2339
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

Оппозициянын беткабы сыйрылганда: таарынгандар, ушакчылар, позициясы жоктордун биримдигин кандай атайлы?

Оппозициянын беткабы сыйрылганда: таарынгандар, ушакчылар, позициясы жоктордун  биримдигин кандай атайлы?

Кыргызстандын сырткы күчтөрдөн, эл аралык уюмдардан көз карандылыгын жоюу, республикабыздагы бийлик бутактарынын балансын күчтөнтүү, толук кандуу парламенттик башкаруу системасына өтүү максатында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси көтөрүлүп атканы маалым. Бирок, айрым оппозиция жээгиндегилер, батыштан каржыланган бейөкмөтчүлөр, бийликке таарынычы барлар бул аракетке каршы чыгышууда. Алар үчүн Кыргызстандын көз карандысыздыгынан дагы бийлик кумары, батыштан агылган «жашылбайлар» өзгөчө маанилүү болуп жаткансыйт. Мына ушундай принципти карманып аткандар кимдер? Алардын ар биринин таржымалына кыскача токтоло кетүүнү эп көрүп турабыз.

«Көп аял алгысы келген» Марат Кайыпов

Мына ушундай демилгеси менен Марат Кайыпов убагында катуу «дүң» эткени эсибизде. Ал убакта Курманбек Бакиевдин доору күчүндө болуп, Марат мырза юстиция министрлигин чеңгелдеп турган убак эле. Анан эле капыл-тапылынан ал «эки аял алууну мыйзамдаштыруу керек» деп чыкпады беле? «Жылкы теппей, жылан чакпай» буга эмне болду деп турсак, көрсө кептин бардыгы «кошоматка кой союуда» жатыптыр. Ал Бакиевдердин аны бакыйган министр кылып дайындап койгон «эмгегин» актоо үчүн Курманбек Бакиевдин экинчи аялын мыйзамдаштырып бергиси келген тура. Бирок, коомчулук бул сунушту колдоого албай, тескерисинче Кайыповду «кабыргасын кайыштыра» тепкилешкен. Анан «кожоюну» Курманбек Бакиев Минскиге качып кеткенден кийин андай демилгесин экинчи сунуштабай калды.

Дагы бир кызык жагдай бар. Ал убагында Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө ат салышкан. Ошол ат салышууда анын «бойдок» экени ачыкка чыгып калып атпайбы? Анан албетте суроолор жаайт эмеспи: «Сиз бойдоксузбу?» деген. Ага Кайыпов: «Паспортту 2006-жылы алмаштыргам. 2009-жылы үйлөнгөм, ошону менен «бойдок» болуп калдым» деп жооп берип атпайбы. Ошондо Марат мырза 49 жашында биринчи жолу үйлөнгөн болобу? Андай болсо анын ага чейинки төрт баласы кандайча жарык дүйнөгө келип калган болот? Же экинчи жолу төшөк жаңырткан болобу? Балким эки аял алуу демилгесин да ушул 2009-жыл үчүн атайылап алдын-ала сунуштап чыккандыр? Мындан башка Марат Кайыповдун эл үчүн жасаган бир эмгеги эсибизде жок. Анан минтип Конституцияны өзгөртүүгө негизи жок эле каршы чыгып атканын кандай түшүнөлү? Же жаңы өзгөртүүлөрдүн арасына «эки аял алууга уруксат» деген жагдайды да кошуп коелубу?

Тилинен чалынып эле басып жүрүүчү Адахан Мадумаров

«Менин тынбай сүйлөй алганым – башкы байлыгым» деп өзү да мактана коюучу Адахан Мадумаровду кимдер таныбайт. Аны биз 2005-жылга чейин акыйкаттыктан кайтпаган, адилетсиздикти аласалдыра тебүүгө да даяр айланган тоонун бүркүтү деп адашып жүрүптүрбүз. Көрсө ал «күн тийген жердин күкүгү» эле экен. Бакиевдердин бийликке келиши менен Мадумаровдун да күнү тууп, спикерлик, вице-премьерлик, мамкатчылык сыяктуу үлкөн кызматтарды аркалады. Бирок, «жаңгак жыгачы» менен кабинеттерди жасалгалоо чырынан башка эл үчүн иш жасай алган жок. Мурдагы чындык дегенде чыркырап жиберүүчү Мадумаров заматта өтө тажрыйбалуу кошоматчы болуп чыга келди.

