1890
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

Улуттук онкология борбору – коррупциянын чордону болуудан качан калат?

Улуттук онкология борбору – коррупциянын чордону болуудан качан калат?
Улуттук онкология борбору – коррупциянын чордону болуудан качан калат?

Кече жакында эле республикабыздагы Улуттук онкологиялык борбордун директорлук кызматы үчүн ат салышуу болуп өткөнү маалым. Бирок, бул шайлоо болдубу, же аталган борбордо буга чейин эле коррупциялык иш-аракеттер менен шугулданган эргулдардын жарышы болдубу деген түпөйүл суроо жаралууда. Себеби директорлукка талапкерлердин катарында борбор тууралуу талаш-тартыштуу жаңылыктарда коррупциялык иш-аракеттери, оройлугу, кызматына көңүл кош мамилеси, ач көздүгү боюнча айыпталып келгендер болду. Натыйжада жеңишке ким жетишти дебейсизби? Ошол эле борбордун директорлук кызматынын милдетин аткаруучу болуп келген айым болду.

Директорлукка талапкерлер кимдер эле? УОБдун (Улуттук онкологиялык борбор) химиошоола терапия бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдылдаев, торакалдык онкология бөлүмүнүн башчысы Мукаш Бейшембаев, УОБдун мурдагы башкы директору Накен Касиев жана УОБдун башкы директорунун милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиевалар болду. Шайлоонун жыйынтыгында Бактыгүл Султангазиева 64 добуш менен алдыга чыкса, андан кийин 46 добуш менен Накен Касиев, Мукаш Бейшембаев 27, Турусбек Абдылдаев 25 добуш алышкан.

Эми суроо жаралат – УОБду жетектөөгө эмне үчүн булардан башка талапкерлер ат салышкан жок? Бардык талапкерлер аталган борбордо узак жылдардан бери жогорку жана орто деңгээлдеги жетекчилик кызматтарда иштеп келишкендер болду. Алардын бардыгынын артында кандайдыр бир деңгээлде калбырлары бар. Бирөөсүнүн артынан дагы ушул онкологиялык борбордогу ишмердүүлүгү боюнча жакшы сөз ээрчиген эмес. Бирөөсү дагы өздөрүнүн жетекчилик доорлорунда онкологиялык борбордун маселелерин чечүүгө белсенген эмес, жадакалса сунуш да айтышпаган. Тескерисинче бардыгынын үчтүнөн оорулуулардан жана алардын туугандарынан түрдүү дооматтар бар.

Ачыгын айтканда УОБдогу чындык менен бетме-бет келишип калган бир дагы адам ал жердеги жетекчилик тууралуу жакшы пикирин, ыраазычылыгын айтпаса керек. Себеби аталган борбордо оорулуунун абалы эмес, биринчи кезекте анын чөнтөгүнүн калың, же жука экендиги кызык болуп саналат.

Борбордун дарыгерлерин оорулуунун каражат төлөө мүмкүнчүлүгү гана кызыктырат

Бул ачуу чындык. Кудай анын бетин ары кылсын, онкологиялык борбордун жардамына муктаж болуп барган оорулуунун акчасы жок болсо, ал оңой эле оо дүйнөгө узап кете берет. Биз сөзүбүз кургак болбосун үчүн төмөндө УОБ тууралуу айтылган кооментарийлерден мисал келтирели:

«Мен 2008-жылы УОБдо операция болууга аргасыз болгом жана ал жактагы болуп аткан оңбогон жоруктар тууралуу өкмөткө кат жазгам, анын негизинде атайын комиссия түзүлүп, көп нерселер өзгөргөн. Бирок баары бир коррупция жок болгон жок. Себеби рулда баягы эле жүздөр турган. .. Алардын салган «терс салыктары» өтө оор болгон, оорулууларга эч кандай көңүл буруу жок. Өзгөчө балдарга боор ооруйт. Борбордун алдындагы дарыканаларда дары-дармектер өтө кымбат, биз пахтадан тарта жара таңа турган материалдарга чейин бардыгын сатып алып жаттык. Учурдагы талапкерлердин бирөөсүн жетекчи кылып дайындоо менен эле ал борбордогу абал оңолуп кетерине ишенбейм», — дп жазат социалдык түйүндөрдө бейтаптардын бири.

