1944
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

А. Бекназаровдун чагымчылдыгына Аксы эли каршы

А. Бекназаровдун чагымчылдыгына Аксы эли каршы

Эске сала кетсек, буга чейин Азимбек Бекназаров Үңкүр-Тоого байланышкан маселелерди чечүү жана Өзбекстан кармап кеткен жарандарды бошотуу талабы менен Кербен шаарында митинг өтө турганын жар салган болчу. Эси-дартынын баары эле митинг өткөрүү болуп калган Азимбек мырзанын мындай демилгесин Аксы эли колдобой тургандыгы маалым болду.

Тактап айтсак Аксы районундагы Үңкүр-Тоону коргоо комитети 27-августта өтө турган кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жер боюнча митингдин өтүшүнө каршы чыгышты. Бул уюмдун өкүлү Шекербек Камчыбек уулу маалымат булактарынын бирине мындайча пикирин айткан: «Эл дүрбөп кетсе, биздин бийлик аларды тынчытуу үчүн Өзбекстандын айрым бир талаптарын аткарып коюшу мүмкүн. Биз бул маселенин дипломатиялык жол менен гана чечилишин күтүп турабыз. Ар кандай чагымга алдырбай, жагдай сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынсын деп жатабыз. Бул деген биздин бийликтин сөзүн сүйлөп же бийликтен коркуп калганыбызды билдирбейт. Биз болгону азыр митингдердин пайдасыз экенине көзүбүз жеткендиктен ушундай чечимге келдик. Азыр Өзбекстанда төрт жараныбыз кармалып турат, аларды мүмкүн болушунча тез арада бошотуп алганга аракет жасашыбыз керек».

Демек, элибиз бардык маселени тынчтык жана сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү алдаканча натыйжалуу боло турганын түшүнүп калганын билсек болот. Бекназаров митинг өткөрүп жибергенде эле Үңкүр-Тоо маселеси чечилип калбай турганын баарыбыз билебиз. Андан көрө бул маселени тиешелүү жетекчиликтер коңшулардын тиешелүү жетекчиликтери менен сүйлөшүү аркылуу чечүүлөрү керек. Мына ушуну туура түшүнүүнүн өзү элибиздин аң-сезими өзгөрүп калганынын, жетишкендигибиздин белгиси.

баннер C
баннер C

Поделиться

Написать комментарий