Анын мындай «зор таланты» бар экенин Жаныш Бакиевдин 50 жылдык юбилейинде көргөнбүз. Бул юбилейди «Жылдын ыры» (Песня года) программасынын белгилүү алып баруучусу Евгений Меньшов алып барганы эсибизде. Ошондо сөз кезегин алган Мадумаров мындайча тилин «безеген» эле:

«– Менин оюмча, Евгений Меньшов кайда болсо, ал жакта «Жылдын ыры» уланат. Улуу эпопея, улуу тарых, улуу советтик маданият – бүгүн бардыгы Жаныш Салиевичке арналат! Бул – өтө чоң байлык! Мен сизге суктанып турам. Кимдин туулган күнүндө, юбилейинде Советтер Союзунун «Жылдын ыры» болду эле? Бул демек- бардык ошол улуу тарых бүгүнкү юбиляр Жаныш Салиевичке арналып атканын түшүндүрөт. Бул сиздин чексиз бай, бактылуу адам экениңизди билдирет. Эң башкысы, прологдо айтылгандай – ата мекенге арналган жашоо! Мекенди коргоо – деген кесип бар. Өз жарандарын коргоо деген кесип бар…». Мына ушундайча «куйругун шыйпаңдата», андан соң Жаныш Бакиевдин колуна камчы карматып, башына суусар тебетей кийгизип, ийнине кымбат баалуу улуттук чапанды жапкан. Анан: «Сиз бул камчыны колдонгон сайын мурдагыдай эле ийгиликтерди алып келип турсун… Эмне жөнүндө айтып жатам, сиз жакшы түшүндүңүз, Сиз бийликти бекем кармаңыз, мен ар дайым жаныңызда болом» деген кыйытып. Ошентип ал Бакиевдердин бийлигинин кызыл камчы болушуна салым кошкон.

Анан дагы анын чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештерибизди «жалкоо, алар өз жеринде жер иштеткиси келбей, сыртта жүрүшөт» деп сындаганын билебиз. Тескерисинче ошол мигранттар республикабызга акча миллиондогон каражаттарды которуп атканын негедир айткысы келбеген.

Анан дагы ал 2005-жылы вице-премьер болуп турганда кримавторитет, маркум Рыспек Акматбаевге сылыктык визиткасын жөнөткөн. Кийин өзүнүн кабинетинде атылып кеткен Акматбаевдин туугандарын кабыл алганын да жакшы билебиз. Демек ал кримчөйрө менен байланышы болгон.

Ошол убакта өз элинин эркиндигин уурдаган, элди малдай көрүп калган Бакиевдик бийликке өйдө карай албаган Адахан мырза эми минтип бүгүнкү бийликке кандай болгон күндө да каршы чыгуу аракети менен алек.

Наркотрафика менен шугулданган Эркин Бөлөкбаев

Бул казак улутундагы эренибиз да учурда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүлөргө каршы чыгууда. Мындайларды элибиз «жүргөн жеринде чөп чыкпайт» деп коет. Эл көзүнө апакай болуп көрүнүп, ар кандай маселелерди талылуу жеринен кармап аткнадай түр көрсөтүү менен алектенген Эркин Бөлөкбаевдин наркотрафикага байланышы бар экендиги мындан 2-3 жыл мурун эле билинген.

2014-жылдын 11-октябрында «Жашылдар» партиясынын мүчөсү, Эркин Бөлөкбаевдин жардамчысы Тилек Сыдыков аттуу 28 жаштагы Сокулук районунун жашоочусу укук коргоо кызматкерлери тарабынан 2 кг 387 гр героин менен кармалган. Ага чейин 2013-жылы кыргызказак чек арасынан өзгөчө чоң көлөмдө наркотикалык зат өткөзүп жатып Алматы шаарында Эркин Бөлөкбаевдин бир тууганы Орумхан жана белгисиз КР жараны Шералы Тыналиев кармалган. Алар Кыргызстандан Казакстанга 14 кг героин өткөзүп кетишкен жана аны сатууга аракет жасашкан. Ошол эле жылы алар Алматы соту аркылуу 16 жана 18 жылга эркинен ажыратылышкан.

Ушундай чуулгандуу иштерге байланышы бар адамдын саясатта жүргөнүнүн өзү туура эмес болсо керек…

Кызматтык абалы менен «Мегаком» чырына таасир эткиси келген К. Байболов

Эбиреп көп сүйлөгөнү менен адамдын көңүлүн бурбай эле уйкусун келтирип жиберүүчү Кубатбек Байболов да Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандардын катарына барып кошулуп алганы кызык. «Таза болуш керек» деп көп сүйлөйт, бирок өзү Баш прокурор болуп турганда «Мегаком» чырына аралашып калганын жаап-жашыргысы келет. Чыныгы авторитардык-үй-бүлөлүк кандуу режимдин кандай болгонун башкалары сезбесе да дал ушул саясатчы жакшы билиши керек эле. Себеби ал Бакиевдин бийлигинен кысым жеп океандын ары жагына качууга аргасыз болгондордун бири эле. Ошол убактысын унутуп, эми бүгүнкү бийликтин чыныгы демократиялык башкаруусун сынга алып жатканына жол болсун демекчибиз.

Кызматта турса чындыкты көзү көрбөгөн Н. Айып жана «наркоман», «псих» Н. Токтакунов

Нарын Айып журналист аксакалыбызды акыйкаттык үчүн айта кетели, башында дурус журналисттердин катарын толуктачу. «Азаттыкта» иштеп турганда калеми курч эле. Ошол убакта Бакиевдердин бийлигин конкреттүү фактылар менен сындаган макаласы да жарыяланганы бар. Бирок, ошондон көп узабай эле ал «Кабар» улуттук маалымат агенттигине директор болуп келип, андан ары Бакиевдердин үй-бүлөлүк режимин сындоодон калган. Анын бул кызматка келишине салымын кошкон ошол убактагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун буйрутма өлүмгө туш болгонуна да кейип койгон эмес. Бул өлүм тууралуу деги эле ооз ачып койгон жок. Эгерде ал чындыкты баарынан жогору койгон журналист болгондо «Кабардын» директорлук кызматын таштап, Бакиевдердин кандуу режимин сынга алып чыгат эле.

Кийин өкмөттүн үстүнөн ЦАРИИ деп аталган дагы бир өкмөт түзүлүп, анын башына Максим Бакиев келип аткнада да бир үн катып койбоду. Тескерисинче 2010-жылдын апрель айына чейин ошол кандуу бийликтин маалымат саясатын жүргүзүп келди. Апрель революциясынан кийин деле төрт жылдай КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасынын продюссер болуп иштеди. Ал убакта азыркы бийликтин ишмердүүлүгү ага жагып эле келаткан. Качан гана кызматтан ыргып кеткенден кийин оппозиция болуп чыга келбедиби?

Ал эми Нурбек Токтакунов аттуу бейөкмөтчүнүн наркотикалык затты колдоно турганын, алтургай психикалык жактан да оорулуу экенин буга чейин эле маалымат булактары далай жолу жазышкан.

Мына ушундай позициясы жок, туруксуз, бүгүн бирди, эртеси башканы сүйлөй берген саясатчы, журналист, бейөкмөтчүлөрдүн биригип алып Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине каршы чыгып атканын кандай баалайсыз, окурман?..

Балдар бакчаларын менчикке саткан Р. Жээнбеков, М. Бакиевден «президент жасагысы» келген Б. Наргозуев

Ушу Равшан Жээнбеков аттуу «бабырак» мекенди сүйүү деген патриоттук сезимден таптакыр куру жалак калганын жашыра албай деле калды окшойт. Куу түлкүдөй тымызын мыйыгынан жылмайып алып эле батыштын саясатын жүргүзүп келет. Анын өз мамлекетине таза нээтинен иштеп бербей тургандыгы башынан эле билинген болчу. Тактап айтсак, Акаевдин доорунда эң жаш министр аталып, Маммүлктү жетектеп турган эле. Ошондо 342 мамлекеттик обьектини текейден арзан баада пулдап жиберген. Алардын арасында жаш балдарды тарбиялай турган балдар бакчаларынын имараттары да көп болчу. Элибиздин келечек муунуна ал ушундайча залакасын тийгизген.

Ал эми Бегалы Наргозуев аттуу «ушакчы» агабыздын таржымалы баарыбызга беш манжадай тааныш. Башкасын айтпаганда да Бакиевдердин бийлигинин колтугуна жашынып, «Ак жол» партиясы менен парламентке келген. Анан Максим Бакиевден «президент жасоо» аракетине өткөн. Ал мезгилдүү басылмалардын бирине курган маегинде Максимчикти аябай мактап төмөндөгүдөй пикирин айтканы бар: «Максим Курманбековичтин бийликти мураска алайын деген ою болсо, биздин чакырылышта деле “Акжол” аркылуу депутаттыкка өтмөк да. Эгерде сиз айткан амбициясы болсо, анда депутаттыкка шайланып, төрага болгонго деле умтулмак да. Бирок, менин жеке баамымда бул жигит коомчулукка уюштуруучулук, башкаруучулук жөндөмүн көрсөткөнгө аракет кылууда. А келечекте Максим Курманбековичти эл шайлап, президент болсо, мен мындан туура эмес жагдайды көрбөйм. Анан эми сиз айткандай түптүз эле мураскер жолго бараткан жок да. Барса да шайлоо жолу менен барат деп ойлойм…» деген. Мына ушундан эле анын жеткен кошоматчы экенин жана Бакиевдер элди эзип атканын өз убагында сезбегенин айгинелеп турат.

Өткөн жылы эле Конституцияны өзгөртүү керек деп жүргөн С. Жапаровго не болду?

Бир тууганынын ден-соолугун шылтоолоп чет мамлекетке чыгып кеткен боюнча кайтып келелек Садыр Жапаров да Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандардын катарында. Ал азыр «Эгерде Конституцияны өзгөртсөк мамлекет талкаланат» деп катуу кыйкырууда.

Эми анын мындан бир жыл мурун эле кандайча кыйкырып жүргөнүн мисалга тарталы. «Бул Конституцияны толугу менен өзгөртүш керек. Төрт жылдан бери карай мен өзүмдүн элге кайрылуумда бул тууралуу айтып келем. Бул Конституция мамлекетти жок кылат. Бул Конституцияда бир дагы жетекчи жоопкерчилик тартпайт», «Учурдагы системада өкмөт эч качан толук кандуу болбойт. Себеби өкмөт президенттен гана эмес, парламенттен да көз каранды. Өкмөттүн колу-буту байланып калган» деген пикирлерди айтып келген. Ошондо биз кайсыл Садырга ишенебиз. «Конституцияны өзгөртсөк мамлекет талкаланат» дегенби, же «Конституцияны өзгөртпөсөк мамлекет талкаланат» дегенби?

Поделиться

Написать комментарий