«Кызматтагы дарыгерлер бүгүнкү күндө бейтаптарды акысыз дарылоо жана алардын сакайып чыгышына кубануу тууралуу берген анттарын унутуп калышты. Онкология борбору бүтүндөй кайгы-капага, ооруга, коркунучтуу оорунун алдында кутулбастыкка тунуп калган. Ал эми дарыгерлерди оорулуулардын каражат төлөй ала турганы гана кызыктырат. Оорулуулардын туугандары жакынынын өмүрүн узартуу үчүн өтө чоң суммадагы акча каражаттарын сарпташат. Бирок статистиканы карасаңыз, ким УОБдо дарыланса, анын баары дарыланганына карабастан оо дүйнөгө узап кетишкен», — деп жазат дагы башка бирөө.

Мындан башка да толтура комментарийлерди табууга болот. Алардын бардыгында УОБдун дарыгерлеринин оройлугу, ач көздүктөрү, бардыгы тең эле кымбат баалуу автоунааларда жүрүшөөрү жазылат. Ошондой эле оорулуулар ооруканага келгенде аларды катоого алуу да өтө узак убакытты талап кылары айтылат.

«Калбыры бар» талапкерлер

Болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдыга озуп келди деп эсептелинген Бактыгүл Султангазиевадан баштайлы. Ал буга чейин башкы директордун милдетин аткаруучу болуп келгенин жогоруда жаздык. Эске сала кетсек Султангазиева 2014-жылы УОБдун башкы дарыгерлигинен айдалып кеткен. Аны менен кошо балдар бөлүмүнүн башчысы Дамира Байзакова да айдалган. Буга себеп – алардын үстүнөн онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын ата-энелери тарабынан коюлган айыптоолор болгон. Тактап айтсак алар ооруканадан өлүмгө дуушар болгон балдардын оорусунун тарыхын (история болезни) жашырып коюшкан, андыктан алардын эмне себептен өлгөнүнү такталбаган боюнча калган. Були ш боюнча узакка созулган соттук териштирүүлөр болгон. Аягында ал кайрадан мурдагы башкы дарыгерлик кызматына келген. Анан эле кайрадан УОБдун директорлук кызматына келип калып жатпайбы…

Накен Касиев аксакалды тааныбагандар аз болсо керек. Ал убагында саламаттыкты сактоо министри, мамкатчы, Ош облусунун губернатору да болгон. Албетте Акаевдин доорунда. Анан 2009-жылы аны УОБдун башкы директорлук кызматына дайындашкан. Бул кызматка дайындоо жана УОБдогу ишмердүүлүгү дайыма талаш-тартыштар менен коштолуп келди. Бирде аны кызматтан бошотуп салышса, бирде кайра дайындап атышты. Мындай көрүнүштү ал өзү «мага министр кысым кылууда» деп бирде айтса, бирде «жашым өйдөлөгөнү себеп болду» деп атты. Ал эми борбордун дарыгерлери аны имаратты оңдоо-түзөө иштерине багытталган грантты жеп алды деп айыптап чыгышкан. Айтылган кептерге караганда ал дарыгерлерди оңдоо-түзөө иштерин жасоого милдеттендирип койгон. Дарыгерлер болсо албетте мындай милдетти оорулууларга жүктөгөн.

Мукаш Бейшембаев аттуу талапкер да убагында УОБду (2013-жылы) жетектеп калганы бар. Ал бул кызматтан анын дарыгерлик катачылыгынан улам 63 жаштагы аял сүйлөө мүмкүнчүлүгүн жоготкон деген айып менен бошотулган. Дал ушул Мукаш мырза директорлук кылып турганда 25 жаштагы кыздын эмчегин экспертизаны күтүшпөстөн эле алып салышкан. Мындан башка да толтура айыптоолор бар. Анын баарын кезеги келсе санап деле беребиз.

Турусбек Абдылдаев аттуу талапкердин да артынан түрдүү кептер ээрчип калган. Өткөн жылы рак оорусунан каза тапкан 26 жаштагы жигиттин апасы аны кызматына көңүл кош мамилеси жана оройлугу үчүн айыптаган. Тактап айтсак Абдылдаев ал балага клиникада орун жок деген себеп менен химиотерапия жасоодон баш тарткан. Жигит Алматыга барып ал жактан анализдерин тапшырып, диагнозун аныктоого жетишкен, бирок көп узабай оорусунан улам каза тапкан.

Мына ушундай таржымалдары бар талапкерлер менен УОБду оңдоого болобу? Бардыгынын көздөрүнө акчанын гана сүрөтү тартылып калганын жакшы билип калдык. Алар үчүн оорулуунун абалы эмес, чөнтөгүнүн калыңдыгы кызык. Эгерде мына ушул талапкерлерге УОБдун тагдырын дагы деле бере берсек, анда онкологиялык оорулардан айыгып, ден сак адамдардын катарына кошулгандар тууралуу деги эле угушубуз мүмкүн эмес.

баннер C
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий