15652
за день
1278098
за месяц

Month: September 2016

Оштун тургундары А.Аскаров, К.Батыров сындуу сепаратисттер Кыргызстандын көзкарандысыздыгына доо кетиришине каршы турушат!

Бир убакта канкор Бакиевдердин камчысын катуу чаап келген, бир кездеги парламенттеги «Ак жол» фракциясынын лидери Улугбек Ормонов учурда «Бир бол» фракциясынын атынан парламент депутаты болуп отурганы белгилүү. Качан болсо деле тымызын эски бийликтин «ырын» ырдап, учурдагы бийликтин алгылыктуу иш-аракеттерин көргүсү келбегендей жүрүп атканын ансыз деле түшүнүп турабыз. Себеби, ал эски замандагы тайралаңдаган доорун сагынганда түн…

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү: “Текебаевден Конституцияга эмнеге эми каршы болуп жатасың десем тайсалдайт, бул экинчи этабы деп Кулов айтпадыбы”

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров “Политклиника” гезитине маек берип, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси боюнча да суроого жооп бериптир. Ал “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Конституцияга каршы чыгып жаткан аракетин аны кошпой койгондон чыккан таарыныч катары сыпаттаган. “Кулов айтпадыбы, Текебаев болуп, бул маселени талкуулап коюшуптур, бул экинчи этабы экен. Текебаевден эмнеге эми каршы…

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоорунун акыркы вариантында бардык сунуштар жана сын-пикирлер эске алынды

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеленген мыйзам долбоору көптөгөн саясатчылардын чыныгы жүзүн ачып койгонсуду. Айрымдары мурда өздөрү ушундай сунушту демилгелеп жүрүшкөнүнө карабай, бул ирет «2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт» деп караманча каршы чыгышты. Андай болсо, эмнеге бир жыл мурун эле өздөрү «өзгөртөлү» деп чуркап жүрүштү эле? Айтор, аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлгандан кийин толтура сын-пикирлер да…

Америкага башпаанек издеп барган Адилет Айтикеев ал жакка да батпай, катардагы курулушчуга айланды

Кыргызда жакшы айтылган учкул кеп бар: “Өз агасын агалай албаган, өзгөнүн босогосун сагаалайт” деген. Бизде мындайлар өтө эле көп. Сүйлөсө Америкадан “антеннасы” тарткандардын бардыгы эле океандын ары жагындагы жашоону бейиштей элестете беришет. “Демократия деген ошол жакта” дешет колу менен кармап көрүшкөнсүп. Ырас, ошол жактын жашыруун “тыңчысына” айлангандар өлкөбүздө ар кандай акцияларды уюштуруу менен оокаттарын жакшы…

Кадыржан Батыров Азимжан Аскаровдун ыкмасын колдонуу менен акактай таза болгусу келеби?

Өзбек сепаратисти Кадыржан Батыровдун Варшавада ОБСЕ трибунасынан сөз сүйлөп, жөн сүйлөбөй Кыргызстанды жамандап сүйлөгөнү көптөгөн кыргызстандыктардын нааразычылыгын жаратты. Нааразычылык Батыровдун мурдатан эле тоту куштай «сайрап» келген ММК беттериндеги пикири үчүн эле эмес, эң негизгиси мына ушундай сепаратист, жүздөгөн бейкүнөө адамдардын канынын агышына себепкер болгон оор кылмышкерге ОБСЕ өзүнүн трибунасынан сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бергени болду. Болбосо Батыровдун…

Кыргызстандын байкерлер коомчулугу президент А. Атамбаевге чың ден-соолук каалашат

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко сапар алып бараткан мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу барбай калганы тууралуу маалымат тараганы белгилүү. Тактап айтсак, АКШга бара жатып Түркиянын Стамбул шаарындагы «Ататүрк» аэропортунда президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, тез жардам машинеси менен оруканага жеткирилген. Ал жактан бир аз жакшы болуп алган соң, Россияга барып дарылануусун улантып…

Жаркынбек КАСЫМБЕКОВ, “Элиме” коомдук уюмунун башчысы: “Адил Турдукулов чыккынчы, мамлекетине жакшылык кылган адам эмес, бул баладан этият болгула”

– 27-сентябрда активист Адил Турдукуловду чыккынчылыкка айыптап, маалымат жыйын өткөрдүңүз эле. Бүгүн ал “мени бийлик куугунтуктап жатат, Касыбековдун артында УКМК турат” деп айтып чыгыптыр. Чын эле атайын кызмат менен иштешип жатасызбы? – Мунун баары дайыны жок сөздөр. Бул жигит өзүнүн айткандарын өзү билбейт. Турдукулов буга чейин деле ар кимди дайынсыз айыптоолор менен каралап, өзүнчө прокурор…

Баяна КУЛОВА, журналист: “Өмүрбек Текебаевди айга-күнгө теңеп “укмуш экен, байлыгынын баарын ачык көрсөтүп жатат” деп кубанбай тургула, ал өзүнө өзү ор казып алды”

Журналист Баяна Кулова “Фейсбуктагы” баракчасына Өмүрбек Текебаевдин үй-мүлктөрү тууралуу кызык фактыны шардана кылды. Ал Өмүрбек Чиркешович мынча байлыктарды кайсы акчага топтоду деп суроо салып, анын аракетинде коррупция бар экенин билдирди. “Текебаевди айга-күнгө теңеп “укмуш экен, байлыгынын баарын ачык көрсөтүп жатат” деп кубанбай тургула. Бийлик оозун ача электе эле журналисттер Өмүрбек Чиркешовичтин жашыруун канча байлыгы бар…

Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, экс-“ата мекенчи” депутат: “Адил Турдукуловдун шпион экенин билбейм, бирок, ал менден акча карыз, аны бербей кайра мени сөккөн”

27-сентябрда “Элиме” коомдук уюмунун башчысы Жаркынбек Касымбеков активист Адил Турдукуловду шпиондук кылган деп айып чыгып, анын бул маалыматты социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жаткан чагы. Экс-“ата мекенчи” депутат Өмүрбек Абдырахманов А.Турдукуловду карызга акча алып, аны бербей койгону аз келгенсип сөккөнүн билдирди. “Адилдин шпион экенин билбейт экемин… Бирок менден карыз акча алып, аны бербей кайра мени сөккөн…”Уялбагандан…

Кээде унчукпай коюу алтындан да бийик бааланат…

Атамбаев ден соолугунун чыңдоо менен убара болуп жаткан кезде, өлкөдө аны ыйгарым укуктарынан ажыратуу керек деген маселелер көтөрүлүп жатат. Аттуу-баштуу эле кишилер ушундай шашылыш чечимдерге келип жатышат. Бир жакшы жери – элдин баары бирдей ойлобогондугунда. Мисалы, интернет айдыңында коомдук ишмер Адилет Калыгулов Фейсбуктагы өздүк баракчасында  жазган пикирин көпчүлүк эл колдоп келет. Бул жигит саясатчыларды акылмандык менен иш…