Шер, К. Дүйшөбаев, А. Бекназаров жана башкалар бар.

«Бүтүн Кыргызстан» аттуу шайлоолордо маарага жетпей кулай берген партиянын лидери Адахан Мадумаров Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болуп турганда аны «Самозванка» деп атаган эле. «Отунбаеваны эл шайлаган жок, ал өзүн-өзү эле президент деп атап алды» деп жүргөн. Мындан сырткары ал Апрель революциясынын катышуучуларын «жырткычтар» деп атаганы эсибизде. Анан дагы ошол эле революция күнү каза болгон баатырларды «оппозиция атты» деп айткан. Баарынан дагы баса белгилеп айта кетүүчү нерсе – ал учурдагы Конституцияны «мамлекетти талкалап жок кыла турган Конституция, муну тез арада алмаштыруу зарыл, бизге 1993-жылкы Башмыйзам керек, өлкө парламенттик эмес, президенттик башкарууда болушу зарыл» деп айтып келген.

Эми Мадумаровдун мына ушул буга чейинки айткандарын эске алганда анын Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен биригип алышын кандай түшүнсөк болот. «Самозванка» Отунбаева менен эми неге биригип атат? Эгерде Апрель революциясынын баатырлары жырткычтар болсо, анда ал Текебаев, Отунбаева, Дүйшөбаев, Бекназаров жана башкалардын бардыгын «жырткыч» деп атаганы эмеспи? Апрель революциясында каза болгондорду ошол убактагы оппозиция аткан болсо, анда алар ушул эле аттары аталгандар болуп атпайбы? Анан эң башкысы ал буга чейин «учурдагы Конституция мамлекетти талкалоого алып барат, аны алмаштыруу керек» деп кыйкырып жүрүп, эми неге аны өзгөртүүгө каршы чыгып атат? Ал өзүнүн буга чейинки жасаган кадамдарына, айткан пикирлерине толугу менен каршы аракет жасап аткан жокпу? Же кайсы бир максатын жүзөгө ашырып алганга чейин эле «эл үчүн» деген лозунгду жамынып алып чыгуудабы?

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу мамлекет башчысын «бийликти узурпациялоо аракетин көрүүдө» деп сындашууда. Реалдуулукта бул мыйзам долбоорунда мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын кеңейткен эч кандай жагдай жок экени белгилүү. Тескерисинче, бул мыйзам долбоору мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, бийлик бутактарынын ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталганын билебиз. Андыктан азыркы тапта конституциялык реформага каршы чыгып аткандарды мамлекеттин бүтүндүгүнө, элибиздин келечегине, калкыбыздын укугуна «мародерчулук» кылып жатышат деп айтсак болобу?

Дагы бир суроо бар: бирде баштарын бириктирип, бирде таптакыр эле эки жээкте отуруп калган саясатчылардан элибиз кандай пайда тапты? Кече эле бири-бирин «самозванка» деп атап жүргөндөр бүгүн биригип алып элдин кызыкчылыгын коргой алышабы? Албетте, буга ишенүү кыйын. Эл да ишенбейт. Андыктан алардын артынан эми ээрчий турган эл жок. Балким, саясый элитанын жаңылануусу бүгүнкү күндүн талабы болуп жүрбөсүн?

Себеби биздин эски «карышкырлар» эптеп бийлигин, же кызматын сактап калыш үчүн эле түрдүү оюндарды жасоого маш болуп алышты. Маселен, Текебаев кече жакында эле «бийликти сактап, аны күчтөндүрүш үчүн премьерлерди жумуштан айдаганбыз» деп ачык эле мойнуна алды. Ошол эле премьерлерди жумуштан айдап атканда Текебаев «мамлекетке зыян алып келишти, эл үчүн иштебей жатышат, буларды кылмыш жообуна тартыш керек» деген сыяктуу пикирлерин айткан. Ошондо ал убагында премьерлерди кайсы бир кызыкчылыктын арты менен гана ашата жамандап, жумуштан айдаган болобу? Азыр дагы Конституцияны өзгөртүүгө катуу каршы чыгууда. Анын себебин мурдагыдай эле «элдин кызыкчылыгы үчүн, бийликти узурпациялап алышпашы үчүн» деген сыяктуу шылтоолор менен түшүндүрүүдө. Бирок, себеби анда эмес экендигин жакшы билип турабыз. Текебаев болгону өзү жазган Конституцияны сактап калуу аракетин көрүүдө, кызганыч гана болууда. Ошол кызганычтын арты менен ал Убактылуу өкмөттүн өзүнөн башка 7 мүчөсүнүн жана дагы бир нече бейөкмөтчүлөрдү, ага кошуп Адахан Мадумаровдун мойнуна кур тагып «жетелеп» алды. Алар кантип «жетеленип» калганын өздөрү да билбей калышты. «Жетелегенин» Текебаев жетелейт, ал эми азабын «жетеленгендер» гана тартаарын буга чейин деле билгенбиз. Бирок азырынча Мадумаров, Отунбаевалар аны билбей атышат окшойт.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тең жарымын «жетелеп» алганына маашырланган Текебаев жана башкалар: «Атамбаев жалгыз калды» деп алакан чабышууда. Ырасында андай эмес, Атамбаевдин жанына ар түрдүү сүйлөбөгөн жаңы көз караштагы интеллигенция чөйрөсү чогулууда. Себеби биз жаңыланбасак болбой калды. Адам баласынын организминдеги канды деле алмаштырып турбаса, көптөгөн оорулар пайда болот эмеспи. Анын сыңары саясый элитабыздын да «канын» алмаштырбасак, Текебаев башы калчылдап, Бекназаровдун башы «жалтыраганча» жүрө беришип, бардыгын «сасыта» беришет окшойт…

Баннер B

Поделиться

4 Comments - Write a Comment

  1. Качан мародерлор, уурулар, коррупционерлер жоопко тартылат? Текебаевдиин мародерлук боюнча иши эмне учун ачылбайт? Бакиев элден тартып алган байлыгын Текебаевдин командасына отушу – бул Кыргыз элинин трагедиясы

    Reply
  2. Мухтар Сейдалиев · Edit

    Баягы мойнуна ремень байлап алып жайлаган айым кийин ызасына чыдабай асынып олуп алганын билесинерби. Текенин жолу сасык балит. Теке Бир эле саясатчыларга эмес мамлекеттин мойнуна кур илип алып жетелеп сайып атат

    Reply

Написать комментарий