2360
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

Акаев, Бакиевдин камчы чабарлары, жоопкерчиликтен корккондордун “армиясы” Башмыйзамга каршы чыгууда

Акаев, Бакиевдин камчы чабарлары, жоопкерчиликтен корккондордун “армиясы”  Башмыйзамга каршы чыгууда

Өткөн айдын аягында парламенттеги 4 фракция (КСДП, “Республика – Ата журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”) Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгесин көтөрүп, бул мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ал учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан чагы. Кыргызстандын келечеги үчүн күйгөндөр өз сунуштарын берип, жаңы долбоор боюнча пикирлерин айтып жатканда, кээ бир биздин “азаматтар” теңирден тескери кетти. Же бере турган сунушу жок, айта турган конкреттүү пикири жок, сындап жаткандар эл үчүн кызматы өткөн адамдар болсо бир жөн. Жалаң Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда кылмыш жасагандар. Алардын бир гана кызыкчылыгы бар – бул азыркы Конституцияны кандай жол менен болсо да кабыл алдырбоо. Анткени, сунушталып жаткан Башмыйзамда кылмыш мөөнөтү алынып салынып, “Кумтөр” боюнча кылмыш иштери эскирбейт деп жазылган. Булардын түн уйкусун бузуп жаткан маселе ушунда жатат. Анда элге акыл айтып, оозун толтуруп отурган ушул “мыктылардын” өмүр таржымалына бир аз токтололу.

Ушул күндө акыл айтып, Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү “ужас” деп атап, жаш баладай оюна келгенди оттоп отурган Осмонакун Ибраимовго таң калып турубуз. Эл сүйлөсө деле ушул Осмонакун мырза тынч отурса болмок. Ибраимов ким? Анын пикирин эске алып чечим чыгаргыдай эмне бизге эмгеги өттүбү? Же элге эмгеги сиңип, кыйраткан жумуш жасадыбы? Бул куруган киши Кыргызстанды талап-тоноп, итке мингизген Акаевдин башкы идеологу болгонун эл унутту деп ойлойбу? Албетте, жок! Осмонакундун кыргызга кылган кыянаттыгы эч кимдин эсинен чыкпайт жана анын аты тарыхта кара так менен калат.

Керек болсо Осмонакун мырза парламенттик башкаруу дегенди жектеп, бир гана хандык системаны кубаттап жүрөт. Анан ушул кишиден кантип демократиялык ойлор чыксын? Ибраимов өзүн эр ойлоп жүргөн сыяктуу. “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” деген улуу сөз бар. Анын сыңарындай мындай адамдардын доору аяктады, соодасы бүттү. Ал муну түшүнүп, кылганы ишине өкүнүп тынч жатса деле чоң эрдик жасаган болот эле. Анын акылын уга турган Акаев жок!

Баса, бул киши убагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Индиядан товар ташытканы тар чөйрөгө дайын. Мына ошол “ишмердүүлүгү” үчүн убагында “Челнок” деген атка конгон эле. “Челноктун” акылына муктаж кыргыз эли жок азыр. Заман өзгөрүлгө-өн, эча-ак өзгөрүлгө-өн…

Сайраган кызыл тилинен бөлөк ырысы жок Адахамга даба кана?!

Сүйлөсө тилинен чаң чыккан, “булбултай” атыккан Адахам Мадумаров 2010-жылда кабыл алынган Башмыйзамдын эң башкы “душманы” болуп келгенин элдин баары билет. Бул Конституцияны өзгөртүү керек деп кечээ күнгө чейин какшап келген Мадумаров бүгүн позициясын 180 градуска өзгөртүп, оппозициянын терисин жамынды да калды. Эгер Адахам мырза сөзүнөн танса анын айткандарын тастыктаган фактыларды деле берүүгө даярбыз.

Мадумаров авторитардык бийликтин жактоочусу жана ал эч качан мындай оюнан кайтпайт. Анын Жаныш Бакиевдин 50 жылдыгында жалмаңдап камчы берип, “камчылап тур” деген ишаараты эле эмнени билдирет? Эгер сунушталып жаткан Башмыйзам кабыл алынып калса Адахам Кимсанбаевичке окшогон “куру чечендердин” бийликке келишине чек коюлат, мындай адамдардын жүзүн коомчулук ачык билет. Ошон үчүн да жанталашып жатпайбы.

Равшан Жээнбеков эртеби-кечпи жооп берет

Акаевдин учурунда мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирип, бала бакча, ооруканаларга чейин сатып жиберген Равшан Жээнбеков бүгүнкү күндө Конституцияга каршы чыгып отурат. Ал мамлекеттик мүлк фондун 2001-2004-жылдар аралыгында жетектеп турганда жалпы жонунан 342 обңектини текейден арзан пулдаган. Эгер жаңы Башмыйзам кабыл алынып калса Равшан мырзага окшогондор жегенин “кусуп”, ичкени ириң болот. Ошол үчүн да жанталашып, болгон аракетин Конституцияга каршы жумшап жаткан чагы.

Жакында Жээнбеков Акаевдин учурунда бекер менчиктеп алган “Асыл-Таш” пансионатынын акыркы бөлүгүн 6 млн. долларга сатканы жатканы кабарланды. Демек, дал ушул Конституциядан чочулап, азыртадан кам көрүүдө. Бирок, эртеби-кечпи мындай “эргулдар” сөзсүз кыргыз элинин алданда жоопкерчиликке тартылат. Кутулуп кетем деп ойлобосун!

Канкордун жакындары унчукпай эле отурса

КурСалиевичтин доорунда далай жердешчил адамдар бийлик тепкичке чыгып, жагымпоздордун иши жүргөн. Ошол кезде эч кандай тажрыйбасы жок Анара Ниязова деген “аял” Бакиевдин парламенттеги өкүлүнүн орун басары кызматында иштеп калган. Анара айым өтө чоң кызмат болбосо деле бул креслосу аркылуу далай акча жасагын айтылып жүрөт. Эми дал ушул Ниязова сунушталып жаткан Башмыйзамды барактабай туруп ар кайсыны “дөөрүп” баштады. Бир туруп Конституцияны өзгөртүү керек десе, кайра бул пикиринен айнып жатат. Мүмкүн “кесел” жуктуруп алгандыр. Бирок, Кыргызстандын башкы мыйзамы болгон Конституция талкуулап жатканда конкреттүу сунуш айтып, сунушу жок боло жөн эле отурганы оң го. Анара айымдын бир тууган иниси Асан Ниязов Айдар Акаевдин “кошелогу” болгонун көптөр билбесе керек. Эми бир үй-бүлөдөн бир адам мамлекет үчүн күйүшү керек да. Баары эле тескери кете бергени болбойт го.

Бегалы Наргозуев таштанды баласын карабайбы

Бакиевдин убагында анын уулу Максимдин “короосун шапырып”, аны президент кылабыз деп ачык айтып, жаш кыздарды кыя өткөрбөй жүргөн Бегалы Наргозиев деген неме бар. Интернеттен такыр чыкпайт. “Фейсбук” сыяктуу социалдык тармактарда 5-10дон баракчаларды (фейк) ачып, ошонун аркасы менен саясат жүргүзөт. Бул эрен “Ак жол” партиясынын шарапаты менен саясатка аралашкан. Азыр ошол доорун эсетеп арман кылып отурган чагы.

Бирок, бул киши моралдык жактан бузулуп, жаш кызды алдап, аны төшөккө тартып, боозутуп коюп карабай жүрөт. Бул маалыматты деле Наргозуевдин сайтында иштеген кесиптештерибиздин бири ачыктаган. Өз канынан жаралган баланы карабай кеткен Бегалы мырзадан жакшылык күтсөк болобу? Бакиевди сагынып, анын доорун эстеп көз жашын далай көлдөткөн Наргозуев бүгүн Башмыйзам боюнча тыңгылыктуу сунуш бере алабы? Албетте, жок! Анын колунан сындаган гана келет. Ал эми сындаш көчөдөгү жолбун иттин деле колунан келет эмеспи…

Акаев менен Бакиевчилер Башмыйзамга эмне үчүн каршы чыгып жатат?

Бүгүнкү сунуш кылган Конституциянын долбооруна эмне үчүн жалаң гана Акаев менен Бакиевдин аткошчулары, бейөкмөтчүлөр каршы чыгып жатат? Бул суроонун жандырмагын табуу оңой эле. Башында кеп кылганыбыздай, сунушталып жаткан Конституция кабыл алынып калса, мындан 10-20 жыл мурда мамлекеттин мүлкүн тоногондор деле жоопко тартылат. Тактап айтканда, Башмыйзамда кылмыш мөөнөтү өтүп кетти деген сөз болбойт. Мындан сырткары “Кумтөр” боюнча кылмыштык келишимдерге кол койгондор темир тор артына тыгылыт. Акаев, Бакиевчилердин жан талашып каршы чыгып жатканынын төркүнү ушунда. Анын үстүнө, “Кумтөрдө” азыр деле Акаев, Бакиевдердин үлүшү бардыгы айтылып жүрөт. Бир жагынан “жем жеген акырынан” айрылып, экинчи жагынан Кыргызстанга кайтсак дегенде “эки көзү төрт” болуп отурган качкын, канкор ажолор азыркы системага караманча каршы чыгаары турган иш.

Канткен менен, азыр сунушталып жаткан Конституция кабыл алынат. Анткени, аны эл колдоодо. Албетте, жогоруда биз санап өткөн саясатчылар элдин башын айлантуунун түрдүү амалдарын көрөт. Бирок, кыргыз эли кимдин ким экенин жакшы билип, саясатты терең түшүп калган. Азыр элди алдоо мүмкүн эмес. Андыктан убара болбой сунуш бергиле.

баннер C

Поделиться

3 Comments - Write a Comment

  1. Теке деле бок сак менен биригип жатпайбы. Акайчик менен Бакс бириксе эч нерсе бовойт. АША деле озуно жакканы менен биригип атат го

    Reply
  2. Акайып Бакыйыпты мактагандар силер эл душманысынар. Бакыйып азыр башкарып турганда корот элем кандай турмушта жашай эленер. Топурак жеп сийдик ичмексинер.

    Reply

Написать комментарий